Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Убактылуу өкмөттүн курамы суюла баштады


Кыргызстан парламенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Шайлоо мөөнөтү расмий жарыялангандан соң Убактылуу өкмөттү жетектеп турган мүчөлөрүнүн көбү кызматын өткөрүп бере тургандарын билдиришкен. Алардын алды кызматтан кетүү боюнча арызын бере баштады. Анткен менен Убактылуу өкмөттүн башында турган партия өкүлдөрүнүн кайра мыйзамдык ассамблеяга биригиши айрым саясатчылардын сынына кабылууда.

Мыйзамга ылайык, шайлоо мөөнөтү 90 күн эрте эмес, 60 күндөн кеч эмес убакыт ичинде жарыяланышы керек. Мөөнөтү аныкталгандан соң учурда Убактылуу өкмөттүн башында турган, шайлоого катышам деген өкүлдөрү кызматын ташташы керек.

Мындай ниеттерин буга чейин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, жакында эле өзүнүн “Азаттык” демократиялык партиясын түптөгөн Исмаил Исаков, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Болот Шер, Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров билдиришкен.

Элмира Ибраимова
Алардын айрымдары кызматтан бошотуу боюнча арызын бере баштады. Алсак Убактылуу өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген мүчөсү Элмира Ибраимова ушундай арызын 6-июлда тапшырды. Ал муну өлкөдө кырдаал турукташып калганы, эми өлкөдө легитимдүү президент бар экени жана ал жаңы өкмөт түзүшү керектиги менен түшүндүрүүдө.

- Ким шайлоого катыша турган болсо ал ээлеген кызматынан кетиши керек. Ал эми мен азырынча шайлоого катышар, катышпасымды аныктай элекмин. Эгер катышсам кайсы партиянын катарына кире турганымды да чече элекмин. Башка да көз караштар бар. Мен үчүн өлкөнүн өнүгүшү үчүн конкреттүү жумуш менен алектенген туура деп ойлойм. Убактылуу өкмөттүн курамында, өз кызматымда пайдалуу бир нерсе жасап, колдон келген аракетти көрдүм деп ойлойм.

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов “Айкөл Эл” партиясын түзүп, кызматын таштаган болчу. Ал өз партиясынын атынан парламенттик шайлоого катышарын билдирип келет.

Темир Сариев
Ал эми Каржы министринин милдетин аткарып жаткан Темир Сариев шайлоо мөөнөтү жарыялангандан соң шайлоого барбаган, бирок кайсы бир партияны жетектеп турган Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү да кызматтан кетиши керек деген пикирде. Анын айтымында, бардык партияларга бирдей шарт түзүлүшү үчүн ушундай кадамдар жасалышы керек.

- Шайлоо убагы жарыяланган күндөн баштап баарыбыз тең өз кызматтарыбыздан кетебиз. Бардыгына бирдей шарт түзүлүшү үчүн аткаруу бийлиги кетиш керек. Шайлоого барбаса да кетиш керек деп айтып жатабыз. Июль айынын ортосуна чейин убакыт бар.

Убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Алмазбек Атамбаев буга чейин шайлоого катышпай турганын билдирген эле. Айрым расмий эмес маалыматтар боюнча анын шайлоого катышууга ниеттенип жатканы айтылууда. Бул багытта А.Атамбаевдин өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Азимбек Бекназаров
Ал эми Убактылуу өкмөттүн сот, прокуратура тармагын жетектеген мүчөсү Азимбек Бекназаров А.Атамбаев шайлоого барбаса Бириккен Элдик кыймылдын атынан өзү шайлоого ат салышарын буга чейин билдирген. Ал учурда бул маселе толук чечиле электигин, бирок шайлоого катыша турган болсо кызматын сөзсүз таштай тургандыгын кабарлады.

- Шайлоого ким катышса ал сөзсүз түрдө кызматын ташташ керек. Шайлоо кодексинин ушундай талабы бар. Жакында партия жаралат, анын курултайы болот. Шайлоого катышуу, катышпоо маселесин мен жалгыз чечпейм, партия чечет.

27-июнда референдумдун алгачкы жыйынтыктары чыккандан соң билдирүү жасаган президент Роза Отунбаева мыйзамдык ассамблея түзүлүп, ал парламенттин убактылуу милдетин аткара турганы, ага 17-мартта оппозициянын Элдик курултайында сунуштарды киргизген партиялардын өкүлдөрү кирерин айткан эле. Ал партиялардын көбү учурда Убактылуу өкмөттүн башында турат. Темир Сариев өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мындай орган зарыл деген пикирде.
Эдил Байсалов


- Жоопкерчиликти алгандан кийин аягына чейин туруш керек. Тобокелге салып кете албайбыз. Ассамблея кескин түрдө, саясий акыбалга карата чукул мыйзамдарды кабыл алуу маселесинде гана чогулат. Андан башка мүмкүнчүлүгү жок болот.

Т.Сариевдин айтымында, бул көп эле өлкөлөрдүн практикасында бар. Деген менен айрым саясатчылар Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кызматын таштаган менен, ассамблеяга кайра биригүү кадамын мыйзамсыз, бийлик башында туруп шайлоону көзөмөлдөө аракети катары баалап жатышат.

Исхак Масалиев
Алардын бири Коммунисттер партиясынын төрагасы, мурдагы депутат Исхак Масалиев бул бийликте калуунун бир жолу деген пикирде:

- Бийлик деген абдан таттуу нерсе окшойт. Ага жеткенден кийин кетүү оңой эмес. Андан көрө уялбай эле Баш мыйзамга 7-апрелден кийин келген Убактылуу өкмөт түбөлүккө калсын деп жазып коюш керек. Бул мыйзамга туура келбейт. Мен жаран катары ага макул эмесмин.

Шайлоо ушул жылдын 10-октябрында болот деп болжолдонууда. Бирок бул боюнча расмий жарыялана элек. Президент Роза Отунбаева болсо алгачкы кадамдардын бири - парламенттик шайлоо мөөнөтүн жарыялоо, жаңы өкмөттүн курамын бекитүү экенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG