Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Косоводо албан-серб ажырымын кантип бүтөсө болот?


НАТО аскерлери албан-серб болуп бөлүнгөн Митровицеде кайгуулда, 27-апрел, 2009-жыл
НАТО аскерлери албан-серб болуп бөлүнгөн Митровицеде кайгуулда, 27-апрел, 2009-жыл

Ушул дүйшөмбүдө Косовонун түндүгүндө тополоң чыгып, Европа биримдигинин полициясы жүздөгөн сербдерди көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталар менен кууп таркатты. Косоволук сербдер алар жашаган аймактарга косоволук албандарга жаңы турак-жайдын курулушуна нааразы болушууда. Былтыр көз карандысыздык алган Косоводо улуттар аралык араздашуу токтобой жаткан ушул чакта Нью-Йорктогу Колумбия университетинде Косоводогу кырдаал талкууланды.

АКШда жайгашкан Улуттарды изилдөө биримдиги Косовонун суверендүүлүгүнүн бир жылдыгы талкуулады. Үч бөлөк комитет чогуу өткөргөн жыйында талкуу кызуу болуп, абалдан чыгуунун жолу жөнөкөй эмес экендиги айгине болду.

Приштина өкмөтү Косовонун түндүгүндө басымдуулук кылган серб азчылыгы менен кандай мамиле түзүшү керек деген маселеде катышуучулар карама-каршы пикирде болушту.

Косово тууралуу көп жазган серб аналитиги Небойся Владиславовичтин пикиринде, 1995-жылы Босния-Герцеговинада бийликти сербдер, хорваттар, мусулмандар арасында үчкө бөлгөн Дейтон келишимине окшош макулдашуу Косового ылайык болмок:

– Аймактык олуттуу талаштарды чечиш керек. Жок болуп кетүү коркунучуна туш келген азчылык радикалдуу автономияга муктаж. Ошол эле мезгилде улуттар суверендүүлүгү кайсы бир деңгээлде бир биринен көз каранды болууга тийиш. Ошондуктан, мен Босния-Дейтон моделин азыркы Косового карата колдонууга болот деп жатам. Анткени ал азчылыкка коопсуздукту, өзүн өзү башкарууну жана Сербия менен кеңири байланыштарды камсыздайт. Ошол эле убакта сербдер менен албандардын ортосунда бийлик бөлүшүү да болот.

Башкалар формалдуу бөлүнүүнү туура деп айтышты. Мындай бөлүнүүдө косоволук сербдердин 90 пайызы жашаган түндүк Косово Сербияга кошулса, Косовонун калган бөлүгү тынчып, жумуриятты балким Сербия кош колдоп таанымак. Бирок Нью-Йорк университетинин саясий илимдер профессору Шинаси Раманын көз карашында, мындай бөлүнүү бүткүл Балкан аймагын бейстабилдештириши ыктымал.

Косоводогу улуттар аралык араздашуу бир жөн, мында жакырчылык өтө олуттуу көйгөй. Жумушка жарамдуу калктын 45 пайызы ишсиз, өз жанын өзү кыйгандар көп, кылмыштуулук, коррупция кеңири тамыр жайган, таштандыларды чогултуу сыяктуу жергиликтүү кызматтар токтоп, жолдордун боюнда акыр-чикир додолоп жатат.

Мындай тышкары, улуттук азчылык катары сербдер айрым бейрасмий артыкчылыктардан пайдаланып келишет. Мисалы жүздөгөн албандар карыздарын төлөй албай, аларга электр кубаты берилбейт, бирок бир нече жылдардан бери акы төлөбөгөн себрдердин жарыгы өчүрүлгөн эмес. Же болбосо, Косовонун полиция кызматына кирип алып, бирок айлап-жылдап ишке чыкпаган сербдер бар, бирок аларга ай сайын 200 евродон айлык төлөнүп келатат.

«Мындай кырдаал, - дейт Косоводо Бириккен Улуттардын кеңешчиси жана кабарчы болуп иштеген Анна Ди Леллио, - көптөгөн косоволук албандардын арасында өз өкмөтүнө терең ишенбөөчүлүктү жаратууда».

Анын пикиринде, көпчүлүк азчылыкка атайын артыкчылык берилет деген сезимде болсо, бул кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн:

- Эгер азчылык нааразы болсо, биз алардын маселесин чечишибиз мүмкүн. Бирок эгер көпчүлүк нааразы болсо, бул азчылык үчүн коркунуч туудурат. Ошондуктан, мен серб азчылыгынан көңүлүм тынбай жатат. Косоводо сербдер гана ишке чыкпай коюп, айлык алып жатышат. Анан албандар «бул сербдердин эмнеси артык» деп ойлошоору турулуу.

XS
SM
MD
LG