Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Кабулдагы элчиликте болгон тартип бузуу иликтенет


15-августта АКШнын Кабулдагы элчилиги жанында жарылган бомба 7 кишинин өмүрүн кыйды.
15-августта АКШнын Кабулдагы элчилиги жанында жарылган бомба 7 кишинин өмүрүн кыйды.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кабулдагы элчиликте орун алган тартип бузуу фактыларын иликтөөгө буйрук берди.

Айрым кабарларга караганда, элчиликти кайтарган күзөтчүлөр имаратта арак-шарап ичип, мас болуп, бейбаштык кылышкан.

Жарым-жарты жылаңачтанган аскерлер оттун айланасында бийлеп, башкалары заара ушатып, үчүнчүлөрү мунун баарын сүрөткө тартып жатышат. Дагы бир тасмада болсо жумушка жаңы алынган күзөтчүнүн үстүнө бөтөлкөдөн арак куюп, аны ичүүгө аракеттенишүүдө. АКШнын Кабулдагы элчилигинде тартылган ушундай кадрлар үстүбүздөгү жумада дүйнөнүн булуң-бурчунда көрсөтүлдү.

Тасма жана сүрөттөр Өкмөттүн ишине көз салуу долбоору деп аталган көз карандысыз тобунун отчетуна камтылган. Документ жакында АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонго жиберилди.

Уюм электрондук кат, сүрөт, видеотасма жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, Ооганстандагы элчиликти кайтарган менчик компаниянын иши талапка жооп бербейт жана элчиликтин, дипломатиялык миссияда иштеген адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудурат деп айыптады.

Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Ян Келли шейшемби күнкү пресс-конференицяда маселеге кайрылып, ал иш териштирилип жатат деди:

- Биз андай шектенүүлөргө абдан олуттуу көңүл буруп жатабыз. Чынында, сөз болгон фирманы башкаруудагы кемчиликтер жөнүндө кабар берген фактылар катталган. Учурда Кабулда да, бул жакта да бир нече иликтөө жүрүп жатат. Анын натыйжасында эффективдүү, тез чара көрүлөт жана өзгөрүүлөр болот деп ишенебиз, - деген Келли Кабулдагы элчилик жакшы корголгонун да белгилей кетти.

АКШнын Ооганстандагы элчилигинде дипломат, техникалык кызматкерлерди жана жергиликтүү кишилерди алганда 1 миңдей киши иштейт. Коопсуздукту камсыздаган күзөтчүлөрдүн 150дөйү америкалыктар же англис тилдүү башка өлкөлөрдүн жарандары. Калган 300 контрактор, Өкмөттүн ишине көз салуу тобунун маалыматына ылайык, Непал, Индия өңдүү өлкөлөрдөн келген.

Уюмдун аткаруучу директору Даниел Брайн америкалык каналадардын бирине берген интервьюсунда жаш аскерлер ыплас иштерге тартылып жатканын белгиледи:

- Жумушка жаңы алынган жаш уландар кызматын өтөп, элчиликти кайтарып жаткан кезде жетекчилигине кантип ишенишет жана аларды кантип урматташат. Командалык структура таптакыр иштебейт. Кандайдыр бир окуя болуп кетсе, бири-биринин өмүрүн коргоо үчүн ортодо ишеним маанай жок.

Кабулдагы элчиликти кайтарган компания 5 жылга түзүлгөн келишимге ылайык, кызматы үчүн 189 миллион доллар алмакчы. Июнда анын келишими эмки жылдын июль айына чейин узартылган.

Мамдепартаменттин өкүлү Келли келишим ошол кездеги маалыматтын негизинде узартылганын айтты.

Өткөн айда АКШнын Кабулдагы элчилиги ракетадан аткыланган. 15-августта болсо имараттын жанында жан кечти бомба жардырып, 7 киши набыт кеткен, 19 киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG