Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Добуш бергендерди электрондук система санап жатат


Бишкектин бир добушканасындагы добуш берүү, 10-октябрь.
Бишкектин бир добушканасындагы добуш берүү, 10-октябрь.

“Республика” партиясынын штабындагы электрондук система добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санын эсептеп, саат сайын жаңы маалымат берүүдө.

Компьютер, уюлдук телефон жана башка байланыш шаймандары менен камсыз болгон демилгечи 153 оператор республиканын аймактарындагы бардык шайлоо участкаларынан саат сайын маалымат алып жатышат.

- Бул жерде добуш биздин партияга берилгени-берилбегени билинбейт. Мисалы бир участкага 100 киши келсе, анан жыйынтыгында ал жерде 105 бюллетень болуп калды дейли. Ушундай нерселерди көзөмөлдөөнү максат кылып жатабыз,- деди байкоочулардан маалымат алып жаткан оператор Айбек Иманов.

Альтернативдүү коомдук көзөмөл

Аталган партиянын шайлоо штабынын жетекчисинин орун басары Канат Тургумбековдун билдиришинче, электрондук саноо системасын ишке киргизүүнү башка бир катар партиялар дагы колдошкон. Шайлоо участкаларындагы партиянын атайы дайындалган байкоочусу башка партиялардын байкоочулары менен бирдикте келген шайлоочулардын санын тактап, макулдашып, штабдагы операторлорго маалымат берип турушат. Алынган маалыматтар компьютерге киргизилип, саат сайын жаңыланып көрсөтүлүп жатат.
Оштогу бир шайлоо жайынан көрүнүш, 10-октябрь

Бул жерде шайлоочунун кимге добуш бергени эмес, канча шайлоочу келгени аныкталыш керек. Жыйынтыгында алардын сандык көрсөткүчү БШКнын “Шайлоо” системасындагы акыркы эсептер менен дал келиши зарыл.

Канат Тургумбековдун айтымында, бул система юридикалык күчкө ээ эмес, бирок бул шайлоочулардын добушун сактап, акыйкат шайлоонун өтүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

- Биз муну альтернативдүү коомдук көзөмөл десек болот. Баарына ушундай иш-чара жасайбыз деп маалымат берип койгонбуз. Биз эч кимге тоскоол болбойбуз. Мыйзамдык жагынан да тыюу жок. Кайнак сууга ооз күйгүзгөндөн кийин сүттү үйлөп ичет дегендей эле система болуп калды да. Жыйырма жылдан бери шайлоолорго ишенбей жүрдүк. Эми бул жолу ишенбөөчүлүк деп айтсак болбойт, алдын алуу аракети десек болот. БШКнын санагы биздики менен дал келсе, биз дагы БШК ачык таза шайлоо өткөрдү деп колдоп чыксак деген ой бар.

Жарыша саноо: эсептер дал келеби?

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Мурадил Жанжалбеков партиялар тарабынан мындай ыкмада жарыша саноолор ага түшүнүксүз болуп жатканын белгилейт. Анын пикиринде, шайлоо участкаларындагы протоколдордо көрсөтүлчү маалыматтардан тышкары телефондук жол менен алынган маалыматтар партиялардын өздөрүн кандайдыр бир чаташтырууга алып келиши мүмкүн.
Шайлоочулар добуш берүүгө кирип баратат, Ош.

- Ансыз деле биз ар бир шайлоо участкасына элүүдөн протокол бердик. Ошол элүүнүн ичинен партиянын байкоочуларынын сурагандарына берилет. Ошону алып туруп эле эсептешсе мен түшүнөт элем. Анан телефон аркылуу алган нерсе - бул эми юридикалык негизделбеген нерсе да. Эгерде протоколго туш келбегендей кылып туруп өздөрү эсептеп чыгышкандан кийин, алган добуштары ошол пайызга жетпей калып же туура эмес болуп калса, шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, гезиттерге жарыяланганда ошондо эле көрүнүп калат. Ошондо алар сотко кайрылса эле жеңип алат. Мунун эч кыйынчылыгы жок.

Талдоочу Уран Ботобеков добуш берүүгө катышкан шайлоочуларды параллелдүү саноо аракетинен чочулоого негиз жок экендигин белгилейт. Анткени ушул тапта 29 партиянын ар бир байкоочусу шайлоо участкаларында адаттагыдай эле өзүнүн эсептөөсүн жүргүзүп жатат:

-Өздөрү үчүн эсептей беришсин. Андан эч коркуунун кереги жок. Ал болгону саясий упай топтоо амалында болуп жаткан нерсе. Эгерде алар БШКга, ал жердеги башка партиялардын байкоочуларына, өздөрүнүн байкоочуларына ишенбесе, андай кылууга акылары бар. Кээ бир партия антип деле төш кагып чыккан жок, өздөрүнчө эле эсептеп жатышат. Менимче эми айрым дал келбөөчүлүктөр болот. Плюс-минус бир он пайыздын тегерегинде айырма болот. Бул дүйнөлүк практикада дайыма ушинтип көрсөтүлүп келет. Эч нерсе болбойт.

Атаандаш электрондук эсептөө системасынан тышкары башка партияларга да кошумча эсептөө мүмкүнчүлүгүн берген дагы бир ыкма колдонулуп жатат. Ага ылайык, ар бир шайлоо участкаларында шайлоо комиссиясынын уруксаты менен атайы таблицалык плакаттар илинген. Ага саат сайын партиялардын байкоочулары колдо бар маалыматтарын текшерип, макулдашып, канча киши ошол саатта добуш бергенин жазып, кол коюп турушат. Бул нерсе дагы шайлоонун жыйынтыгы менен салыштырылмакчы.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG