Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Бир айда төрт журналист сабалды


Сыргак Абдылдаев ооруканада, 5-март, 2009
Сыргак Абдылдаев ооруканада, 5-март, 2009

Кыргызстанда дагы эки журналистти сабап кетишти. “Московский комсомолец” гезитинин кабарчыларын өткөн түнү токмоктоп, тоноп кетишкен. Милиция кылмыш ишин козгоду, бирок чабуул журналисттердин кесиби менен байланышкан эмес деп ишенет.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов журналисттерге буларды айтты.

“Бүгүн түнкү саат 01:00, №36 үйдүн эшигинин алдында белгисиз үч жаш жигит “Московский комсомолец” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов менен ошол эле гезиттин кызматкери Елена Агееваны сабап, тоноп кетишкен”

Бакыт Сейитовдун айтымында, буга байланыштуу “тоноочулук” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Милиция, ошентип, өткөн түнү эки журналисттин сабалышын алардын ишмердүүлүгү менен эч байланышы жок деп тапты.

Анткен менен бир эле айдын ичинде төрт журналисттин сабалышы кыргыз медиа коомчулугун кыжаалатка салып турган чагы.

Быйыл 3-мартта “Репортер-Бишкек” гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. Ал оор абалында ооруканага жеткирилген эле. 8-мартта болсо Ош-ТВ телеканалынын оператору Баходир Кенжебаевди белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишти. Ал чээси чайпалып, ооруканага жеткирилген. Кабарчыларды сабоонун акыркысы бүгүн түнү, 26-мартта, болду.

Анткен менен милиция бул кылмыштарга алдын ала баа берүүдөн оолак болууга чакырды.

“Журналисттер менен байланыштуу кылмыштар болгондо, эң оболу, саясий мааниде же алардын ишмердүүлүгүнүн алкагында карап, баа берип келатабыз. Бирок бул жолку кылмышка андай баа берүүгө эрте”, - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.

Ал эми саясат таануучу, журналист Кубан Абдымен кабарчыларга каршы чабуулдардын биринин-артынан экинчиси болуп жатканы бекеринен эмес деп ишенет.

“Муну же бийлик тараптын, же бийликти жактаган таасирдүү күчтөрдүн кылганы деп айтсак болот. Себеби мындай иштер кокусунан болбойт. Анткени кыска эле убакыттын ичинде ур-токмокко алынып жаткан журналисттердин катары көбөйүп кетти. Андыктан муну системалык түрдө аттуу-баштуу деп таанылган, же жазган макалалары кайсыл бир таасирдүү күчтөргө жакпай калган авторлорду коркутуп-үркүтүп, мындан ары кыла турган ишине таасир этүү максатында, аларды ооздуктоо ниетинде жасалып жаткан аракеттер деп атаса болот”, - деди Кубан Абдымен.

Ушул аптанын шаршембисинде Бишкек пресс клубу “Кыргызстанда кантип журналистти коргоо керек?” деген аталышта талкуу да уюштурду. Бул суроо учурда болуп көрбөгөндөй актуалдуулукка чыккандай.

Алишер Саипов
Анда “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев калем ээлерине чабуулдардын көбөйүшүн өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын курчушу менен байланыштырган. Анын айтымында, 2005-жылы 14, 2006-жылы 12, 2007-жылы 19 окуя катталды. Кошумча айта кетели, дал ушул 2007-жылы, журналисттерге каршы чабуулдар эң көп катталган жылы, Ошто журналист Алишер Саиповду атып кетишкен эле. Ишти президент Курманбек Бакиев жеке көзөмөлүнө алганына карабай, бүгүнкүгө чейин журналистти атып кеткендер кармала элек.

“Мунун баары – биз каттай алган гана учурлар. Негизи, окуялар мындан да көп, бирок журналисттер көп учурда ачыкка чыгарбай коюуну туура көрүшөт. Анткени алар өз коопсуздугун ойлошот же күнөөлүү табылып, жазаланышына ишенишпейт”, - дейт Марат Токоев.

Азыр эми өлкөдө президенттик шайлоого төрт ай калганда, саясий күрөш күчөгөн сайын, журналисттердин коопсуздук маселесине кооптонуу да күчөй турганы айтылууда.

Ал аралыкта өлкөдөгү “Лица” гезитинин башкы редактору Бермет Букашева басылманы жапканын жарыя кылды. “Бишкек пресс-клубунун” суроолоруна жооп берип жатып, Букашева бүгүн бийликтен да, оппозициядан да, интеллигенциядан да, жарандык коомдон да такыр көңүлү калганын айтты.

“Сыргак Абдылдаевге 30 ирет бычак сайылып, анын иши министрдин көзөмөлү астында деп айтылгандан кийин ооруканага барсак, мээрбан айымдар журналист кайсыл палатада жатканын билишпейт! Ушул кантип болсун?!”, - деп зээни кейигенин жашырбады Б.Букашева. Ал гезитинин жабылышы алдыдагы президенттик шайлоо менен да байланышы бар экенин, эч бир саясий топтун куралына айланганды каалабай турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG