Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

И.Кадырбековдун сотунда күбөлөр суралууда


И.Кадырбековдун соту Бишкектин Ленин райондук сотунда өтүүдө
И.Кадырбековдун соту Бишкектин Ленин райондук сотунда өтүүдө

16-январда Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун соту улантылды.

Бул күнкү сот отурумунда «Жал Артис» компаниясынын жетекчиси, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, Каржы полициясынын тергөөчүсү суралды.

Сотто күбө катары суралган Өзгөчө кырдаалдар министри 2004-жылы Бишкектин Ленин райондук акиминин орунбасары болуп иштеп, Жогорку Кеңештин 105 депутатына жер бөлүп берүү жөнүндөгү парламент, Бишкек шаар башчылыгы менен шаар кеңеш депутаттарынын чечимин аткарганын ырастады. К.Ташиев депутаттарга бөлүнгөн жер участоктору Бишкек шаар башчылыгы менен шаар кеңешинин чечими боюнча такталып бөлүнүп, район бийлиги аны аткарууга милдеттүү экендигин билдирди.

Экинчи бир күбө Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Эрик Жамгырчиев “Айме” жоопкерчилиги чектүү коомго 2003-жылы лицензия мыйзамсыз берилгенин билдирди. Айыпталынып жаткан Ишенбай Кадырбеков эмне үчүн 2003-жылкы лицензия үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 9 айдан бери түрмөдө жатканына түшүнө албастыгын айтты.

Сотто күбө катары суралган “Жал Артис” компаниясынын курулуш иштери боюнча директору Гүлнара Сатыбалдиева Жал кичи районнунда курулуп жаткан 1400 квартиралуу турак-жай комплексинин курулушу мамлекет башчысынын буйругу боюнча чечилгенин, кореялык компания жер салыгын, жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өткөн жылдан бери төлөп келе жатканын ырастады. Г.Сатыбалдиева компанияда негизинен кыргызстандык адистер, жумушчулар иштеп жатканын, курулш 2010-жылы толдук бүткөрүлөрүн маалымдады.

Ишенбай Кадырбековго 8 эпизод боюнча айып коюлган. Анын бири мына ушул “Жал Артис” компаниясына жер бөлүп берип, аны жер салыгынан бошоткондугу болчу. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчисине ошондой эле мыйзамсыз жер бөлдүрүп алган, Кочкор районундагы 5 мектептин курулушу боюнча да айып коюлган. Эки айдан ашуун убакыт созулган соттук териштирүүдө биртоп күбөлөр суралды. Соттун бул күнкү отурумунда күбө катары чакырылган айрым өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле Каржы полициясынын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Ислам Боров иш боюнча көрсөтмө берүүгө келбей жатышканы маалымдалды.

Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси соттун жүрүшү тууралуу: “Сот жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында сот адилет чечеби деген үмүт менен турабыз”, деп билдирди.

Ишенбай Кадырбековдлун адвокаты Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, сот мыйзам чегинде, күбөлөрдү суроо, айып коюучулар менен коргоочулардын атаандаштыгы алдында өтүдө.

- Сот отурyм өзү объективдүү, эч кандай басым болбой өзү туура эле өтүп жатат. Бирок чечим кандай кабыл алынат – кеп ошондо. Сот боюнча айыптоочу деле сот деле объективдүү эле сурак кылып жатат. Ал мыйзамдуу өтүп жатат. Иш жалган фактылар, жалган далилдер менен токулганы билинип, иш ыдырап баратат. Ошол себептүүбү, негедир сотту улам-улам кечеңдетип жатышат. Далил жок.

Соттук териштирүү учурунда 50 жакын күбөлөр суралмакчы. Алардын айрымдары эки ирет көрсөтмө беришти. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчисинин соту улантылууда. И.Кадырбековго Кыргызстандын Каржы полициясы кызматын пайдаланып өзүнө 33 сотук жер участогун бөлдүрүп алган, Кочкордогу беш мектептин курулушуна бюджеттик акчаларды артыкбаш сарптаган, “Жал Артис” компаниясына жер бөлүп берип, аны салыктан бошоткон деп 8 эпизод боюнча айып коюп, аны өткөн жылдын апрелинде камакка алган. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч, суранычтарга азырынча оң жооп бериле элек. Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев сот мыйзам чегинде өтүп жатканын, экс-депутаттын айыптуу-айыптуу эместигин сот гана аныктарын соттук териштирүү башталганда эле билдирген.

XS
SM
MD
LG