Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Твиттер үгүт жүргүзүүнүн булагына айландыбы?


Интернет баракчасында кыска билдирүүлөрдү жазып, маалымат алмашууну мүмкүн кылган Твиттердин (Twitter) Кыргызстандагы колдонуучулары көбөйүп, айрым маалыматтар боюнча 3 миңге чукулдап калды.

Бул тармак шайлоо өнөктүктөрү башталгандан бери интернет колдонуучулар арасында үгүт жүргүзүүнүн таасирдүү булагына айланып бара жатканы да айтылууда.

Твиттер
- англис тилинен которгондо быдылдап көп сүйлөө деген мааниге келип, 140 белгиден турган билдирүүнү тез арада жөнөтүүгө шарт түзгөн интернет тармак болуп саналат. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун колунда интернет же чөнтөк телефону бар адам көргөн-билгендери туурасында Твиттердеги баракчасына маалымат жиберип турса болот. Твиттер өз ичине камтыган колдонуучулардын саны сентябрь айынын башында 145 миллион адамга жеткен.

Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда Твиттердин 3 миңден ашуун колдонуучусу бар. Алардын он пайызга жакыны гана активдүү твиттерчилер болуп саналат. Өлкөдө бул тармактын кеңейиши менен колдонуучулар арасында “твиттөө” деген түшүнүк пайда болуп, “иштеген тиштейт, иштебеген твиттейт” өңдүү жаңы макал-лакаптар да кыргыз тилдүү твиттерчилердин арасында пайда болду.

Күн сайын Твиттер аркылуу маалымат жайылтып турган Нурайым Рыскулова бул тармак Кыргызстанда кеңейип бара жатканын 7-апрелдеги окуялардан кийин билсе болорун айтат. Анткени апрель окуялары учурунда айрым интернет колдонуучулар Твиттер аркылуу гана маалымат ала алышкан:

- Менин оюмча Кыргызстанда Твиттердин ролу чоң. Мисалы, ыңкылап учурунда ишенимдүү жана тез маалыматты Твиттер аркылуу алышкан. Бул тармак кээ бир адамдар үчүн шаар ичинде жүрүүгө жардам берген. Анткени атышуулар кайда болуп жатканын, БТРлер, талап-тоноочулар кайда жүргөнүн күбөлөр жазып турушкан. Натыйжада көп интернет колдонуучулар Твиттер менен багыт алышкан.


Шайлоо алдында колдонулган "курал"

Анткен менен Твиттер парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялар үчүн интернеттеги үгүт иштеринин аянтына да айланууда. Партиялар биринен сала экинчиси Твиттерде өзүнүн атын каттап, маалыматтарды жазып жатканын көрүүгө болот. Ал түгүл интернетте бул тармак аркылуу дебатка чыгып, бири-бири менен кайым айтышкан саясатчылар да чыгууда. Айрым партиялардын лидерлери Твиттер менен көксөп турган буктарын чыгарып, сын сөздөрүн билдирип келишет.

Интернет медиасынын адиси, kloop.kg блог порталынын жетекчиси Бектур Искендер билдиргендей, учурда Кыргызстанда көбүнесе билимдүү жана өз тармагынын алдыңкы адамдары Твиттер колдонушат.

Бектур Искендер акыркы убакта бир топ саясий лидерлердин Твиттерди активдүү колдоно башташын парламенттик шайлоодо добуш топтоп, партияларын жарнама кылууга болгон аракети катары баалайт:

- Азыркы тапта ири партиялардын көбү Твиттерде бар. Эң жок дегенде акыркы жумада Темир Сариевдин Твиттерде баракчасы пайда болуп, “Ак Шумкар” партиясы активдүү катыша баштады. Өмүрбек Бабановдун эчактан бери баракчасы бар. Мындан сырткары "Ата Журттун", СДПКнын жана "Ата Мекендин" Твиттерде атайын баракчалары бар.

Твиттерде дүйнөдөгү белгилүү саясатчылардан баштап жылдыздардын да баракчалары бар. Алар бул тармакта өз тарапкерлери жана каршылаштары менен маалыматтык чабуул ичинде болуп келишет. Анткен менен айрым медиа адистер Твиттерде жазылган бардык эле маалыматтарды туура жана такталган маалымат катары кароого болбой тургандыгын билдирип келишет.
XS
SM
MD
LG