Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Шайлоо өнөктүгүндө кандай мүчүлүштүктөр бар?


Кыргызстан шайлоого даярдык көрүүдө.
Кыргызстан шайлоого даярдык көрүүдө.

Парламенттик шайлоо күнүнө саналуу күндөр калды. Көз карандысыз байкоочулар бир топ жерлерде тизме “оорусу” дале орчундуу экенин, эбак маркум болуп кеткендер да тизмелерди толуктап турганын белгилешүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы муну жергиликтүү бийликтин жана шайлоочулардын көңүлкоштугу деп сыпаташууда.

Үгүт иштеринин жүрүшүнө байкоо салган “Таза шайлоо” ассоциациясынын маалыматы боюнча, анчалык көп укук бузуулар катталбаганы менен уюштуруу иштеринде мүчүлүштүктөр жок эмес. Кээ бир аймактардын тургундары шайлоонун мөөнөтүн да билишпейт. Муну байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат таратуу жагынан чабал иштеди деп сындашууда.

“Таза шайлоонун” аткаруучу директору Айнура Усупбекованын айтымында, кээ бир жерлерде административдик ресурс колдонгон фактылар да катталган.

- Биз Бишкектен сырткары Талас менен Баткен облусуна байкоо салдык. Бул аймактарда өтө чоң масштабдагы административдик ресурс колдонуу деген болгон жок. Бирок тилекке каршы фактылар катталды. Маселен, бийликчил партиялардын бирөө жолугууга барганда Каракол университетинин администрациясы студентерди алып чыккан. Айрым жерлерде буйрук болбосо да өздөрү жактаган, же эски оорулар менен ушундай көрүнүштөрдү колдонгондор бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Абдымомун Мамараимов шайлоо күнү дал ушундай маселени болтурбоо үчүн аракеттерди көрүп жатышканын билдирди.

- Административдик ресурс дегенде көбүрөөк бийликке жан тарткан, жакын партиялар жөнүндө айтылат. Бизде бийликке оппозицияда турган партиялар деле административдик ресурсту пайдаланып атат деген маалыматтар бар. Алардын деле бийлик органдарында өкүлдөрү бар. Аны да эске алыш керек. Негизинен биз ушундай учурлар болбосун деп аракет кылып жатабыз.

“Таза шайлоо” ассоциациясынан сырткары учурда шайлоо өнөктүгүнө ар кайсы уюмдардын узак жана кыска мөөнөттөгү байкоочулары да көз салууда. “Демоктратия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын байкоочусу Медер Талканчиев да добуштарды сатып алуу аркеттери жок эмес экенин ырастайт:

- Айрым жерлерде шайлоочуларга акча каражат сунуштап, добуштарды сатып алуу аракеттери да болууда. Бирок бул мурдагыдай басым же буйрук менен эмес, кайсы бир партиянын жер-жерлердеги жактоочулары өздөрү билгенин жасап жатат.

“Таза шайлоонун” координатору Назгүл Оскеленованын айтымында, шайлоого саналуу күндөр калганы менен тизме маселеси толук чечилген эмес. Байкоо жүргүзүлгөн кээ бир аймактарда бир адамдын эки тизмеге кошулуп калышы, же каза болгон адамдын тизмеде жүрүшү сыяктуу маселер бар.

- Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда бир көчөдө жашаган адамдардын баарынын туруктуу каттоосу жок, бирок шайлоочулардын тизимесине кирип калга учурлар бар. Эки үйдө бир эле адамдын фамилиясы жазылган, ошондой эле бир көчө эки тизмеге тең кошулуп калган. Мисалы бир үйдө беш адам жашаса, ал эки тизсмеде тең жүрөт. Каза болгондордун да фамилиялары тизмеден табылган.

“Таза шайлоонун” маалыматы боюнча, шайлоочулардын саны расмий бийлик же БШК көрсөтүп жаткан сандан аз болушу ыктымал. Ушул эки айырма да шайлоо жыйынтыгында талаш маселени жаратышы мүмкүн. Ушул эле күнү биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев губернатор, мэрлер менен жолугушууда буга чейинки айтылган кемчиликтерди жоюуну буюрду.

Ушул кезге чейин 2333 шайлоо бекеттери ачылып, шайлоого эл аралык 49 уюмдан 748 байкоочу көз салат. Ал эми ушул күндөргө карата шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу үчүн жергиликтүү 183, чет элдик беделдүү делген 50 ММКдан 155 журналист катталды.

XS
SM
MD
LG