Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Баткенге кирген куралчан топ Ворух анклавына из жашырып кетти


Эки күн мурда Баткен облусунун аймагына Тажикстан тараптан качып келген куралчан топ кечээ Ворух анклавына кирип кеткен бойдон дайынсыз.

Учурда аталган анклавдын ичинде тажик тарап тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Кыргыз чек арачылары болсо Ворух анклавын курчоого алды.

Баткен облусунун аймагына тажик тараптан качып кирген куралчан топтун изине түшкөн кыргыз чек арачылары кечээ алар кайра Тажикстандын Ворух анклавына кирип кеткенин аныкташкан. Издөө иштеринин учурунда тоо арасынан курал-жарактар, дары-дармек, тамак-аш азыктары жана жүк салгыч кол баштыктары да табылган.

Баткен чек ара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов учурда Тажикстандын Ворух анклавын кыргыз чек арачылары толугу менен курчоого алганын айтат:
Саитжан Эратов, Баткен чек ара бөлүгүнүн зардалы

- Азыркы учурда биз Ворух анклавынын айланасын тосуп, курчоого алдык. Анклавдын ичинде болсо тажик милициясы өздөрүнүн чек арачылары бирге атайын иш-чараларды жүргүзүүдө. Тажикстандын жери болгондуктан ал жакка биздин киргенге укугубуз жок. Ворухтун сыртындагы бардык багыттар биз тарабынан көзөмөлдө.

Баткендеги чек ара бөлүгүн башчысы ошндой эле бул куралчан топтун курамында 14 киши бар экени, алар уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү экени жана эч кандай террористтик уюмга тиешеси жоктугу аныкталганын кошумчалады. Анын айтымында, бул куралчан топ Тажикстанда аларга каршы жүргүзүлгөн атайын иш чаралардан качып, убактынча бекинип туруу максатында гана Кыргызстандын аймагына киргени болжолдонууда.

Ошол эле учурда айрым талдоочулар бул окуя өлкө түштүгүндөгү чек арадагы абал кооптуу экенин дагы бир ирет далилдегенин айтышууда. Маселен, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчекеевдин пикиринде, анклавдарга байланышкан маселени чечмейинче, кыргыз тарап ушундай учурларда анклавдарга кирип, өздөрү тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүгө жетишмейинче мындай иштер улана бериши ыктымал.
Токтогул Какчекеев

- Баткендеги анклавдар биздин аймактын ичинде тургандан кийин эгемендик алган жылдардын башында эле аларды биз өз суверенитетибиздин астында алып калышыбыз керек эле. Бирок ал учур колдон чыгып кетти. Эми да азыркыдай учурда, террористтер же кандайдыр бир кылмыштуу топтор бул анклавдардын ичине кирип кеткен учурда ошол аймакка биздин аскерлер кирип, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнгө жетишишибиз керек. Болбосо ал башка өлкө, бул жерлерде Тажикстандын же Өзбекстандын конституциялык кол тийбестиги бар деген шылтоолор менен алар чыгып кетиши ыктымал. Бул маселени чечпесек мындай окуялар дагы да улана бериши мүмкүн.

Талдоочу Токтогул Какчекеев кыргыз тарап Шанхай кызматташтык, Жаматтык коопсуздук келишими сыяктуу уюмдар аркылуу бул маселени чечсе болот деген пикирде.

14-октябрда түнкү саат он бир чамасында бир канча куралчан адам чек араны бузуп, Тажикстан тараптан бери карай кирип келишкен эле. Баткендеги чек арачылар менен ок атышуулардан кийин алар Кыргызстандын аймагына жашырынып кетишкен.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG