Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:51

Акыйкатчы чет мамлекеттердеги абактарда камалган кыргызстандыктарды кайтарып алуу маселесине жакшы көңүл бурулбай жатканын билдирүүдө.

Моcквада карактоого шектелип, беш жылга кесилген, 25 жаштагы мигрант жигит жалган жалаанын курмандыгы болгонун билдирүүдө. Анын айтуусунда, бир тууганы экөө жумуштан келе жаткан маалда укук коргоо кызматкерлерине кабылып, жок жерден жасабаган кылмыш үчүн айыпталып, темир тордун артына түшкөн. Телефон аркылуу ал-абалы туурасында айтып берген мигрант жигит дагы бир жерден зыяны тийип калбасын деп өз атын атабай эле коюуну өтүндү. Анткени бүгүнкү күндө анын жакындары болгон далилдерди чогултуп алып, аларды чыгарып алуунун аракетин көрүп жатышат.

- Мен сенин мойнуңа ушундай берене илем, сен ошондо бир эле жыл отурасың дейт. Эгер мойнуңа албасаң, анда мен сени 15 жылга олтургузам, буга кепилдик берем дейт. Анан мен кылбаган күнөөнү эмнеге мойнума алам десем сабашты. Бир аздан кийин колума кишен салып, отургузуп алып урушту. Башка бөлмөдө инимди дагы уруп жатканы угулуп жатты. Тийбегиле деп кыйкырып жаттым. Анан бир кезде тергөөчү аял кирип келип, эмне эле буларды кыйнап жатасыңар, андан көрө токойго алып барып атып салгыла, булардын артынан эч ким келбейт деп жатпайбы.

Мигрант жигит кылмыш болгон учурунда алардын жумушта жүргөнүн тастыктаган видеоматериал бар экенине карабай, Москвадагы укук коргоо органдары жабырлануучунун кылмышка шектүүнү таануу процессинде адвокатты катыштырбай, жабырлануучунун көрсөтмөсүн бир нече ирет өзгөртүүгө жол бергенин билдирүүдө. Ал өзүнө окшоп ак жеринен күйүп, абакта камалып, үнү угулбай жаткан кыргыз мигранттары көп жолуктурганын кошумчалады.

- Бул жерде олтуруп, көп кыргыз балдарды көрдүк. Айрымдары кылмыш болгон учурда такыр эле башка жакта жүргөнү, убакыттары таптакыр дал келбегенин көрдүк. Алардын баары эле мүмкүнчүлүгү жок, акчасы жоктор. Айласыздан, акталбай олтурушат. Адвокат жалдай алышпайт же Кыргызстандан ата-энеси, бир туугандары келе албай жаткандар бүт эле.

Акыйкатчынын демилгеси

Акыйкатчы институтунун маалыматында, бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде абактарда жаткан кыргызстандык жарандардын саны 2946 кишини түзөт. Былтыр 2015-жылы алардын болгону 42си гана Башкы прокуратура тарабынан жазасын өз мекенинде өтөө үчүн экстрадицияланган. Акыйкатчы Кубат Оторбаев азыр чет жактагы абак жайларында кылмышкерлер менен катар ойдо жок жерден камалып, укуктары көз көрүнөө тебеленгендер көп экендигин айтып, мындан улам алар менен иштөө үчүн мигранттар көп жашаган аймактарда Акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачуу сунушун билдирди.

- Ошол жерде укугу корголбой, кордолуп жаткандар өтө эле көп. Анан биздин ошол бир өкүл мигранттар көп жашаган жерде иштесе деген ой болгон. Эгер болбосо, анда биз Акыйкатчы институтунун өзүнүн күчү менен эле, өзүнча штат сурабай туруп эле, өзүбүздүн штаттык ченемдин алкагында чечкенге аракет кылабыз. Албетте биз анда “Замандаш” ассоциациясына окшогон коомдук уюмдар менен биргелешип чечкенге аракет кылабыз.

- Бул жерде олтуруп, көп кыргыз балдарды көрдүк. Айрымдары кылмыш болгон учурда такыр эле башка жакта жүргөнү, убакыттары таптакыр дал келбегенин көрдүк. Алардын баары эле мүмкүнчүлүгү жок, акчасы жоктор.

Акыйкатчынын сунушун айрым эл өкүлдөрү колдоого алышкан жок. Депутат Алмамбет Шыкмаматов кошумча өкүлчүлүк ачуу ири каржылык чыгымдарга алып келерин белгилеп, бул маселеде тийиштүү мекемелердин гана ишин жакшыртуу жагын ойлонуштуруу керектигин айтат.

- Булар жанагы өкүлчүлүктөрдү ачып бергиле деп жатпайбы. Бирок андан эч нерсе өзгөрбөйт. Андан жумушка киши алам деп өзүнүн бийлиги, бюрократия күчөйт. Ага канча миллиондогон акчалар кетет, азыр гемодиализге акча жок болуп жатса. Ар бир мамлекеттерде элчиликтердин ошол үчүн түзгөнбүз. Ошолор аркылуу эле маалымат алып, өз каналдары аркылуу иштесе болот. Ал эми мисалы Орусия мамлекети үчүн элчилик түздөн-түз жооп берет. Алардын жумушу ошол да. Ал барган эле конокту тосуу менен чектелбейт да.

Үч миң киши - үч миң тагдыр

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова 3000ге чукул киши деген расмий гана сан, ал эми дайыны билинбей жаткандар андан дагы көп экендигин эскертет. Бийлик саясат менен эле алыша бербей, мамлекетке киреше алып келип жаткан мигранттардын көйгөйүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылса болмок деген пикирде.

- Ар бир адамдын тагдырын өзүнчө таржымалдап чыгуу керек. Жөн эле баарын дүңү менен алып келгенге эч ким жол бербейт. Андайга мыйзам да жол бербейт. Анализдеп чыккан соң, ал адамдар Кыргызстандын абагында олтурабы же бул жактын мыйзамы анын ишин башкача карайбы, ошол механизмдер эл аралык келишимдерге карата ишке ашырылыш керек. Ал үчүн тышкы иштер министрлиги, Адилет министрлиги жана өкмөт иштеши керек.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов министрлик, элчиликтер чабал иштеп жатат деген көз карашка кошула албайт. Ал чет мамлекеттеги абакта жаткан жарандарды Кыргызстанга кайтаруу тез арада чечиле калчу оңой-олтоң иш эместигин, бул башка өлкөнүн дагы мыйзамдарынан көз каранды экенин эстен чыгарбоо керектигин белгилейт.

- Бул суроолор оңой жана жеңил эмес. Анан ал ошол өлкөлөрдүн юридикалык, укук коргоо системалары менен дагы байланыштуу. Ошолордун алкагында бизде болгон эки тараптуу жана көп тараптуу сакулдашуулардын негизинде иш жүргүзүп эле жатышат.

Чет жердеги абактыгылардын саны туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалыматы акыйкатчыныкынан айырмаланат. Алардын билдиришинче, ушул тапта чет мамлекеттердеги абактарда 2000ге чукул кыргызстандык бар. Алар Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Украина, Беларус, Түркия, Германия, Австрия, Польша, Италия, Түштүк Корея, Малайзия, Индонезия, Бириккен Араб эмирлиги жана АКШда кармалып, тоноочулук, адам өлтүрүү, баңги затына байланыштуу кылмыш үчүн айыпталгандар.

- Бул суроолор оңой жана жеңил эмес. Анан ал ошол өлкөлөрдүн юридикалык, укук коргоо системалары менен дагы байланыштуу.

Жыл башында Кытайда алты жыл илгери кармалган 51 жаштагы Светлана Кулбаевага Кытайдын Үрүмчү шаарында уу ийне сайылып, өлүм жазасы ишке ашырылганы коомчулуктун көңүлүн бурган. Кыргыз келин кытайдын жөн-жай товарларын ташыгандарды пайдаланган кылмыштуу топтордун курмандыгы болуп калганы айтып келет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG