Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

Манат Эшимбеков: Цирктеги ат өнөрү ата-бабабыз эзелтеден мурастаган нарктуу өнөр


Айтылуу цирк чебери, Кыргызстандын эл артисти Манат Эшимбеков. 2010-жылдын 10-октябры. (TCh)

Айтылуу цирк чебери, Кыргызстандын эл артисти Манат Эшимбеков. 2010-жылдын 10-октябры. (TCh)

Учурда айтылуу цирк чебери, Кыргызстандын эл артисти Манат Эшимбековдун жетекчилиги астында кыргыз цирк өнөрпоздорунун тобу Германиянын шаарларында өз өнөрүн көрсөтүүдө. Алар дарчы-акробаттык жана чабендестик өнөрлөрү менен немис калкынын кол чабуусуна арзууда. Манат Эшимбеков мырза 10-октябр күнү өз тобу Майнц шаарында оюн көрсөтүп жатканда "Азаттыктын" кабарчысы Тынчтыкбек Чоротегин менен баарлашып, өз тобунун саамалыктары, ийгиликтери жана заманбап цирк өнөрүнүн оош-кыйыш жактары тууралуу маек курду.

«Азаттык»: «Азаттык үналгысы» үчүн маек куруп берүүгө макул болгонуңузга чоң рахмат. Оболу биз азыркы учурдагы сиздин эң соңку чыгармачылыгыңыз менен байланыштуу жаңылыктарга токтоло кетсек. Сиз быйыл январда Монакодо дүйнөлүк өтө таасирдүү сыйлыктардын бирин өзүңүздүн тобуңуз менен алдыңыз. Өзгөчө Борбордук Азия цирк тарыхын эске алсак, бул кадыр-барктуу мелдеште жападан-жалгыз сиздин жетекчилигиңиздеги цирк өнөрпоздор тобу экинчи орунга арзыган экен. Соңку иш чараларыңыз, ийгиликтериңиз жөнүндө айтып берсеңиз?

Манат Эшимбеков: Бул сыйлык менен токтоп калбаш керек, утуп алгандан кийин ошонун деңгээлин кармаш керек. Монте-Карлонун деңгээлин кармаш үчүн мурунку иштен да алда канча көбүрөк иштешибиз керек. Монте-Карлодо сыйлык алаар менен эле көп контракт түзүү сунуштары келди. Эмки жылы биз Финляндия циркине барып иштейбиз. Бизге аябай жеңил болот, кудай буюрса, эмки жылдарда иштегенге.

«Азаттык»: Ал эми Майнц жергесинде сиздер канча убакыт иштешиңиздер керек?

Манат Эшимбеков: Бул жерде үч жума болдук. Эми жакында Майнцтан кетебиз, Марбургга, Германиянын башка шаарына. Кышында декабрдын 18инен баштап 2011-жылдын 5-январына чейин Ульмде иштейбиз, Германияда.

«Азаттык»: Сиздер италиялык жана герман цирк адистери менен дагы, алардын цирк ээлери менен дагы кызматташып жатасыздар да. Жалпы алганда, Батыш Европадагы контрактыңыз, менимче он чакты жылдан ашып калды го?

Манат Эшимбеков: Он бир жылдан бери Европада иштеп атабыз, ага чейин Америкада иштегенбиз.

«Азаттык»: Менимче, Американы да, мухиттин ары жагын, биринчи болуп ачкан кыргыз цирк өнөрүнүн өкүлдөрү - сиздин тобуңуз болду окшойт?

Манат Эшимбеков: Ооба, биринчи болуп кыргыздардан биздин топ Американы да, Европаны да ачтык. Чоң контракттар менен иштеп жүрүп, Батышты кенен-кесир кыдырган кыргыз маданиятынын өкүлү - биздин эле труппа го деп ойлойм.

«Азаттык»: Америкага кайсы жылы бардыңыздар?

Манат Эшимбеков: Биз 1996-97-жылкы цирк мезгилинен (сезон) менен 1999-жылдын мезгилине чейин болдук.

«Азаттык»: Демек төрт жылдай Американын ар башка шаарларында өнөр көрсөтүп жүрдүңүздөр да?

Манат Эшимбеков: Бүт Америка Кошмо Штаттарын кыдырдык, анан Түштүк Америкага, Мексика, Бразилияга бардык.

«Азаттык»: Сөзүңүзгө аралжы, Европада он чакты жылдан бери иштеп жатыптырсыздар. Чехиядан дагы сиздердин оюнуңуздарды көрүп, маашырланып жакшы жазып чыгышты эле. Европада башка да бир катар сыйлыктарга да илиндиңиздер эле. Ошол жөнүндө да айтып берсеңиз?

Манат Эшимбеков: Былтыр иштегенбиз, Чехияда. Прагада иштеп аткан кезде бизге Монте-Карлонун комиссиясы президенти менен келип, көрүп, бизге ошол жерден контракт жазып, Монте-Карлого чакырышкан. Дүйнө жүзүндө бул сынак - ар бир артисттин тилеги. 1972-жылы циркке келгенден бери менин дагы тилегим ушундай болчу. Мисалы, Советтер Союзу болуп турса, бул үмүт аткарылбайт эле го деп ойлойм. Азыр фестивалга келишти, Орусиянын артисттери, үч номер беришти, аябай күчтүү, бирок Монте-Карло сынагында эч бир орун алган жок.

«Азаттык»: Демек кайсы бир деңгээлде эгемендик доору да сиздин жолуңузду ачып берген экен да?

Манат Эшимбеков: Ооба, көп ачты. Себеби биздин цирк 1984-жылы Румынияда иштеп атканда Америкадан келип, бизди алабыз деп бир жума жүрүшкөн. Биринчи контрактты эки жылга, анан бир жылга, анан жарым жылга деп сунушташкан. Себеби Советтер Союзунда өнөрпоздорго үч эле айга чет мамлекетке чыгып келгенге уруксат бар болчу. Америкалыктарга үч айга иштеп кайра кетишибиз пайдасыз болгон, ошондуктан макулдугун беришкен эмес.

«Азаттык»: Сиз бир чыгармачылык топтун башчысы, жетекчиси, продюсери да болуп эсептелип атасыз. Далай маселеде укуктук жактан өзүңүздүн сабатыңызды жоюуңузга да туура келди го?

Манат Эшимбеков: Бул жерден чынын айтсам, балдардын арасында чоң урмат бар, баары эле менин балдарымдай болуп калды. Советтер Союзу учурунда топко жетекчи катары иш баштаганымды айтсам, 1985-жылы менин дос балам кырсыктап, ошонун ордуна мен калгам. Бирок мен жетекчи болуш үчүн, 12 кишинин ичинен 11 киши кол көтөрүп, ушул жетекчи болсун деп, Харьков шаарында мен биринчи жолу топко жетекчиликке өткөм.

1987-жылы жаңы балдарды алып, жаңы цирк номерин өздөштүрүп, 1988-жылы жаңы жылга жаңы номер сунуштадык.

1989-жылы биринчи жолу Германияга чыктык. Кыргыздын артисттеринин ичинен Германияга биз биринчи жолу чыкканбыз.

1990-жылы Кытайда дүйнөлүк фестивалда утуп алдык, цирк өнөрпоздорунун ичинен экинчи орунду алып келдик.

1995-жылы кайра Германияда иштедик.

Дүйнө жүзүндө биз азыр болбогон жерибиз - Жапония, Жаңы Зеландия, Австралия. Калган жерлерде, кудай буюруп, кыргыздын желегин көтөрдүк.

«Азаттык»: Урматтуу Манат Эшимбек уулу, биз айрым цирк өнөрүнүн өкүлдөрү менен маектешип жүргөндө алар кээ бир өлкөлөргө келишимдерин туура эмес түзүп барып алып, кийин этегинде эмгегинен уттурган, кыйналган учурлары болгонун айтып келишет. Алар көп учурда сиздерге да кайрылып, сиздердин көмөгүңүздөрдү алып жүрүшкөн экен. Ушул сыяктуу арттан өсүп келе жаткан муундарга чет элдеги келишимди өзүңүздөрдүн укуңуздарды талашып сабаттуу түзө тургандай деңгээлиңиз жөнүндө дагы узун сабак сөзүңүз болсо керек?

Манат Эшимбеков: Чынын айтуу керек, биз дагы талаада көп калдык. Кээде азыр деле калып калабыз талаада. Цирктин директору менен соттошуш өтө кыйын. Башка жерден адвокат алууга туура келет. Биз көчмөбүз. Визабыз бүткөндөн кийин биз кайсы бир чет өлкөдө калып кала албайбыз, башка жакка кетишибиз керек. Контракт сунушталган жана кол коюлган жаңы мамлекетке, же үйдү карай, же башка убактылуу жайга кетебиз. Биз да ошондой кыйын учурларда калганбыз, андай кыйынчылыктарды билебиз.

«Азаттык»: Ошол учурда Кыргызстандан кайсы бир расмий деңгээлде, тышкы иштер министрлигининби, же элчиликтердин деңгээлиндеби, сиздерге колдоо керек болуп калса, мындай колдоону алып атасыздарбы?

Манат Эшимбеков: Билбейм, андай өкүлчүлүккө биз барган жокпуз, эч качан андай жардам алган жокпуз.

«Азаттык»: Анда өз киндигиңиздерди өзүңүздөр эле кесип жүргөн турбайсыздарбы?

Манат Эшимбеков: Ооба. Мурда бир жолу сураганда бийлик өкүлдөрү “өзүңөр эле билбейсиңерби, кайда келатканыңарды” дешкен. Советтер Биримдиги кулагандан кийин чет мамлекетте эмне кылып атасың, эч ким эч нерсе билбейт,. Ар бир жерге барганда кичине уттурасың. Өнөрүң күчтүү болсо, уттурган чет жерден кайра башка бир жагдайы боюнча утуп аласың. Ар кандай болот. Бул жерде турмуш ушундай экен, ар кайсы циркте ар кандай, өзүнчө мамилеси бар. Бизге бир гана жагдай жардам кылат - биздин цирк оюндарыбыз (аткарган номерлерибиз) жакшы, ошон үчүн бизге алар жакшырак мамиле кылат. Кээде өзүбүздү чакырган цирк жетекчилиги менен тартышып да кетебиз.

«Азаттык»: Чынында, бул көйгөй - буга чейинки эле эмес, болочокто да учурашы ыктымал болгон түйшүктөрдүн бири экен да, мындай айтканда?

Манат Эшимбеков: Ар дайым болчу көйгөй.

«Азаттык»: Ал эми Кыргызстандын өзүндө цирктин жетекчилиги, Кыргыз маданият министрлиги сиздерге кандайдыр бир камкордук кылган, жөлөк болгон учурлар болдубу?

Манат Эшимбеков: Акыркы күңдөрү ошондой жардам бар. Түшүнүп, көтөрмөлөп, атымды айтып жүрүшөт. Ага чейин Таштан Жолдошбеков деген директор бар болчу, ал бүт талкалап кетпедиби. 1995-жылга чейин циркте эч нерсе калбай калган.

«Азаттык»: Угуп калдык, сиздерде, цирк жатаканасында бир катар талаш маселелер болгон экен?

Манат Эшимбеков: Ушул убакытка чейин цирк жатаканасы маселеси чечиле элек. Ар кимге бөлмөлөрү берилген, сатылган, ал жакта башаламан. Циркти дагы менчиктештиребиз деп, айрым “чоңдор” дагы далаалат кылган да, ошол имаратты алып калыш үчүн.

«Азаттык»: Ыңкылапка чейинки учурдагы жетекчилерби?

Манат Эшимбеков: Ошондогу чоңдор. Ким билет эми, кудайым буюруп, революциядан кийин эми мындан ары жакшы болсо болду.

«Азаттык»: Эми сөзүбүздү башка дагы өңүткө бурсак. Сиздердин жамаат өзүнүн дилгирлиги, эмгекчилдиги менен элге алынып, өтө оригиналдуу программалары менен көзгө көрүндү. Бир эле суроо, адатта кыргыздардын бир даарын жалкоо деп коюшат. Сиздер мээнеткечтигиңиздер менен жеттиңиздер да ушул сереге. Же кез-кезде өзүңүздөр деле жалкоолук кылып койгон учурлар барбы?

Манат Эшимбеков: Жок, жалкоо болсоң бул жерде калып каласың. Өзүмдү ойлобойм мен. Мисалы чуркоого старт бергенде ошондон калбайм деп марага чейин чуркап барышың керек. Ортосунда ойлонуп кетип, акча берип бир айлампадан калып калып, экинчи айлампага кирип чуркап кетейин деп ойлонсоң, бул айла Европада өтпөйт. Экинчиден, кыргыздын циркин өстүрүш үчүн бул жерге директорлукка профессионал, циркти сүйгөн киши келиш керек. Булар ойлоп атышат, эгерде акчасы бар болсо иш кылат деп. Ооба, ал келет, цирктен акча алганы, мисалы жүз миң бердиңби, кайра 200 миңин алыш керек.

«Азаттык»: Демек 100 миңди кайсы бирөөгө пара кылып берип, кайра 200 миңди алыш керек дегенди айтып атасызбы?

Манат Эшимбеков: Бул жерде таптакыр тескерисинче болуш керек. Азыр өкмөттөн жардам алып, өспүрүм муунду тарбиялап өстүрүш керек, кытай циркиндегидей иштерди жасап. Анан дүйнө жүзүнө ошол жаңы өнөрдү сунушташыбыз керек.

Манат Эшимбеков жетектеген кыргыз цирк өнөрпоздорунун айрым өкүлдөрү. Майнц шаары, Германия. 2010-жылдын 10-октябры.


«Азаттык»: Сиздин иш күнүңүз кантип башталат?

Манат Эшимбеков: Саат тогузда биздин машыгуу - репетиция башталат. Бизде бир эле учурда эки номер бар. Дүйнө жүзүндө эки номер кошулуп аткарылган учурлар жок. Мисалы, биз циркте бир эле оюндун алкагында дарчылык (бийиктиктеги аркан үстүндө акробаттык өнөр) жана “чабендестик” (аттын кулагы менен ойноо) өнөрлөрүн көрсөтөбүз.

«Азаттык»: Демек, асылган аркандын үстүнөн да басып, анан ат өнөрүн да көрсөтүп экөөнү, айкалыштырат турбайсыздарбы?

Манат Эшимбеков: Ооба. Дүйнөдө мындай кош номер жок. Чабендестикти (“жигитовканы”) иштегендер дарчы болуп, же дарчы бир эле оюнда чабендес болуп өнөр көрсөтө бербейт.

«Азаттык»: Демек, машыгуу таңкы саат тогузда башталат экен. Бирок эрте барып жылкыларды да караш керек да, ушул сыяктуу да түйшүктөр барбы, же ал жумушту сиздер үчүн башка бирөөлөр жасайбы?

Манат Эшимбеков: Жок, ар бирибиздин өзүбүзгө таандык аттарыбыз бар. Өзүбүз күзөт койгонбуз, кимдин артынан ким нөөмөткө турат деп такташканбыз. Унааларыбызды айдайбыз, өзүбүз темир-тезекти эритип жалгаштырабыз, өзүбүз кийим-кечегибизди тигебиз, кээ бирлерин сырттан заказ кылабыз, аттарыбызды өзүбүз сатып алабыз. Ушул жердеги оокаттын барын өзүбүз кылабыз. Өзүбүз режиссер, өзүбүз артист, өзүбүз демөөрчү (спонсор), айтор, баары өзүбүздүн ичибизден чыгат.

«Азаттык»: Атты тай кезинде сатып аласыздарбы?

Манат Эшимбеков: Жок, 3-4-5 жашында сатып алабыз. Анткени жылкыны тай кезинен алып, аны чоңойтуп бакканга убакыт керек, аны жылдар бою тамактандырыш, кармаш керек. Биз бир нече асый болгон атты сатып алабыз, анан дароо репетицияга алып барып үйрөтө баштайбыз.

«Азаттык»: Болжол менен бир жакшы машыктырылган, өзүңүздөр таптаган ат канча жыл сиздерге иштеп берет?

Манат Эшимбеков: Асты Кыргызстандан алып кеткен азыр 24 жашта деп балдар айтат, документ боюнча 22 болуп атат. Биз сатып алганда документи жок ат болчу. Биз болжолдоп документ кылганбыз. Он ат менен келгенбиз 1999-жылы Кыргызстандан. Азыр ошол он аттан үч ат калды.

«Азаттык»: Кээ бирлери ахалтеке аттарын таптайт экен, кээ бирлери үчүн кыргыз аттары дурустур, сиздер да жылкыны ошондой ылгайсыздарбы?

Манат Эшимбеков: Мисалы, Советтер Биримдиги станционар (туруктуу имараты бар) циркте ахалтеке атын кармаса болмок эле. Азыр биз Европада иштеп атканда ахалтеке аты менен иштегенге кыйынырак болот. Биз көбүнчө кыргыз аттарын, орус рысагын, дондук жылкыны алабыз. Ошол аттардын көбү кетип, азыр Франциядан, Болгария, Израилден жаңы ат сатып алдык. Италиядан, Англиядан, Испаниядан, Ирландиядан ат алмаштырдык, ар кандай окуялар болду. Таптаганга көнбөгөнүн кайра кетиребиз, башкасын алабыз.

«Азаттык»: Анда жылкынын ичинен “дээринде барын”, таптаганга ийкемдүүсүн алат экенсиздер да?

Манат Эшимбеков: Аттар деле кишидей. Бирөө жакшы иштейт, бирөө жалкоо, бирөөлөр бар, деги эле чуркагысы келбейт. Алабыз, таптаганга болбосо сатабыз, же алмаштырабыз.

«Азаттык»: Тапталып жаткан аргымак бир күндө милдеттүү түрдө мынча чакырымдай аралыкты басып турушу керек дегендей жана башка тийешелүү шарт, эреже барбы сиздерде?

Манат Эшимбеков: Азыр Европада аябай кыйын болбодубу. Жылкынын машинеси кишиникинен да жакшы болуш керек, астында резинасы, өз алдынча акырдуу бөлмөлөрү болушу керек, суу ичип турушу керек, чөбүн асып коюш керек, терезеси артында, астында болушу керек, желдетип туруш керек экен. Бүт кишиге эмне керек болсо, ошонун баары ат тарткан унаанын ичинде болушу керек, ошол шарт бар болсо, ошондой унаа менен жүрө аласың, иштей аласың. Ошондой унаа жок болсо ишти токтотосуң.

«Азаттык»: Өзүңүз алган турмуштук сабактардын башкысы эмнеде деп ойлойсуз?

Манат Эшимбеков: Турмушта ар бир киши кайсы бир деңгээлге жеткенде биринчи кезекте кудайды унутпашы керек, экинчи кезекте ата-энени унутпашы керек, үчүнчүсү, - көбү эле айтышат мугалим деп, - мугалимден өтөөрү жок.
Циркте ат өнөрүн баштаганда мен чабендестикти кыргыздардын циркинен баштаган жокмун, осетиндерден баштадым.

Кыргыз циркинде 1972-жылы акробаттыктан баштадым. Александр Харламович Полифронов, москвалык цирк чебери, мага таалим берип, циркте ишимди акробат болуп баштагам.

1975-жылы аскерге барып 1977-жылы атажуртка кайтып келдим. Бирок аскерден келгенде кыргыз циркинде “сага орун жок” деп чабендестикке албай коюшкан. Андан соң Түндүк Кавказга кеткем.

Негизи, кыргыз цирки үчүн ат өнөрү башкы орунда болушу керек. Бул өнөр бизге ата-бабадан эзелтеден мурасталып келген нарктуу, салттуу өнөр.

«Азаттык»: Маегиңиз үчүн Сизге алкыш.

Видео тасма.




Кыргыз цирки Германияны багындырууда

Учурда айтылуу цирк чебери, Кыргыз эл артисти Манат Эшимбеков жетектеген кыргыз цирк өнөрпоздорунун тобу Батыш Европанын ар кыл шаарларын кезип, дарчы-акробат жана чабендестик өнөрлөрү менен көрөрмандардын кол чабуусуна арзууда.
Майнц шаары, Германия. Т.Чоротегиндин тасма баяны. 2010-жылдын 10-октябры. (TCh)



(Кыска маалымат. Ушул тапта Манат Эшимбеков жетектеген цирк тобунда Абды Кыдыралиев, Бахтияр Имакеев, Талгат Закир уулу, Тимур Бекказы уулу Сүйөркулов, Шайырбек Үмөткулов, ошондой эле Манат аганын жары Дилбара Эшимбекова жана уулу Марс Эшимбеков өнөр көрсөтүп келишет).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG