Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Өнөрпоздор шайлоо өнөктүгүндө


Буга чейин болуп келгендей эле бул жолу да шайлоо өнөктүгүндө саясий партиялар үгүт иштерине ырчы, куудулдарды пайдаланышууда. Айрым ырчылар ушундай саясий өнөктүк мезгилинде өнөрпоздор аздыр-көптүр каражат топтоп аларын айтышса, айрымдары партия тарабынан берилген убадалар аткарылбай калган учурлар кездешерин билдиришти.

Айрым массалык-маалымат каражаттары саясий партиялар менен белгилүү ырчылар үгүт концерттери үчүн келишим түзүп, 1 миң доллардан 10 миңден ашуун доллар каражат таап, кирешеге тунуп жатышканын жазып чыгышты.

Шайлоодогу үгүт концерттери үчүн эң көп акча белгилүү ырчылар Мирбек Атабеков, Ома жана Омарга төлөнгөнү маалымдалууда.

Куудул Жаныбек Алыкулов айрым гезиттер эстрада ырчылары жөнүндө маалыматтарды апыртып, шайлоодо иштеп тапкан каражаттарын эки эселентип жиберишкенин белгилеп, артисттер каражат табуудан тышкары партияларга саясий упай топтоодо да чоң күч деп эсептейт.

- Көбүнчө артисттерди саясий партиялар өздөрүнүн программаларын элге жеткирүү үчүн колдонушат. Ал эми азыр артисттер элди кыдыра албай калды да. Шайлоонун шарапаты менен эл менен бетме-бет жолугушуп, чыгармачылык бугубузду чыгарып атабыз.

Жаныбек Алыкулов шайлоого көп саясий партиялар аттанып чыкканда карапайм эл бекер концерттерден тажап калышат экен дейт.

Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиеванын айтымында, жаңы аты чыгып келаткан ырчы бир күнгө 100 доллардан макулдашса, элге аты-жөнү белгилүү болуп калгандар 250-300 долларга чейин, эң мыктылары 1000 долларга келишим түзүшкөн. Ал ошондой эле ар кайсы партияларда өнөрпоздорго төлөмдөр ар кандай болгону менен кээ бир партиялардын лидерлери тааныш, жердеш, тууган артисттерден топ кураганын да белгиледи. "Кээ бирде партиялар менен оозеки макулдашылып, төлөөгө келгенде ырчылардын укугу бузулган учурлар өзүнчө чоң маселеге айланды",-дейт ырчы.

- Кимиси кандай төлөйт? Артисттердин укуктары корголобу, корголбойбу? Менин оюмча бул өтө чоң маселе болуп келүүдө. Анткени мен үгүт кылып иштеген партия тарабынан менин укугум корголгон жок. Ооз эки макулдашылып, кагаз түрүндө келишим түзбөй он күн иштеп, азыр өзүмдүн иштерим менен алектенип жүрөм. Бир четинен бул болуп жаткан иш-чара артисттерге да жакшы эле деп ойлойм. Анткени артисттер ыры, өнөрү менен каражат табат эмеспи.

Элеттик көрөрмандар үчүн майрам

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артистти Асылбек Өзүбеков ал өзү мүчө болуп кирген партиянын үгүт иштерине 40ка чукул ырчы-чоорчулар келип, акысына көп каражат сурашканын, жыйынтыгында партиянын программасын, ишин колдогон саналуу өнөрпоздор менен эл кыдырып келгенин билдирди.

- "Ата Мекен" партиясы өтө бай партия эмес. Бул элдик партия болуп жүргөн, акчасы анча көп эмес партия деп айттык. Анан иргелип-иргелип отуруп партияга ишенген, жүрөгү менен берилген күчтүү ырчыларыбыз калды.

Омар
Асылбек Өзүбеков саясий өнөктүктө артисттер акча табууну эле максат кылбастан, биринчи кезекте канча жылдан бери борбордон алыс калган көрөрмандар үчүн мыкты программадагы концерт тартуулаш керек деген көз карашта.

Ал эми Кыргыз эл артисти Юрий Бобков шайлоо өнөктүгүндө саясий партиялар менен иштеген өнөрпоздордун концерттик программасынын сапатына көзөмөл жоктугун, аларга партиялар канча каражат жумшаганы тууралуу так маалымат айтуу кыйын экендигин билдирди.

"Колунда бар адамдар менен оозеки келишип, той алып баруу же кандайдыр бир иш-чарасын уюштуруп берүү опурталдуу",-дейт Мурат аттуу тамада жигит. Анын айтымында, айрым учурда бай адамдар макулдашылган каражаттын жарымын эле берип, кээде кемсинткен кездери да болот.
XS
SM
MD
LG