Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Мындан эки жыл илгери кабыл алынган тынч жыйын, көчө жүрүштөр жөнүндөгү мыйзам менен өткөн жылы Бишкек шаар башчылыгы кабыл алган жыйындар өтүүчү жерлерди аныктоо жөнүндөгү токтому Кыргызстандын Башмыйзамына кайчы келерин ырастап, «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Конституциялык сотко кайрылган.

2-мартта өлкөнүн башкы соту өтүнүчтү канааттандырып, мыйзамдын 3-беренесин, ага негизделген шаар башчылыгынын токтому күчүн жоготконун ырастады.

Арманыңды атмайдан жанында айт!

Конституция боюнча жарандар тынч жыйын өткөрө тургандыгын жергиликтүү бийлик жетекчилерине кабарлап гана коюшу керек. Бирок иш жүзүндө анын баары теңирден тескери чыгып, 2008-жылдын 5-августунан тарта иштей баштаган тынч жыйындар тууралуу мыйзамга таянып, жергиликтүү бийлик аны кайсы жерде өткөрүүнү белгилеп, атүгүл көп жыйындарга уруксат бербей келди. Аны өткөн жылдын 24-июлда кабыл алынган Бишкек шаар башчылыгынын токтому да толук ырастап бере алат.

Башкалаа жетекчилери тынч жыйындарды Бишкектеги атмайдан жанында өткөрүүнү туура деп тапкандан бери нааразылык жыйынга чогулгандарды административдик жазага тартуу күчөп, уруксатсыз чогулуу кыйынга туруп калган.

Конституциялык сотто Бишкек шаар башчылыгынын өкүлү Айжан Жакшылыкова тынч жыйындарды кайсы жерге өткөрүүнү жергиликтүү бийликтин аныктап беришинин эч кандай эрен-төрөнү жоктугун минтип белгиледи.

- Жок, мыйзамга каршы келбейт. Мыйзамда көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бийлик органдары атайын жерлерди аныктап берүү укугуна ээ деп. Жергиликтүү башкаруу органдары өздөрүнүн укук чегинен чыкпай ушундай токтом кабыл алышкан. 2009-жылдын 24-июлда № 401-токтом чыккан.

Тынч жыйынга тыюу салуунун салакасы

Укук коргоочулардын ырасташынча, ушундай тоскоолдордон кийин болгону 20 ашуун гана жыйындар өтүп, анын төртөөнө гана уруксат берилген. Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын ырасташынча, конституциялык укуктар көз-көрүнөө бузулууда.

- Азыр арыз-арманды бирөөлөргө жеткириш кыйын. Жарадар болгон бөрү-энедей асманга карап арманыңды айтуудан башка аргаң жок. Бирок колго тийген таш менен сындырып алган таякты эш кылган коммунисттердин тынч жыйындарга тыюу салган мыйзамды иштеп чыгышы, чынымды айтайын, мага түшүнүксүз.

Ошол түшүнүксүз мыйзам негизинде жергиликтүү бийлик жетекчилери кайсы жерде тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн өткөрүүнү чектеши Башмыйзамга кайчы келерин 2-мартта Конституциялык сот ырастады. Сот чечими сөзсүз аткарыларын талаштуу маселени териштирүүгө катышкан парламент өкүлү Медер Жусупов минтип билдирди .

- Конституцияда алдын-ала кабарлап коюу менен деп так жазылып турат. Конституциялык соттун чыгарган чечими, эмне кыла аласың. Конституциялык сот өндүрүшү деген мыйзам бар. Ошого ылайык ведомостко чечим жарыяланат. Конституциялык соттун чечими акыркы, даттанууга жатпайт. Өкмөт аны карап чыгып бизге сунуштарды киргизет. Ага чейин ушундай туруп турат.


Чубалган иштердин чуусу эми чыгат

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун өкүлү Абдыкерим Ашыров тынч жыйындар тууралуу мыйзам менен шаар башчылыгынын токтомуна таянып нааразылык билдирип чыккандарга административдик жаза чектөө кийинки кездери күчөп кеткенине токтолду.

- Биз Конституциялык сотко кайрылгандан кийин Жогорку соттогу административдик материалдар токтотулуп турат. Эми биз Конституциялык соттун чечимине таянып, Жогорку сотко кайрылабыз. Алар мурунку жергиликтүү соттор административдик жоопко тартса алардын баары күчүн жоготушу керек.

Конституциялык сот 2004-жылы 14-октябрда, 2008-жылдын 1-июлунда тынч жыйынга байланышкан чечимдерди чыгарган. Бирок алардын ишке ашырылышы кечеңдеп, ортодо мыйзам менен дагы бир токтом кабыл алынып кетти. Укуктук талаш маселе кайсы бир инсандын тынч жыйын укугу бузулушу аркылуу так баасын алышы керек эле. Ошондой укугу бузулганын ырастап Т.Исмаилова Конституциялык сотко кайрылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG