Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Бүгүн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү


Бишкектеги бир добушканада шайлоочуга бюллетен берилүүдө.
Бишкектеги бир добушканада шайлоочуга бюллетен берилүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймагында 2289, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо түйүнү түзүлгөн.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 836 миң 567 киши киргизилген. 27-июндагы референдумга салыштырмалуу добуш берүүчүлөрдүн саны 69 миң кишиге көп болду.

27-июнда өткөн референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин курамы түзүлгөндөн кийин Кыргызстан парламенттик республика болот. Президенттин укуктары азайып, парламент премьер-министрди шайлайт. Өкмөт башчы шайлоодо жеңген партиялардын ичинен министрлер кабинетинин курамын жана структурасын түзөт.
Бишкектин бир добушканасындагы добуш берүү

120 орундуу жаңы парламентке 29 партия ат салышууда. Шайлоодо жеңүү үчүн партиялар республика боюнча эң аз 5 пайыз, 7 облустан 0.5 пайыз добуш алышы керек.

БШКнын өкүлү Абдымомун Мамараимовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Кыргызстан шайлоого даяр жана бул ирет шайлоонун жүрүшүнө элүүдөн ашуун өлкөдөн 850 эл аралык байкоочу көз салмакчы. Алар: ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, КМШ, ЕврАзЭШтин парламенттер аралык ассамблеясы, ШКУ миссиясы, Европа парламенти өңдүү уюмдар. Булардан сырткары ушул күнү беш миңден ашуун жергиликтүү байкоочу шайлоонун жүрүшөнө көз салат.

Парламенттик шайлоону бул ирет чет өлкөлөрдүн 60тан ашуун маалымат каражаттарынан 135тен ашуун журналист чагылдырмакчы.
Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш

Шайлоо күнү өлкөнүн бардык аймактарында коомдук тартипке жалпысынан 7 миң милиция кызматкери көз салат. Аларга 13 миңге чукул элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшөт. Ички иштер министрлигинин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынын өкүлү Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” айтымында, ушул сааттарда ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде милдеттерин аткарууда. “Кооптонууга негиз жок, оперативдүү кырдаал ички иштер органдарынын көзөмөлүндө”,-деди Р.Ахмедов.
Бишкектин бир добушканасындагы добуш берүү

Шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө максатында милиция 5-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Кечээ (9-октябрда) президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо алдында Кыргызстан калкына кайрылуу жолдоду. Анда президент шайлоо мамлекет жана жалпы элдин келечеги үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.

“Биз жөнөкөй эле парламентти шайлап жаткан жокпуз, биз мамлекеттик башкаруунун жаңы системасы катары - парламенттик республиканы жаратып жатабыз. Ошону менен биз Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагын ачабыз. Биз байыркы кыргыз тарыхына, биздин элдин менталитетине таянуу аркылуу бул кадамды жасап жатабыз. Мамлекеттик бул форма биздин өлкөгө океандын ары жагынан, башка континенттен келе калган жок. Жакынкы келечекте Кыргызстандын эли бүткүл дүйнөгө өзүн эркиндикти сүйгөн, демократиялуу улуттук руху бар эл экендигин далилдей алат деп мен терең ишенемин”,-деди президент айым өз кайрылуусунда.

Мындан сырткары Р.Отунбаева мурдагы эки башкаруу системасы элдин байлыгын уурдап, коорупцияны өркүндөтүп, экономикалык өнүгүүнү токтотуп, соңку жылдары жакырчылык менен миграциянын агымын күчөткөнүн белгиледи.

Шайлоо түйүндөрү бүгүн кечки саат 8де жабылат. (ZMa/KE)

XS
SM
MD
LG