Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

17-ноябрда Бишкек гарнизондук соту 7-апрелдеги кандуу окуялар боюнча кылмыш иштерди кароого киришет. Кыргыз бийликтери бул сот процессин эл үчүн ачык жана акыйкат өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн билдирүүдө.

Талкуунун катышуучулары:



Артур Медетбеков
,

“Анти террор”

коомдук
бирикмесинин
жетекчиси






Токтогул
Какчекеев
,

саясат таануучу






Маалымат үчүн:
Бардыгы 28 адам сот жообуна тартылууда. Алардын алтоо укук коргоо органдарынын эл аралык издөөсүндө. Жоопко тартылып жаткандардын ичинде Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы штаб башчысы Данияр Дунганов, Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Турсункулов, президенттин коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча мурдагы кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, Президенттин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванная жана Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” тобунун сегиз кызматкери бар.

Эл аралык издөөдө жургөн мурдагы президент К. Бакиевге, анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасы Жаныш Бакиевге, уулу, Коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы жардамчысы Марат Бакиевге, Коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго, жана атайын даярдыктагы күчтөрдүн “Арстан” тобунун башкармалыгынын башчысы Эсенбай Байыш уулуна күнөө сырттан коюлду. Алардын бардыгына көп сандаган адамдарды атайылап өлтүрүү, кызмат абалынан аша чаап пайдалануу, кыянат пайдалануу деген оор күнөөлөр коюлууда. 7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында болгон массалык каршылык акциясында 87 адам мерт болгон, алардын ичинен 78 адам ок тийип өмүрү кыйылган.

“Азаттык”: Адегенде ИИМдин коомчулук менен байланыш жана маалымат башкармалыгынын жетекчисин орун басары Рахматулла Ахмедовдун “Азаттыкка” берген маалыматын уга кетели.

Рахматулла Ахмедов: Бүт иш аракеттер ошол жакка багытталып атат. Буйруса, бүткүл маселелер азыркы учурда чечилүүдө. Керектүү иш-чаралар иштеп чыгылган, кызматчылар керектүү инструктаждардан өтүп, азыр ошол жерде өзүнүн кызматтык милдеттерин, коомдук коопсуздук маселелерин чечүүгө даярдыкта турушат.

Ким кимди соттойт?

“Азаттык”: Рахматулло Ахмедов айткандай, сот процессин ачык жана акыйкат өткөрүү үчүн бийлик тарап зарыл чаралардын бардыгы көрүлгөнүн айтып жатат. Буга чейин мындай сот процесстери жабык болуп келген. Өзгөчө Аксы окуялары боюнча сот процесстери жабык болуп, анын жарасы алиге айыкпай келатат. Азыр баары ачык болгон жатат. Мына ушул жагынан кыргыз бийликтери көрүп жаткан чаралар 7-апрелдеги окуялар боюнча акыйкат сот процессин камсыз кыла алабы?

Артур Медетбеков: Биз Кыргызстанда акыркы жарым жыл ичинде көп кайгылуу кандуу окуяларга күбө болдук.



“Азаттык”: Эмне үчүн бир жактуу болуп атканы боюнча сөзгө кайрылып келебиз. Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровду эртең менентен бери бул жакка чакырып жатабыз. Бирок, тилекке каршы, аракетибиз текке кетти. Бийлик өкүлү бул жерге келип катышып, көп түшүнүксүз маселелер жөнүндө өзү маалымат берсе абдан жакшы болмок.

Токтогул мырза, сиз билесиз, оор кылмыш иштерин кароодо бизде көп учурда чектен чыгып кеткен нерселер болуп атканын. Муну Оштогу, Жалал-Абаддагы окуялар көрсөттү, адвокаттар, күбөлөр сабалып атат. Ушундай шартта жайнаган адам катышып аткан сот процессин коопсуз деңгээлде өткөрүүгө жетиштүү чаралар көрүлүп атканына ишенесизби?

Токтогул Какчакеев: Мен биздин бийликтин кылып аткан иштерине, ошол эле Ошто болуп аткан окуяларга, “Альфанын” балдарын каматабыз деп иш козгогону мени ынандырбайт.



Убактылуулар убара

“Азаттык”: Артур мырза, 7-апрель окуясында кан төгүүнү уюштурган же аткарган адамдарды кармоо боюнча атайын операцияларга өзүңүз катышып жүрдүңүз. Айтыңызчы, ушул окуялар боюнча күнөөлөнүп жаткан мурдагы президент К Бакиев жана анын бир туугандары, мурдагы премьер-министр Д. Усөнов, УКМКнын мурдагы төрагасы М. Суталинов жана башкалар кантип кутулуп кетишти?

Артур Медетбеков: Биринчиден, 7-апрелде милициянын, “Альфанын» балдарын тепкилеп, курал-жарактарын алып койгон балдар, ошол жерден аларга иш козголуп, ошол курал-жарактар 7-апрелде саат ондо алынса, саат ондон кечки саат 12, ушул күнгө чейин кайда жүрөт, ошонун баарын изилдеп, ошол боюнча иш козгош керек болчу.

Экинчиден, ошол жерде уюштуруучулары, жетекчилери ким? Эмне үчүн биздин жаштарды ошол жакка алып барып, революция жасатып, мындайча айтканда азыркы бийликке алып келип, ошол убакта аларды жетектеп, кан төгүүгө жол берип, балдарды өзүнчө калтырган? Ошонун негизинде биздин көп жаштар каза болуп кетишти. Байкуштар, алар билбей да калды эмне болуп кеткенин. “Революция үчүн өлдүк” деди, бирок, тилекке каршы, үзүрүн башкалар көрүүдө.

Ушунун тегерегинде ошол жерде жүргөн жаштардын арасында кээ бир түшүнбөгөн, кээ бир курал-жаракты билбеген, атпаган балдар бар. Ошолор гранатомет, автоматтар менен ок чыгарганга мүмкүнчүлүктөр болду да. БТРден да атышты. Бул жагын да караш керек. Себеби кокусунан ок адашып тийип кетиши да мүмкүн болду.

Үчүнчүдөн, ошол эле Жаныш, Максим Бакиевдердин жан жөкөрлөрү да аралашып жүрдү маска тагынып алып ал жерде. Ал жерден аларды тактап, кармаганга шарттар бар эле. Эгерде ошончолук эле Убактылуу өкмөт Кыргызстанда Бакиевдерди кармагысы келсе, 7-апрелде Ак үйдөн чыгарбай эле кармап койбойт беле. Жок, андай кылбайбыз, биз өзүбүз кармайбыз, өзүбүз иштейбиз десе 7-апрелден 15-апрелге чейин эмне үчүн иштерди жасаган жок? Убактылуу өкмөттөн эч ким Жалал-Абад, Тейитке баргысы келген жок. Мен айткам, “жүргүлө, баралы” деп, эч кимиси барбай койду. Түштөн кийин болбогон ушактарды, сөздөрдү айтып атышат.

Ал эми Жалал-Абаддагы кармоо операциясы боюнча чындап эле Убактылуу өкмөттүн аягына чейин Бакиевдин кандуу окуяга тиешеси бар болсо, эмне үчүн аны Кыргызстандан кое берип жиберет да, декреттерди чыгарбай койду? Бул боюнча да көп суроолор бар. Жаныш боюнча ар кандай олку-солку иштер болуп атпайбы. Эгерде ошол жерден уруксат берсе, Жанышты, анын кишилерин кармоо боюнча, анда көп кан төгүлмөк. Эртеси ким жооп берет эле?

Тарых таразалайт

“Азаттык”: Ушул жерден мен кеп тизгинин мурдагы президент жагына бургум келип атат. Мурдагы президент, анын бир туугандарынын көпчүлүгү сыртта жүрүп атат, колго түшө элек, аларга издөө салынган, аларга сыртынан күнөө тагылып атат. Ушундай жол менен күнөөлөп, жоопкерчиликке чакыруу акыры натыйжалуу болот деп ойлойсуздарбы?

Артур Медетбеков: Мен ойлойм, бул “Мекен шейиттери”, балдары каза болгондордун туугандарын, элди убактылуу жоошутуу. Бул өзүнчө юридикалык норма сырттан айыптаган. Бирок буларга атайын чет жактан кармап келүү боюнча оперативдүү иштерди жүргүзүш керек. Мисалы, 1970-жылы Мюнхенде террордук чабуул болуп, көп киши набыт кеткенде, алар 72-жылдан ушул күнгө чейин ага ким катышканын изилдеп, таап, жазаларын берип атышат. Атайын топ түзүлгөн ушул боюнча. Эгерде биздин тартип коргоо органдары ошол боюнча атайын топ түзүп, иштерди жүргүзө турган болсо, анда натыйжа чыгат. Соттун чечими менен эле атайын заочно чыгарып койсо, ушул бойдон эле кала берет.

“Азаттык”: Токтогул мырза, эл аралык практикада сырттан күнөө тагып, чоң кызматтарда жүргөн адамдарды сот жообуна тартуу натыйжалуу болгон учурлар барбы?

Токтогул Какчакеев: Бар. Азыр Мюнхен жөнүндө айтып кетти, бирок Израилдин соту алардын баарын тең өлүм жазасына тарткан.



Артур Медетбеков: Мен бул жерден кошулуп кетет элем. КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 1990-жылкы Минск конвенциясы бар.



“Азаттык”: Сөз соңунда айта кетейин, 7-апрель окуяларынан кийин дагы эл аралык уюмдардын комиссиясын чакырып эл аралык иликтөө жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө айтылган эле. Буга кыргыз бийлик өкүлдөрү да макул экенин билдиришкен. Бирок ошол маселе ошол бойдон эле калып кетти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG