Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Соттук териштирүүлөр митинг менен коштолду


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу 4 партиянын арыздары 5-ноябрда сотто каралып, териштирүүлөр “Бүтүн Кыргызстандын” пикети менен коштолду.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда парламенттик шайлоого байланыштуу “Акыйкат”, “Замандаш”, “Жашасын Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын арыздары боюнча соттук териштирүүлөр 5-ноябрда өттү.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Орусиядагы шайлоо бекеттеринде добуштардын жокко чыгарылышынын мыйзамдуулугун соттук териштирүүгө койсо, калган партиялардын орток максаты бюллетендерди кайра карап чыгуу, ал үчүн Бишкекте Ленин заводунда сакталып турган бюллетендердин коопсуздугун сактап, кол тийгиздирбөө жана шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгаруу болду. Булардын ичинен “Замандаш” партиясынын айтылган талаптарды кошуп, добуш берүүдө мыйзам бузгандарды жоопко тартуу талабын сот негизсиз деп таап, канааттандырган жок.

Калган партиялардын соттук иштери кийинки жумага калтырылды. Сотко кайрылып жаткан “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева талаптардын негизгиси шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу экендигин билдирди:

- "Ленин" заводунда турган бюллетень, протоколдордун козголбошун талап кылып жатабыз. Далилдик материал ошолор да. Биз берип жаткан арыздарга ошол далилдик материалдар керек. Эртеңки күнү эгерде “добуштарды эсептеп чыксын” дегенди утуп алсак, анда бюллетендер керек болот. Экинчиден, кошумча тизме деген жокко чыгарылсын деп жатабыз. Үчүнчү талабыбыз болсо жалпы шайлоонун жыйынтыгы боюнча токтомду жокко чыгаруу.

Парламенттик шайлоо байланыштуу соттук жараяндардын бири жабык эшикте артында өтсө, айрымдары ачык түрдө болду. Соттук териштирүүлөр өткөн бөлмөлөрдүн тардыгы айрым партия өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты. Соттук иштин жабык эшик артына өтүшүнө байланышуу “Акыйкат” партиясы нааразычылыгын билдирип, сотко ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыкты.

Далилдер жетишсиз, бирок арыз бар

Шайлоо боюнча соттук териштирүүлөргө жооп берүүчү катары БШК мүчөлөрү да катышып, соттун чечимине жараша гана аракет кылышарын билдирип келишет. Алсак соттук териштирүүлөргө жооп берүүчү катары катышып жаткан БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров сот кайра саноо туурасында чечимин чыгарса бюллетендер кайра санала турганын билдирди. Анткен менен БШК мүчөсү Эрик Ирискулбеков коюлуп жана келтирилип жаткан арыздардын айрымдарынын негизсиз экендигин белгилеп өттү:

- Арыз боюнча протоколдор туура эмес толтурулган аймактардагы добуштарды жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Бирок “Жашасын Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү өздөрүнүн арыздарында жетиштүү далилдерди келтире алышкан жок. Мен мындай арызды негизсиз деп эсептейм. Биз БШК чыгарган чечимди, өз турумубузду коргойбуз.

5-ноябрда түштөн кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызы каралып жатканда партиянын кеминде сексенден ашык тарапкерлери “бизге чындык керек”, “сот БШКнын эмес, элдин сөзүн айт” өңдүү чакырыктар менен Биринчи май райондук сотунун алдына митингге чыгышты. Бул пикет “Бүтүн Кыргызстан” партиясы катышкан соттук териштирүү бүткөнгө чейин улантылды. Аталган партиянын мүчөсү Марат Кайыпов тарапкерлер партиянын парламенттик шайлоо алган добуштарын коргоо максатында чыкканын баяндады:

- "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы, өзүнүн мыйзамдуу жол менен уткан жеңишин коргоо аракетин жасап жатабыз. Биз элдин алдына убада бергенбиз, берген добушуңарды коргоп калабыз деп.

Натыйжада 5-ноябрда төрт партия катышкан төрт соттук териштирүүнүн бирөө боюнча соттун чечими чыгып, “Акыйкат” жана “Жашасын Кыргызстан” партияларынын арызын кароо 9-ноябрга жылдырылды. "Акыйкат" партиясынын арызы боюнча соттук ишти жылдырууга тараптарда жетиштүү документ жана далилдердин жоктугу себеп болсо, “Жашасын Кыргызстан” партиясынын соттук ишинин кийинкиге жылдырылышы убакыттын жетпей калгандыгы менен түшүндүрүлдү.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясын арызын кароо болсо 10-ноябрга калып, буга Орусиядагы айрым шайлоо бекеттеринде добуштардын жокко чыгарылышы боюнча экспертизанын жыйынтыгы тууралуу документтин түп нускасынын жоктугу себеп болду.

Буга чейин Коомдук парламент жана "Мекен шейиттеринин" парламенттик шайлоого байланыштуу арыздар сотто каралган. Соттук иштердин уланып жатканына байланыштуу парламенттин алгачкы отуруму кийинки аптага жылдырылган.

XS
SM
MD
LG