Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Баткенде чек араны бузуп кирип, атышкан куралдуу жоочулардын ким экендиги жана алар кандай максат менен келгендиктери аныктала элек. Чек ара күзөтчүлөрү менен болгон кагылышуудан кийин Кожокарым тоосун бет алып качкан 10 чакты киши учурда изделип жатат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бул террордук топ, же уюшулган кылмыш тобу болушу мүмкүндүгүн “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: Кечээ түнү Баткенде чек арадан кирип кеген жоочулардын ким экендиги тастыктала элек. Сиздин көз карашыңызда, булар кимдер болушу мүмкүн?

Орозбек Молдалиев: Азыр эми бул боюнча көп божомолдор айтылышы мүмкүн. Баңги менен шугулдангандар деле кылмыш топторун түзүп алышкан. Бирок алар минтип ачык атышууга чыкмак эмес. Эгер колго түшө турган болуп калса гана каршылык көрсөтмөк. Демек бул же террористик топ, же уюшулган кылмыш тобу болушу мүмкүн. Себеби быйыл жайында Тажикстанда Каратегин зонасында борбордук бийлик менен Каратегиндеги топтордун ортосунда карама-каршылыктар болуп, курал колдонгонго чейин барышкан.

“Азаттык”: Булар Кыргызстанга кандай максатты көздөп келишти?

Орозбек Молдалиев: Чек араны минтип бузуп кирип келип жаткандан кийин булар тескери максаттар менен келгендиги анык. Алардын курал менен чек араны бузуп киргенинин өзү эле чоң кылмыш. Дагы бир божомол бар: азыр Ооганстандын түндүгүндө талиптер пайда болду. “Ислам Өзбекстан” кыймылынын айрым топтору да чек араны бузуп өтүп, террордук аракеттерди жасашы мүмкүн. Муну белгилеп койсо болот. Анткени талиптердин биздин аймакка келиши деле күмөн. Алардын бул жакта максаттары деле жок.
Мамлекеттин ахыбалы кандай болсо, чек араны кайтаруунун абалы деле ошондой болот.


“Азаттык”: Он жыл мурун Баткенге жоочулар кирип келгенде чек аранын абалынын начардыгы буга жол берген деген себептер айтылды эле. Бул жолку чек арадагы окуяга кандай баа берүүгө болот?

Орозбек Молдалиев: Чек арадан ок атышып эле кирип кеткен жери бир кооптонууну жаратат. Себеби чек арачылардын салтында “эч болбосо бирөөнү да жарадар кылганга жараган жокпу?” деген суроо туулат. Ошон үчүн бул жерде аскердик даярдыктын начар болгондугун айтууга болот. Антпесе, кантип эле ошол сегиз чакты кишинин бирин да ата албай, же жарадар кыла албай калат?

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө биздин чек аранын абалы кандай деп ойлойсуз?

Орозбек Молдалиев: Чек аранын абалын эми кудай өзү сактасын деп айтсак болот. Мамлекеттин ахыбалы кандай болсо чек араны кайтаруунун абалы деле ошондой болот. Бул системалуу кризис болуп жатканда бир жагы жакшы болуп калбайт да. Анын үстүнө чек арадагы адистерден, кудайга шүгүр, Кубан Сарыбаев деген жигитти алып келишти.

Калган чек аранын окуу жайын бүткөн, чек аранын шартын билген адистер жокко эсе да. Ал үчүн чек арачыларды академиядан окутуш керек, анан алар чек арада кызмат өтөп такшалып чыгып, жаштарды тарбиялайт. Мына ошого көңүл бурбагандык минтип бүгүн көрүнүп калды.

“Азаттык”: Азыр чек ара кызматынын жетекчилиги окуя болгон жерде издөө иштерин жүргүзүп жатат. Жашырынып кеткен жоочулар кайра күчтөнүп, кол салышы мүмкүнбү?
Чек аранын окуу жайын бүткөн, чек аранын шартын билген адистер жокко эсе.


Орозбек Молдалиев: Эми аларды издөө чек арачылардын иши эмес. Бул ички органдардын, атайы кызматтардын иши. Чек ара кызматынын милдети ошол жерден эч кимди өткөрбөй туруу эле. Бул жерде чогуу аракет керек. Эң негизгиси бул жерде элге таянуу керек. Эл менен иштесе, эл таап берет. Ал үчүн бийликтин эл менен ымаласы жакшы болууга тийиш.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

Тасмада: Баткен окуясына 10 жыл

Баткендин Зардалы айылынын тургундары 10 жыл мурдагы окуяны эскерип, жоокесептер кантип киргенин "Азаттыкка" айтып беришти. (Ж. Айдаров, Баткен)

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG