Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

Узак жолду баскан көргөзмө


18-майда Бишкектеги Улуттук китепканада жазуучу, илимпоз, режиссер жана котормочу Мар Байжиевдин 75 жашка толгонуна карата анын чыгармачылыгына арналаган көргөзмө өтөт. Анда Мар Байжиевдин атасы Ташым Байжиевдин да эмгектери койулат. Бул көргөзмөнүн өзгөчөлүгү - жазуучунун котормосундагы “Манас” эпосундагы окуялар боюнча спектакль көрсөтүлөт.

Улуттук китепканада өтө турган көргөзмөдө Мар Байжиевдин чыгармачыл жолу тууралуу кеңири сөз болот. Мар Байжиевдин күйөрмандары Улуттук китепкананын биринчи кабатында жазуучунун чыгармачыл жолундагы эмгектерин толугу менен таба алышат. Мындан сырткары 1930-жылдардагы “Кызыл учкун” аттуу ийримдин катышуучусу, жазуучу Ташым Байжиевдин эмгектери да коюлган.

Кыргыз эл артисти Мар Байжиевдин айтымында, бул иш-чарага даярдык көп убакыттан бери жүргөн.

- Атам былтыр жүзгө чыкты. Анын достору Мукай Элебаев, Касымалы Жантөшев жана Узакбай Абдыкаимов болгон. Атамдын чыгармачылыгына арнап кече өткөрсөм деп даярданып жүргөм. Бирок, тилекке каршы, өлкөдө апрель окуясы болуп кетти. Ал эми бүгүн Улуттук китепкана уюштурган көргөзмөнү көрүп сүйүнүп отурам.

Адабият күйөрмандары бул көргөзмөдө бир топ кызыктуу чыгармаларды таба алат. Алардын бири - көргөзмөдө Мар Байжиевдин котормосундагы “Манас” эпосундагы окуялар боюнча коюлган спектакль көрсөтүлөт. Буга чейин мындай спектаклдин биринчи бөлүгү орус тилинде толугу менен Ташым Байжиевдин 100 жылдыгына арналган маданий иш-чарада коюлган.

Мар Байжиев “Азаттыкка” курган маегинде “Манас” эпосу кыргыздын нукура казынасы болгонуна токтолуп, буларды белгиледи:

- Бүгүн коюлуучу спектаклдан үзүндүнү орус тилинде мыкты сүйлөгөн кыргыздын актерлору аткарышат. “Манас” - кыргыз элинин нукура байлыгы. "Манаста" куранда жазылган да айрым ойлор бар. Бүгүнкү көргөзмө кыргыздын тарыхын чагылдырат.

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында “Манас” эпосундагы окуялар боюнча коюла турган спектаклде актер Болот Тентимишов Алмамбет баатырдын образын жаратат. Анын айтымында, бул образ чоң жоопкерчиликти талап кылат:

- Бул жерде 3-4 ролду ойнойбуз. Айталы, кээ бир жерлеринде баяндоочу катары, ал эми айрым бир жерлеринде каарман катары ойнойбуз. “Манасты” жөн гана ойноп коюш жарабайт. Түшүнүп, жан дүйнөңдөн өткөрүп туруп ойнош керек. Орус тилинде аткарып жатканыбыз менен жөнөкөй тилде которулган. Бул - Мар Байжиевдин өзгөчөлүгү.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, көргөзмө улуттук баалуулуктарды унутта калтырбоо максатын көздөйт.
XS
SM
MD
LG