Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Иракта чоң террордук чабуул болду


Террордук жардыруу аскер кызматына кириш үчүн документ тапшырганы кезекте турган адамдардын арасында болду
Террордук жардыруу аскер кызматына кириш үчүн документ тапшырганы кезекте турган адамдардын арасында болду

Террордук чабуул бүгүн таңкы сааттарда Багдаддагы аскерге алуу борборунда болду. Расмий маалыматка караганда, кеминде 47 киши набыт болуп, жүздөн ашууну жараат алды. Иракта бир нече айдан бери коалициялык өкмөт куралбай, парламенттик шайлоодон бери зордук-зобундар көбөйгөн. Бирок бүгүнкү жардыруу соңку айлардагы эң кандуу окуя болуп калды.

Белине бомба байлап алган жанкечти ошол жерде аскер кызматына кириш үчүн документтерин тапшырганы кезекте топтолуп турган элдин арасына барып, өзүн-өзү жардырып жиберген. Бул жардыруу өлкөдөгү акыркы окуялардын ичинен эң катаалы жана кандуусу болуп калды.

Жардыруудан жарат алгандардын бири Салех Азиз Reuters маалымат агенттигине мындай деди.

«Биз Ал-Мидан деген жерде турган элек. Жардыруу так аскердик кызматкерлер бизди тизмеге киргизип аткан кезде болду», - деди ооруканада жаткан Салех Азиз.

Чабуулдан кийин АКШнын бир канча тик учактары ошол жерде айланып жүрдү. Ирактын аскерлери аянтты курчоого алып, окуяда жакындарын жоготкондордун жаалданган туугандарын өткөрбөй жатышты.

Ирактын аскер күчтөрүнүн расмий өкүлү, генерал-майор Кассим ал-Муссави бул трагедияга Ал-Кайиданы жооптуу деп айыптады.

Бул окуя Ирак үчүн өтө оор учурда болду. Анткени бул айдын соңунда Америка Кошмо Штаттары өздөрүнүн аскерлерин чыгарып кетип, өлкөдөгү коопсуздук масалелерин толугу менен Ирактын бийлигине өткөрүп бермек. Эми болсо жардыруу Ирактын саясий лидерлери коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз бере албай турганын көрсөттү. Беш ай мурун өткөн улуттук шайлоодон бери өлкөдө өкмөт да курала элек. Ички саясий проблемалар дагы эле көп.

Өлкөдөгү «Иракия» партиялык блоктун жетекчиси мурунку премьер-министр Айяд Алави азыркы премьер жана «Мыйзамдуулуктун өлкөсү» деп аталган бирикмесинин лидери Нури ал-Малики менен коалиция түзүүдөн баш таркан.

Мындан мурун теле-берүүнүн биринде Малики мырза «Иракия» блогун «улуттук уюм эмес, сунни бирикмеси» деп мүнөздөгөн. Ошондон бери «Иракия» андан кечирим сурасын деп талап кылууда.

АКШнын Ирактан чыгып кетиши дагы өзгөчө маанилүү фактор. 1-сентябрга жакын америкалык аскерлердин саны 50 миңге чейин азаят. Калган америкалык аскерлердин бири да мурункудай анти-террордук аракеттерге катышпайт. АКШ 2011-жылдын аягында аскерлерин толугу менен чыгарып кетмекчи.

Айрым серепчилер «акыркы террордук чабуул ушул эки окуя менен тыгыз байланышта» деп белгилейт. Анткени террорчулар өлкөдөгү туруксуз кырдаалды, жергиликтүү бийликтин чабалдыгын пайдаланып жатышат.

Ал эми АКШнын Коопсуздук министрлигинин жардамчысы Колин Кахл Вашингтондон «Рейтерс» менен курган маегинде «Ирактагы кырдаал жалпысынан алганда бир топ жакшырды» деп айтты. Анын айтымында, ал жактагы жети жылдык согуштун алкагында акыркы террордук чабуулдардын саны баары бир азайып эле калды.

XS
SM
MD
LG