Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Шайлоонун “шайтан оюндары” башталдыбы?


Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү соңуна чыгууда.
Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү соңуна чыгууда.

Шайлоо жакындаган сайын “кара пиар” өнөктүгү күч алууда. Айрым партиялар өлкө президентине кайрылып, мыйзамсыз иштерди токтотуу талабын коюшту.

Сентябрь айынын онунда башталган үгүт өнөктүгү аягына чыгып баратат. Эгерде өнөктүктүн биринчи жарымында ири партиялар миңдеген адамдарды топтоо менен өзүн көрсөтүп, атаандашынын эсин оодаргысы келсе, акыркы этапта “кара пиарга” көбүрөөк көңүл бөлүнө баштады окшойт.

Маселен, 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү “Учкун” мамлекеттик басмаканасынан “Айыл турмушу” аттуу гезит басылган. Расмий көргөзмөсүндө гезиттин нускасы 10 миң экени белгиленген. Ошол эле учурда “Ар-намыс”, “Ата Журт”, “Республика” жана “Жашасын Кыргызстан” партиялары гезиттин чыныгы нускасы 210 миңге жакын экенин жана ал нуска тартип коргоо органдары тарабынан кармалганын билдирип чыкты. Гезиттин кармалган санында “Ар-намыс”, “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Республика” партияларын жана алардын лидерлерин бир жактуу каралаган макала, маалыматтар жарыяланган.

“Ар-намыс” партиясы болсо бул гезитти бийликтеги бир партия каржылап чыгарган деген билдирүү жасаган.

Шайлоону которуу амалыбы?

Ага удаа эле Кыргызстан социал-демократиялык партиясы “Айыл турмушу” басылмасы менен эч кандай байланышы жоктугун билдирип чыкты. “Ар-намыс” партиясынын билдирүүсүндө ошондой эле бийликтеги кайсы бир партия шайлоону башка мезгилге которууну көздөп жатканы дагы белгиленген.

Фарид Ниязов
КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов мындай айыптоолорду төгүндөдү:


- КСДПнын дарегине айтылган айыптоолор таңданууну гана жаратат. Бул партия 17 жылдан бери шайлоо эркин жана демократиялык мүнөздө өтүүсү үчүн күрөшүп келген. КСДПнын лидери жана биздин талапкерлер бүт өлкөнү кыдырып, элди чынчыл шайлоого үндөп келатат. Ал эле эмес шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн чагымчыларды кармап, жоопко тартууну талап кылууда.

Бийликтин партиясы шайлоону кандай себептин негизинде которууну көздөп жатат деген суроого “Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова мындай жооп узатты:

Бөдөш Мамырова
- Президенттин бир декрети менен шайлоону кийинкиге жылдырып койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой нерсени буга чейин эле айтып келишкен. Ошентип ошого азыр негизди түзүп жатышат. “Кара пиарларды” уюштуруп, бири-бири менен кайраштырганга аракет жасашууда. Анан бир партиялар бири-бири менен согуша турган болсо, эптеп эле бир чыр чыга турган болсо, чырдын негизинде шайлоону жылдырып коёт. Буга кызыкдар мына ошол бийликтин партиясы.

Шайлоону жылдырууга негиз жок

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамарайымов шайлоону которууга эч кандай негиз жок экенин айтат:
Абдумомун Мамараимов

- Азырынча даярдык жүрүп жатат. Мыйзам чегинде баары жакшы кетип жатат. Анан бизде өтө кооптондура турган маалыматтар жок. Мыйзам бузуулар болуп жатат деген арыздар түшүп жатат. Ансыз болбойт экен. Бирок шайлоону токтотуу, аны которуу жөнүндө маселе эч кимдин оюна келген жок. Мындай болушу мүмкүн эмес.

“Айыл турмушу” гезитинин партиялар айтып жаткан мыйзамсыз басылган нускасын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери алып кеткен. УКМКага бул маселе боюнча кайрылганыбызда азырынча эч кандай маалымат жок экендигин гана айтышты.

КСДПнын өкүлү Фарид Ниязовдун маалымдоосуна караганда, “кара пиарга” Казакстандын КТК каналы дагы киришүүдө. Бул телеканал өткөн күндөрү КСДП жана “Ата Мекендин” лидерлери боюнча терс кадрларды көрсөтүп, маалыматтарды таркаткан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG