Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

Кар көчкүдө камалып калгандарга жардам көрсөтүлүүдө


Калың жааган кардын кесепетинен жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан түрдүү жардамдар берилип жатат. Булар тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Абдышарип Бекилов маалымат берди.

- Кечээ Мырзаке - Кара-Кулжа жолунда түшкөн кар көчкүдө калгандар куткарылгандыгы тууралуу маалымат алдык. Башка аймактарда абал кандай?

Абдышарип Бекилов: Негизинен Нарын-Казарман жолунда жана Ысык-Көлдүн Түп-Кеген жана бир топ участокторунда кар көчкүсү оор. Ал эми Ош облусунда Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу жолдорунда кар көчкүнүн кесепетинен жолдор жабылып турат. Бирок Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык аракеттерди жасап, техникаларды алып барды. Жолдун жүрүүсүнө татаал болгон жана жол жабылып калган участоктордо бардык иш аракеттер көрүлүүдө.

- Белгилүү болгондой бүгүн да Сары-Таш-Эркештам жолунда камалып калган айдоочуларга тамак-аш, жылуу кийим жеткирилерин маалымдадыңыз эле. Качан жеткирилет?

Абдышарип Бекилов: Кечээ Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында көчкүдөн эч жакка жылалбай калган жарандарыбызды куткаруу иш-аракеттери жүрдү. Анда Коргоо министрлигинин тик учагы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барышып, 67 адамды - 36 аялды жана 30 эркекти куткарышты. Анын ичинде оорулуулар жана окууга жеталбай калган студенттер бар экен. Бардыгы Кара-Кулжа районуна жеткирилди.
Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактардын бардыгы атылып, кар көчкүлөр түшүрүлгөн.


Бүгүн болсо Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунда жүк ташуучу унаалар менен келатып өтө албай калган жарандарыбызга жардам көрсөтүү максатында тик учак саат сегизде көтөрүлгөнү турат. Эгерде аба-ырайы ошого мүмкүнчүлүк берсе, тамак-аштары жана зарыл болгон жылытылган жабдуулар жеткирилип бермекчи.

- Сары-Таш-Эркечтам кан жолунда тургандар жолдун кайсы жеринде камалды? Талдык ашуусунан ары жакта болуп калабы, же тескерисинче бери жагыбы?

Абдышарип Бекилов: Азыр Эркечтамга чейинки бардык жолду карап, кайсы жерде канча унаа турат деп тактап келип, анан кайсы жерде турган болсо, ошолорго жардам көрсөтүлөт.

- Мырзаке-Кара-Кулжа жолуна кар көчкү 5-6-февралдарда эле түшүп, жол ошондо эле жабылбады беле. Куткаруу иштери кечирээк жүргүзүлгөнүнө эмне себеп болду?

Абдышарип Бекилов: Туура айтасыз, жол мурда эле жабылган. Бирок жол ачылгандан кийин 6-февралда жолго чыкпоо жөнүндө шашылыш билдирүү таратылган. Ошондон кийинки 7-февралда түшкөн кар көчкүдөн улам калган жарандарыбыз булар. Экинчиден, бул жарандар талаада калган жок. Эки тарабынан кар көчкү түшүп, Ой-Талаа айылында калышкан, айылдын ичинде тууган-уруктарына кирип жайгашып турушкан.

- Бишкек-Ош жолунда абал кандай?

Абдышарип Бекилов: Бишкек-Ош жолу ачык. Өзүңүздөр билесиздер, Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактардын бардыгы атылып, кар көчкүлөр түшүрүлгөн. Ошонун натыйжасында бүгүнкү күндө жол ачык.

"Азаттыктын" архивинен: Ооганстан: кар көчкүдө 160 киши калды

Кабул менен түштүк Ооганстанды бириктирип турган Салаң туннелинин эки чети тең кар көчкүдөн улам жабылып калган эле. Куткаруучулар анын астынан кеминде 165 адамдын сөөгүн табышты. Хинду-Куш тоолорунда бир нече күн тынбай кар жааган.

Ооганстан: кар көчкүдө 160 киши калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG