Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

СДПнын эки депутаты мандатынан кол жууганы калды


Жогорку Кеңештеги СДПнын эки депутатты мандатынан ажыратууну чечти. Бул отурумда Бакыт Бешимовдун атынан комитетке жолдонгон кат каралган жок.

Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов менен депутат Кубанычбек Кыдыров Кыргызстандан президенттик шайлоодон кийин чыгып кетишкен. Регламент жана этика комитеттин эсеби боюнча парламенттин ишине аралашпай калганына алты ай чамалап калды. Регламент боюнча депутат сессияга себепсиз 30 жолу катышпай калса депутаттык мандатынан ажыратылат. Комитет ушул жобого жана СДП тобунун кайрылуусуна таянып, чечим кабыл алып, парламенттин кароосуна жиберди. Парламент сессиясы комитет чечимин колдосо, аталган саясатчылардын мандатын аныктоо боюнча БШК өз бүтүмүн чыгарат.

Роза Отунбаева фракциянын комитетке кайрылуусун социал-демократтардын ишин жандандыруу, фракциядагы депутаттардын катарын толуктоо максаты менен байланыштырды:


- Булар бизге өтө чоң күч болгон саясатчылар эле. Мына жарым жылдан ашып кетти, алар жок. Эми ошо кеткен депутаттардын ордуна алып келгенге жаңы эки депутатты даярдап атабыз.

“Азаттыкка” берген интервьюсунда Роза Отунбаева эки депутаттын чет өлкөгө чыгып кетишин аргасыз кадам деп, партия өз ишмердүүлүгүндө алардын ордун жоктоп жаткандыгын белгиледи. Саясатчынын айтымында депутаттар чечимди өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жеке кабыл алышкан, бирок, бул аларды партиянын катарынан чыгарууга себеп боло албайт, Бешимов менен Кадыров СДПнын катарында кала беришет.

Роза Отунбаева Регламент комитеттин дарегине Бакыт Бешимовдун атынан электрондук почта аркылуу келген билдирүүнү сунуштады. Бирок комитет отуруму аны кароо негизсиз деп, эске алган жок:

- Депутаттын иши каралып атканда өзү же анын өкүлү катышыш керек. Анан момундай анонимдүү кат жазганга болбойт. E-mail дареги да жок экен, ал жаздыбы, башкабы – белгисиз, - деди комитет башчысынын орун басары Динара Молдошева.

Бакыт Бешимовдун атынан жолдонгон катта бийлик кескин сынга алынып, азыркы режим мамлекетти курууга, элдин коопсуздугуна чоң коркунуч келтирет, “2005-жылдан кийин демократиялык толкундоолордун илеби менен эң реакциялык күчтөр бийликке келерин Кыргызстан дүйнө жүзүнө далилдеди” деген өңдүү пикирлер жазылган.

Кеңири мазмунда, курч жазылган бул катты Коммунисттер фракциясынын жетекчиси Искак Масалиев Бешимовго таандык деп эсептеген жок. Ошондой эле коммунист-депутат "Азаттыктын" суроосуна берген жообунда аталган депутаттардын чет өлкөлөргө чыгып кетишин саясий куугунтуктар эмес, жеке кызыкчылыктары менен байланыштырды:


- Мисалы үчүн Роза Исаковна качкан жери жок го. Ошол эле Иса Шейшенкулович (Өмүркулов – ред.) каршы пикирлерин айтып атат. Мисалы үчүн биз кээ бир маселелер боюнча энергетика боюнча каршы пикирлерибизди айтып атабыз, кача турган оюбуз жок эле турабыз го.

Бакыт Бешимов фракция башчысы болуп турган кезинде, чет өлкөгө кеткенден кийин да азыркы бийликти кескин сындаган билдирүүлөр менен чыгып жүргөнү белгилүү. Ал президенттик шайлоодо Бириккен оппозициянын атынан талапкер болгон СДП лидери Алмаз Атамбаевдин штабын жетектеп турган. СДП президенттик шайлоону эң ыплас шайлоо болду деп, аны тааныбай тургандыгын шайлоодон кийин жарыялаган болчу. Кийинчерээк Бешимов чет өлкөгө чыгып кеткендигин бийликтин саясий куугунтугу, өмүрүнө коркунуч келгендиги, үнүн бийликке жеткире албагандыгы менен түшүндүргөн.

Ал эми Кубанычбек Кадыров парламент кол тийбестик укугунан ажыратып, Башкы Прокуратура президенттик шайлоо күнү чыккан Балыкчы окуясындагы башкы күнөкөр деп тапкандан кийин чыгып кеткен.


2007-жылы декабрдагы парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясы 11 орун алган. Тизме боюнча парламентке келгендердин ичинен буга чейин Мурат Жураев, Осмон Артыкбаев, Жусупжан Жээнбеков мандаттарын өз каалоолору менен өткөрүп кетишкен. Ал эми депутат Руслан Шаботоев белгисиз жагдайда киши колдуу мерт болгон.
Социал-демократтар партиясы учурда элдешкис оппозиция өкүлдөрүнөн куралган Бириккен Элдик кыймылдын курамында турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG