Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Зилзаланын аз болгону жакшы, бирок...


Гаитидеги зилзала ансыз да жакыр өлкөнү кыйынга абалга салды.

Гаитидеги зилзала ансыз да жакыр өлкөнү кыйынга абалга салды.

Кыргызстандын алдыңкы жылдарга карата сейсмикалык божомолдору кандай? Жер силкинген маалда эмнеге көңүл буруу керек? Бул багытта “Азаттыктын” суроолоруна Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдракматов жооп берди.

- Гаитидеги жер титирөөдөн кийин коомчулукта кооптонуулар пайда болууда. Институттун алдыңкы жылдарга карата божомолдору кандай?

Канат Абдыракматов: Нурада 8 баллдык жер титирөөдөн бир канча адам каза таап, дээрлик бир айыл кыйрабадыбы. 2006-жылы так эле ошондой жер титирөө Кочкордо болгон. Бирок анда бир да киши каза болгон жок. Төрт эле үй талкаланган. Мен эмнени айткым келет? Мындай учурда көп нерсе үйдүн, курулуштун сапатына байланыштуу.

- 2010-2016-жылдар аралыгында өлкөдө сейсмикалык абал туруктуу болбойт деген маалыматтарды бердиңиз эле. Ушуга байланыштуу алдын ала иш-чаралар жүрүп жатабы?

Канат Абдыракматов: Албетте биз азыр ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Биз үчүн 2010-жыл - белги берген жыл. Эгерде ушул жылы да 2009-жылдагыдай көп жер титирөө болбосо, биз айткан божомолдор ишке ашышы ыктымал. Мисалы, биздин аймакта жыл сайын үч миңге жакын жер титирөө болот. Ал эми өткөн жылы 700-800 жер титирөө катталып, анын онго чукулу гана сезилерлик болду.
Республиканын бүткүл аймагында 8 баллдан ашуун жер титирөө катталышы мүмкүн.


Чындыгын айтканда, жер титирөө аз болсо элге жакшы, бирок биз үчүн бул жаман көрүнүш. Себеби жердин катмары тынчтанып, тектоникалык чыңалууларды топтоп, 7-8 баллдык жер тирөө болушу мүмкүн дегендин белгиси.

- Сиз айткан 7-8 баллдык жер титирөө өлкөнүн кайсы аймагында катталышы ыктымал?

Канат Абдыракматов: Биздин божомолдор боюнча Чүй өрөөнү жана Ысык-Көл облусунда болушу ыктымал.

Алгачкы аракеттер жана талапка жооп бербеген үйлөр

- Жердин силкинүүсү чоң залака алып келбегендей, башкысы адам өмүрүнө кооптуу болбош үчүн алдын-ала эмне кылыш керек?

Канат Абдыракматов: Биринчиден, жер титирейт экен деген маалыматты укканда эл коркпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кабыл алыш керек. Жер титирегенде эмне кылыш керек деген эрежелерди математикадагы таблицадай эле жатка билиш керек. Андан сырткары Кыргызстандын бардык аймагында курулуштун сапатына көңүл буруу зарыл. Азыр жаңыдан башталып жаткан курулуштарды антисейсмикалык эрежелери менен салыш керек.

- Бирок Кыргызстанда мындай эрежелер эске алынбаган курулуштар көп эле болсо керек?

Канат Абдыракматов: Өзгөчө айыл жериндеги үйлөрдүн 70 пайызы сейсмикалык талапка туура келбейт.

- Адис катары айтсаңыз, жер титиреген учурда эмне кылыш керек, эмнеге көңүл буруш керек?

Канат Абдыракматов: Мисалы, айыл жана шаарда эрежелер кичине айырмаланат. Айыл жеринде бир секунддан беш секундга чейин керегеге тура калсаңар өзүнөрдүн өмүрүңөрдү сактап каласыңар. Эгерде ага да жеткенге мүмкүнчүлүк жок болсо, анда жакын турган бекем үстөлдүн астына башыңарды эки колуңар менен кучактап жашынуу керек. Биринчи силкинүү өткөндөн кийин сыртка чыгып, жооптуу органдардын көрсөтмөсүн угуш керек.

Жер титирөөнүн очогун аныктоо зарыл

- Негизи эле Кыргызстан канча баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат?

Канат Абдыракматов: Республиканын бүткүл аймагында 8 баллдан ашуун жер титирөө катталышы мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, айыл жериндеги жана Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы кээ бир үйлөр 6 баллдык жер титирөөгө деле туруштук бере албайт. Чынын айтыш керек. Ал эми Бишкек шаарында совет учурунда курулган үйлөрдүн 80-90 пайызы тогуз баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат.

- Деги эле Кыргызстандын сейсмикалык абалды иликтөө, божомол жүргүзүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

Канат Абдыракматов: Чынын айтканда 3-4 жыл мурда мындай мүмкүнчүлүгүбүз аябай эле төмөн болчу. Азыр ар кайсы эл аралык фонддор менен иштеп, өзүбүздүн тармагыбызды күчөтүп жатабыз.
Өзгөчө айыл жериндеги үйлөрдүн 70 пайызы сейсмикалык талапка туура келбейт.


Мисалы, 2009-жылы он жаңы сейсмикалык станция алдык. Андан сырткары алты жакшы жабдык алып келдик. Аларды, буйруса, жакында орноштура баштайбыз. Иликтөөгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, тилекке каршы, жетиштүү эмес. Анткени Нарын, Ат-Башыда бирден эле сейсмикалык станция бар. Бир өрөөнгө жок дегенде 3-4 станция коюлуш керек.

Бир станциянын берген маалыматы көп так болбой калат. Ошондуктан жер титирөөнүн очогу кайсы жерде болгонун аныктоодо ката кетип жатат. Аны башка ыкмалар, башка станциялар менен тактоо керек болууда. Эгер ушул маселени чечип алсак, биринчиден, жер титирөөнүн очогун тактайт элек. Экинчиден, алдын-алуу жана башка иликтөөлөргө жардам бермек.

- Маегиңизге рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: Гаитиде катуу зилзала болду

Тогуз миллиондой калкы бар Гаитиде күчү дээрлик 7 баллга чейин жеткен жер титирөө 13-январда катталды. Кызыл чырым уюму жер титирөөдөн жапа чеккендердин жалпы саны 3 миллионго жетиши мүмкүн экенин билдирүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG