Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Ашура майрамы шийилер менен суннийлерди ынтымакка чакырат


7-январда шийи мусулмандар Ашура майрамын белгилешти. Иракта, Иранда жана башка өлкөлөрдө жашаган шийилердин бир тобу Ирактын Кербала шаарына келип, Мухаммед пайгамбардын 680-жылы курман болгон небереси Имам Хусейиндин арбагына сыйынышты.

Бул жылы Ашура майрамы зордук-зомбулук менен коштолду: жекшембиде Багдаддын чет жакасында бир жанкечти өзүн жардырып жиберип, аны менен кошо болжол менен 35ке жакын шийи набыт болду.

4-январда бир жанкечтинин жардыруусунан Багдаддын чет жакасындагы имам Муса ал-Хадимдин ыйык жайына барчу жол бузулду. Бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик албаганы менен, буга сунний террорчулардын тийешеси болгону жоромолдонууда.

Имам Хусейин (кыргызча – Үсөйүн) Мухаммед пайгамдардын жээни (төртүнчү такыба халиф Али менен Мухаммаддын кызы Фатиманын уулу). Ал биздин доордун 680-жылы суннийлер менен шийилерге ажырымдала баштаган мусулмандардын ич ара куралдуу күрөшү маалында азыркы Ирактын аймагындагы Кербала деген шаардын алдында курман болгон. Ошондон кийин Хусейинге жан тарткан шийилер менен сунний мусулмандар ортосунда ажырым ого бетер күчөгөн.

Кербалага келген жүз миңдеген зыяратчылар ыйык туткан имамын эскерип, өздөрүнүн денесин кан чыкканча камчылап, добулбастардын коштоосу менен ураан чакырышат.

Теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзубраимов: “Жалпы мусулман өлкөлөрүндөгү бир майрам деп айтууга болбойт. Ошол күнү жасала турган даамдуу тамакты "ашуре" деп коюшат. Бул тамактын тарыхы мындай: дүйнөнү суу каптаганда Нух пайгамбар бардык жаныбарларды жуп-жуптан кылып, буудай-арпадан дагы өзүнүн кемесине салып алат. Суу кеткенден кийин кеме тоонун чокусуна келет. Анан Нух пайгамбар бардык жаныбарлар менен кемеден чыгып, буудай, арпа ноокот жана башкаларды аралаштырып, өзүнчө бир абдан даамдуу тамак жасайт.

Мусулман жыл саноосу боюнча Ашуре Мухаррем айында белгиленет. Азыр биз жашап жаткан ай Мухаррем деп аталат. Бул арап өлкөлөрүндө, Түркияда, Азербайжанда дагы белгиленет.

Иракта шийилер 10 Мухаррем күнү алардын руханий лидери деп коебуз, же Азирети Али Сахабанын небереси Үсөйүндүн Кербалада башы алынган күндү белгилешет. Шийилер ушул күнү ашуре тамагын эмес, халва жасоо салтка айланган. Сунний жамаатында ашуре тамагы жасалат.

Шийилерде өздөрүн уруп, бети-башын канжалаткан жөрөлгөлөрү бар. Шийи жамаатын - тобоо келтиргендер жамааты деп айтышат. Халифанын доорунда Азирети Үсөйүндүн башы алынат. Азыркы шийилер Үсөйүндүн башы алынып жатканда биз жанында болбой калдык, жардам бере албай калганбыз деген мааниде өкүнүчүн билдирип, азыр жылдын бир күнүндө өздөрүн уруп-сабашат. Бул жөрөлгө шийилерге гана таандык.

Сунний мусулмандар менен шийилердин бөлүнүп кетишине бир гана Кербалада Үсөйүндүн башынын алынышы эле себеп болду деген туура эмес. Буга чейин эле Мухаммед пайгамбар дүйнөдөн өткөндөн кийин эле араб урууларынын ортосунда араздашуу башталган”, дейт Бакыт Мурзубраимов.

Шийилер өз жөрөлгөсүн жасоодон коркпой калышты


Хажжа умм Латиф айым – Кербалага кетчү жолдо зыяратчылар үчүн тамак жасайт. Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Ирак кызматына берген маегинде Хажжа умм Латиф айым сунний Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин шийи мусулмандардын жашоо шарттары оңоло баштаганын айтат:

- Жыл сайын мен имам Хусейнди эскерип келгендерге тамак жасап, сулу акшагын таратам. Кудайга шүгүр, биз күрүч менен эт даярдайбыз. Биз бул тамактарды жасай алабыз. Биз муну мурда дагы жасачубуз, бирок эч кимге көрсөтчү эмеспиз. Биз коркчубуз.

Эми шийилер өз жөрөлгөсүн жасоодон коркпой калышты. Эки жыл мурда профессор адис Вали Наср мырза бул аймакта суннийлер менен шийилердин өз ара кырчылдашы башталат ко деген кооптонуусун билдирген эле. Бирок өлкөдөгү суннийлер менен шийилер жалпысынан ынтымакка келишти.

Сауд Арапстанда төрөлгөн антрополог жана саясат таануучу Май Йемени айым буларды айтат:

- Бир кызык өзгөрүү байкалууда: өзгөчө Газа тилкесиндеги жаңжалдан соң, шийи болобу, сунний болобу, айтор, бардык эле исламчылар АКШнын өнөктөштөрү деп саналган байистүү режимдерге каршы баш кошушту.

Газа тилкесиндеги дүрбөлөңдүү окуялар 28-декабрда Хамас тобу Израил менен убактылуу элдешүү мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан кийин башталган.

Иран президенти М.Ахмадинежад аймактагы кырдаалдан пайдаланды


Саддам Хусейндин режими кулагандан кийин Ирак өкмөтүн негизинен калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийилер көзөмөлдөп калды. Шийи өкмөтү бийлеген Ирандын да Иракка таасири артты. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад аймактагы бул кырдаалдан пайдаланып, Ливанда шийилердин Хезболла уюмунун, Газа тилкесинде болсо суннийлердин Хамас тобунун таасирин арттырууда чоң рол ойноду.

2005-жылы Ахмадинежад “Израил дүйнө картасынан өчүрүлүшү керек” деген билдирүүсү менен Батыш өлкөлөрүнүн үрөйүн учурду. Ахмадинежаддын режими Иранда уламдан-улам калайык колдоосунан ажырап баратканына карабастан, расмий Тегеран Палестинанын суннийлик исламчы кыймылын жактап, араб өлкөлөрүндөгү көпчүлүк мусулмандардын алкоосуна арзып келет.

Ошондой эле окуя ливандык Хезболла уюму менен дагы болду. Иран колдогон Хезболла Ливанда олуттуу таасирге ээ болуп, өкмөттүн бир бөлүгүн түздү.

Йосси Мекелберг – Лондондогу израилдик серепчи. Анын айтымында, Иран аймакта будуң-чаң уюштура алды:

- Радикал исламчыларды Батыштын таасирине кыжырдангандар, аймакта Ислам фундаментализмин орнотууну каалагандар, Египет, Ливия же Иорданиядагыдай диктатуранын орношун каалагандар колдошот. Бул – олуттуу ката.

Газа тилкесиндеги кризис Египеттин президенти Хосни Мубаракка дагы таасирин тийгизди. Израилдин “Хаарец” гезити өткөн аптада Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууда Хосни Мубарак “Израил Хамасты жеңиши керек” деп айтканын жазып чыкты. 6-январда Египет муну четке какты. Хезболланын лидери Хасан Насралла болсо Мубаракты Израилдин шериги деп атады.

Серепчи Йеменинин айтымында, ушул тапта миңдеген мусулмандар Хамаска колдоосун билдиришүүдө:

- Бүгүн “Ал-Жазира” сыналгысы тынымсыз көрсөтүп жаткан бардык демонстрациялардан адамдар шийилердин Хезболла, суннийлердин Хамас, суннийлердин Мусулмандар боордоштугу уюмунун ортосундагы айырманы байкабай калгандай. Бул адамдар басып алуучуларга жана аларга каршы такаат кыла албаган араб режимдерине каршы көтөрүлүп жатышат. Адамдар алардын аймактан кетишин талап кылышууда.

7-январда шийи мусулмандар Ашура майрамын белгилеп жаткан чакта алардын бир канча кылымдан берки суннийлер менен араздашуулары көз ачып жумгуча эстен чыгарылбай тургандыгы да айкын. Бирок түшүнүшүү жана жаңыча көз караш үчүн жаңы доор азыркы ар бир коомго келбей койбостугу да айдан ачык эмеспи.

Жакынкы Чыгыш: Ашура майрамы
XS
SM
MD
LG