Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Түштүктөгү окуялар миграция проблемасын курчутту


Орусия жана Казакстанда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалына жана аларды бириктирген диаспоралардын ишмердүүлүгү тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна “Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов жооп берди.

- Апрель жана июнь айларында болгон окуялар Кыргызстандагы эмгек миграциясына кандай таасирин тийгизди? Орусия, же Казакстанга убактылуу жумуштарга кетип аткандардын сандык көрсөткүчү кандай болуп атат?

Майрамбек Жапанов: «Азаттыктын» угармандарына мен маалымат катары айта кетсем, биз 12-августта “Хаят” мейманканасында «Замандаш» ассоциациясынын салт болуп калган тогузунчу конференциясын өткөрөлү деп даярданып жатабыз. Ушул конференцияда апрель, июнь айларындагы Кыргызстандагы окуялардын эмгек миграциясына тийгизген таасири боюнча кеңири сөз кылмакчыбыз. Конференцияга Орусия жана Казакстандагы 27ден ашык диаспоралардын, мындан тышкары өлкөдөгү диаспоралардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.

Албетте апрель жана июнь айларындагы окуялар жалпы эле эмгек мигранттарына эмес, эмгек миграциясына таасир тийгизди. Аны биз менен байланышта болгон диаспоралардын өкүлдөрү аркылуу билип атабыз. Мигранттардын проблемалары мурда көп болуп келген, ушул окуялардан кийин тереңдей түштү десек болот.

- Сиздердин байкооңуздарда бул жактан кетип аткан эмгек мигранттарынын саны көбөйдүбү?

Майрамбек Жапанов: Бул жактан массалык түрдө кетүү болгон жок деп так айсак болот. Бирок Кыргызстандан чыгып кетип жаткан көрсөткүч 4 пайызга көбөйдү десек болот.

- Бул Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларга байланыштуу болсо керек?

Майрамбек Жапанов: Ооба.

- Сиздер негизинен Орусия менен Казакстанда иш алып барасыздар. Ошол жакта 1-2 жылдан бери эле кризиске, мыйзамдык катаалдашууларга байланыштуу мигранттар артка кайтып атат деген маалыматтар айтылып аткан болчу. Азыр бул боюнча абал кандай?

Майрамбек Жапанов: Кайтып аткандардын саны массалык түрдө эмес. Өткөндө экономикалык кризистен массалык түрдө кайткандар болот деп айтылды эле, бирок бул көрсөткүч 5-10 пайыздан ашкан жок. Ошол эле көрсөткүч азыркы учурда болуп атат, мезгилдүү миграция деп коет, ушул учурда келип кеткендер болуп атат. Бирок өтө чоң көрсөткүчкө жеткен жок.

- Орусия, Казакстанда бир кыйла элек диаспоралар бар экен. Ошолор менен сүйлөшүп, Ош жана Жалал-Абадга көңүл буруу маселелерин көтөрүп көрдүңүздөрбү буга чейин?

Майрамбек Жапанов: Албетте июнь айындагы окуяда Орусиядагы, Казакстандагы жана башка чет өлкөдөгү көптөгөн диапоралардын өкүлдөрү шаарларда чогулдук, гумжардам көрсөтүү боюнча чоң иш алып барышты.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG