Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

17-мартта Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук ишмер, белгилүү адабиятчы окумуштуу Салижан Жигитов 73 жашка чыкмак. Учурунда Салижан агай “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бөлүмүн да жетектеген.

“Кыргыз туусу” гезитинин баш редактору Кыяс Молдокасымов Салижан Жигитовдун эмгектери, мурастары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Кайыповдун демилгеси менен өзүнчө китеп кылып чыгарууга даярдалып жатканын айтты.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов досу Салижан Жигитовдун эмгеги, ишмердүүлүгү учурунда бааланбай калганын айтып, анын макала, маектерин жыйнап, өзүнчө китеп кылып чыгарууга даярдап бергенин “Азаттыкка” билдирди.

- Сакемдин көп мыкты касиеттери бар эле. Тунук акыл, курч талант, мөлтүр булактай болгон адамдык ыйман жана башка сапаттары менен үлгү болчу. Анын эмгеги, ишмердүүлүгү учурунда бааланбай калганы өкүндүрөт. Учурдагы шартка жараша анын эмгектери, чыгармалары өзүнчө китеп болуп чыкпай, элге жетпей турат.Ошондуктан Салижандын макала, маектерин чогултуп, өзүнчө китеп кылып чыгарууга Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырып бердим. Мүмкүн алар чыгарып беришээр деген үмүт бар. Салижанды эскерип туруу бир эле досторунун, тууган, шакирттеринин эле иш эмес, бул жалпы кыргыз журтчулугунун милдети. Ал кашкайган чындыкты бетке айтып турган коңгуроодой эле.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязидинов Салижан Жигитов менен бирге иштеген күндөрүн эскерип, курбусу, котормочу Курманбек Абдыкеримовду чымчып тамашалаганын айтып берди.

-Салижан аганын курбусу Курманбек Абдыкеримов котормочу эле. Бирок котормочу болуу үчүн да адабий көрөңгө, шык-жөндөм болушу керек да. Ал бир сапар Стендалдын чыгармасын которуп, Салижанга мактануу үчүн берип калды. Анда Саликең анын китебинин биринчи барагына жазып жатпайбы, мында деп: “Котормо жасап колго алгыс, кутурдуң го сен жалгыз. Оу кудай урган бездарный” деп атпайбы. Дос-жолдошко да ушундай курч тамаша айткан инсан болчу. Ушунчалык кеменгер киши эле, заман каякка бараткандыгын, доордун тамыры эмне деп согуп жаткандыгын да биринчилерден болуп Салижан ага кемелине келтире жазып, айтып, кыргызды көзгө сайып турган эле.

“Аалам” гезитинин редакторунун орун басары Айгүл Бакиева Салижан Жигитов учурунда жаңы уюшулган гезиттерди колдоого алып, чыгармачылык байланышта болуп, жаш журналисттерге кеп-кеңеш айтып, кыргызды намыска бүлөп турган устат болгонун эскерди.

-Салижан агай жаңы ачылган гезиттерге, жаш журналисттерге абдан жакшы көңүл буруп, жардамын берип, калыс кеп-кеңешин айтып турчу. Биз “Бишкек-таймс” гезитин жаңы чыгара баштаганда өзү макалаларын жазып алып келип берип, чыгармачылык жактан колдоого алып, кемчиликтерибизди бетке айтып, ийгиликтерибизди дагы баалап турчу эле. Учурда кыргыз элине Салижан агайдай “кара кылды как жарган” калыс, чындыкты тайманбай айтып, жаап-жашырбаган адамдар жетишпей турат.

Салижан Жигитов агай көзү тирүүсүндө “Азаттыкка” берген интервьюсунда бала кезинде математикага шыктуу экенин, 5-класстан бери ыр жазып, адабият дүйнөсүнө эрте аралашып, кийин илим тармагына өтүп, котормо, сынчылыкка басым жасап, проза жанрына көп көңүл бурбай калганын арман кылып айтып берген эле.

-Мен өзүм математикага шыктуу элем. 5-класстан баштап эле райондук, облустук гезиттерге ырларым чыгып, айылда бундеркин болуп таанылдым. 7-класстан Бишкек шаарына келип, гезит-журналдарга аңгеме-ырларым чыгып, мен кара сөз, проза жазайын деп жүргөм. Жалаң эл калем менен оокат кылыш кыйын болгондуктан мына эмесе деп илимге кирип кеттим. Бир топ китеп жаздым. Кара сөз жазсам менден бир нерсе чыгат эле. Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которуп чыгардым. Эки-үч пьеса жазып жибердим. Акыркы он жылда журналист да болуп кеттим.

Салижан Жигитов 1936-жылы 17- мартта Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. 1951-жылы туулган айылындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, борбор шаардагы айтылуу № 5 – орто мектепке келип, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Өзүнүн эмгек жолун Салижан Жигитов 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-62-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген.

1992-жылы филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1992-93-жылдары С. Жигитов Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн.

1993-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

1995-жылы Кыргыз Улуттук университетинде профессор. Бир эле учурда 1995-96-жылдары «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеп кызмат кылган.

Салижан Жигитовдун жемиштүү эмгек жылдары Илим Академиясы, Улуттук университет, Кыргыз энциклопедиясы жана Кыргыз-түрк «Манас» университети менен байланышкан.

1996-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин «Манас» Кыргыз-Түрк университетинде профессор болуп иштеген. 2003-жылы «Акыйкат жана прогресс» партиясына мүчө болуп өткөн. 2004-жылы «Жаңы багыт» коомдук саясий кыймылын уюштуруучулардын бири болгон.
Салижан Жигитов 1984-жылкы илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин автору. Анын ичинде адабий сын изилдөөлөрүн жарыялап, Назым Хикмет, Мустай Карим сыяктуу атактуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.

Маркумдун сөөгү 2006- жылы 13-февралда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG