Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Адашпа! Кесипти туура танда!


Ар бир кесип ардактуу. Бирок кайсынысы сиз үчүн?
Ар бир кесип ардактуу. Бирок кайсынысы сиз үчүн?

Жаштар арасындагы жумушсуздукту кыскартуу, аларды суроо-талап күчтүү болуп жаткан адистиктерге кайра даярдоо боюнча иш-чаралар колго алынат. Бул багытта эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги жаңыдан түзүлгөн Жаштар министрлигинин көмөгү менен биргеликте “Сен өзүң чечесиң” деген аталыштагы долбоордун алкагында айыл жаштарынын арасында кеңеш берүү, колдоо жана багытоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли боюнча Кыргызстан алдыңкы саптагы өлкөлөрдүн катарын толуктап турат. Жумушсуздуктун айынан эмгекке жарамдуу калктын отуз пайыздан ашууну өлкөдөн сыртка чыгып кеткен.

Москвада төрт жылдан бери иштеп жаткан 23 жаштагы Кемелбек азырынча мекенге кайтып келүү ниети жок экендигин билдирди:

- Айлык жакшы дегенинен келгем. Алгачкы келгенде аябай кыйынчылыктар болду. Көнгөнчө аябай кыйналдым. Учурда деле жумушум оор, унаа жуугучта иштейм. Дайыма суу менен нымдуу жерде иштөөгө туура келет. Айрыкча кыштын күнү кыйын эле. Эки бөлмөлүү батирде жыйырмадан ашык адам жашайбыз. Кыргызстанда дагы деле кыйынчылык экен. Барган менен жумуш таба албайм. Ошон үчүн кыйналсам деле бул жакта иштеп турам го.

Жакынкы чет өлкөлөргө кетип жаткан кыргызстандык эмгек мигранттарынын өзөгүн 17 жаштан 45 жашка чейинки калктын катмары түзөт. Эмгек жана миграция министри Айгүл Рыскулова ылайыктуу кесиптик даярдыгы жок кетип жаткан жаштардын көпчүлүгү чет элдик иш берүүчүлөрдүн алдамчылыгынын жана эзүүсүнүн курмандыктары болуп калып жатышкандыгын белгиледи:

- Жаштарыбыз мектепти бүтүп-бүтпөй атайын квалификация албай Орусияга же башка чет мамлекеттерге акча табуу максаты менен кетип жатат. Көп нерсени билбей кетип жатышат, ал жакта эмне иш кылыш керек экендигин билишпейт же тилди билишпейт. Ошон үчүн башка мамлекетке кетсе да бир нерсе үйрөнүп алып барышса жакшы болмок. Бул багытта жасай турган иштер көп.

Адистердин айтымында, өлкөнүн экономикасы оор абалда турганда Кыргызстандан кетип жаткан жаштарды кармап калууга мүмкүн эмес. Ошол эле учурда эмгек күчүн өнүккөн өлкөлөргө заманбап шарттарда экспорттоонун мамлекеттик программасы да иштелип чыга элек. Анын себептерин Айгүл Рыскулова Кыргызстандагы жумушчу адистиктерге даярдоочу окуу жайларындагы билим берүүнүн сапаты менен байланыштырды.

- Кыргызстандын ичиндеги окуу жайлары биздин жаштарыбызды жакшы бир базада жакшы адистиктер боюнча сапаттуу даярдай алса мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бирок учурда андай болбой жатпайбы. Чет өлкөгө чыгуу үчүн тилди эмес, кайсы кесипке окугандыгын билбей бүтүрүп чыгып аткандар аябай эле көп. Учурда үч айдан бир жылга чейинки кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп, аларды эмгек рыногуна чыгаралы деп жатабыз. Быйыл отуз бир орто окуу жайынын имаратын ремонттоп, жаңы жабдуулар менен камсыздап, мугалимдеринин билимин өркүндөтүп, жаңыча ишти баштайлы деп жатабыз.

Айылдык жаштар арасында өтө турган “Сен өзүң чечесиң” деген аталыштагы үгүт кербени да кесип тандоого багыт берүү жана жумушсуздукту чечүү маселелерине багытталмакчы. Долбоорду колдогон Германиянын техникалык кызматташтык уюмунун өкүлү Гизела Хайфа айым маалыматтык-үгүт иш-чарасынын негизги максаты жаштардын өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн ойготуу экендигине токтолду:

- Бул маалымат-үгүт кербенинин негизги өзөгүн жаштарды көп жактуу маалымдандыруу маселеси түзөт. Бул жерде бир гана ВИЧти алдын алуу же маңзаттарын колдонууну эскертүү эмес. Же болбосо жалаң эле техникалык орто билим берүүнүн маселелери жөнүндө гана болбойт. Мында биз жаштардын жалпы проблемаларын ичине камтыган, алардын жүрөгүн өйүгөн бардык маселелерге чогуу жооп издейбиз. Маалымат кербени “Сен өзүң чечесиң” деп аталат. Мына, аталышынын өзүндө айтылгандай, жаштардын өздөрүнүн маселелерин чечүүдө алардын өз алдынчалуулугун калыптандыруу максаты турат.

Кыргызстанда жүздөн ашуун жогорку окуу жайлары бар. Алардын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик көпчүлүгү кесиби боюнча жумуш таба алышпайт. Аталган долбоор мына ушундай абалда калган жаштарды суроо-талап күчтүү болуп жаткан адистиктерге кайра даярдоого көмөк көрсөтөт. Ошондой эле өспүрүм жаштар арасында кесип тандоого багыт берүү иштери колго алынмакчы.
XS
SM
MD
LG