Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Ош: Оппозиция - бийлик жаштарынын кайым айтышы


«Азаттыктын» Оштогу кеңсесинде жаштар өкүлдөрү президенттик шайлоо кандай өткөнүн талкууга алышты.


Талкууга «Ак жол», Социал-демократтар жана «Ата Мекен» партияларынын жаш лидерлери катышты.

"Азаттык":
-Урматтуу жаштар, 23-июлдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын сиздер кандай кабыл алдыныздар?

Абдулвосид Гапаров, «Ак жол» партиясынын өкүлү:

- Мен шайлоодо көз карандысыз байкоочу катары катышып эч кандай мыйзам бузууларга, келишпестиктерге күбө болгон жокмун. Биз добуштар уурдалды, шайлоо мыйзамсыз дегенден алыс болушубуз керек. Атамбаев менен Назаралиевдин акыркы билдирүүлөрү «жеңилген күрөшкө тойбойт» деген эле түшүнүк. Шайлоо мыйзам чегинде өттү.

Айбек Исаев, Социал-демократтар партиясынын өкүлү:

- Жалпы Кыргызстан боюнча шайлоо таза өткөн жок деп ишенимдүү айта алам. Мен өзүм көргөн эле нерсени мисал тартайын, комиссиянын ар кандай аракеттерин эскерткеним үчүн саат 11лерде эки спортчу бала эки колуман кармап, жакалап, сыртка сүйрөштү. Анан кийин милицияларды чакырышты. Алар мени алаксытып жарым саат кармашты. Мен кайра киргенче, 300 добуш 1300гө айланып калыптыр. Мындай болушу мүмкүн эмес. Биз көп акттарды түздүк. Ушуну таза шайлоо деп айтышка ооз барабы?

"Азаттык": - Мына Айбек мырза белгилегендей «болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар» катталды деген ойду Куттубек сиз да ошол күнү кайсы бир участокто жолукканыбызда айткан элеңиз, конкреттүү мыйзам бузуулар тууралуу далилдериңиз барбы?

Куттубек Абдыллаев, "Ата Мекен" партиясынын Ош шаардык жаштар канатынын төрагасы:

- Мен шайлоо күнү Оштогу жогорку окуу жайлардын баарын кыдырып чыктым. Кээ бир участоктордо алардын паспортун да сурабай бюлеттендерди кагаз тараткандай таратып жатышты. Мен өзүм күбө болдум, мугалимдер менен студенттерди мажбурлап, 6-7 жолудан добуш берүүгө киргизип, анда да Бакиев деген белги коюлган бюлеттендерди берип жатышты. Биз муну видеого, сүрөткө тартып алдык. Бул шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй ыплас жол менен өткөрүлдү. Элдин 30 пайызы араң катышты шайлоого. Кошоматчылар болсо 80 пайызга чыгарып ийишиптир. Демек, өтө ыплас жол менен шайланган Бакиев - легитимсиз президент.

"Азаттык": - Кезекти «Ак жол» партиясынын жаштарына берели. Нургазы Каримов, сиз бүгүн оппозиция жаштары коюп жаткан «массалык мыйзам бузуулар», "Бакиев - легитимсиз президент" деген дооматтар канчалык жүйөөлүү деп эсептейсиз?

Нургазы Каримов, "Ак жол" партиясынын өкүлү:

- Биз кичнекей Кыргызстанда туруп алып, тоодо кой кайтарган аң сезимден өйдө болушубуз керек. Көптөгөн эл аралык, жергиликтүү байкоочулар катышып, шайлоо таза жана ачык өткөрүлдү. Шайлоо легитимсиз, анан тополоң кылабыз деген бул женилүүнүн гана ызасы.

"Азаттык": - Демек шайлоодо Курманбек Бакиевди сүрөөнгө алган жаштар, шайлоодо Бакиев таза жеңишке жетишти деп тыянак чыгардынар?

- Ооба, албетте таза женди. Ошто Атамбаевди колдогон саналуу эле адам бар. Алар оппозициябыз деп эле Өмүрбек Текебаевге кудайга ишенгендей ишенип алгандар. Экинчиден оппозиция лидерди туура эмес тандап алды. Маселен, Исмаил Исаковду чыгарышканда ал киши түштүктөн чоң колдоо тапмак.

"Азаттык": - Ал эми Бакиев зордук-зомбулук, добуш уурдоо жолу менен өлкө башчылыгына кайра шайланды деп билдирүү тараткан талапкерлердин өкүлдөрүн да угуп көрөлү. Айбек мырза, чын эле Курманбек Бакиев элдин чыныгы колдоосу менен таза женишке жеттиби?

Айбек Исаев, Социал-демократтар партиясынын өкүлү:

- Бакиев өзү убада бербеди беле, таза шайлоо өткөрөбүз деп. Андай болгон жок, мамлекеттик кызматта иштегендер толугу менен участоктордо иштеп жүрүштү. Мынча добуш алып берем деген жоопкерчилик алып алышкан. Мен бийликтин жаштарга жасаган мамилесине абдан капа болдум. Ыплас шайлоону башынан өткөрүп, он жолу добуш берген жаштар эртен кимге ишенет? Ошон үчүн жаштар акыл калчап, реалдуу карашыбыз керек.

Куттубек Абдыллаев, "Ата Мекен" партиясынын Ош шаардык жаштар канатынын төрагасы:

- Бул шайлоодо Бакиевди эл колдогон жок, аны «дежур чалдар» менен «дежур балдар», жеткен кошоматчылар колдоду. Накта президент деп жүрүшүп, Бакиевди 85 пайызга чыгарышып, эми кайра түшүрүп жатышат. Өтө ыплас шайлоо болду. Өкүнүчтүү. Ошол үчүн биз Оштогу кошоматчы эмес, таза жаштар Бакиевди президентибиз деп эсептебейбиз.

"Азаттык":
- Талкуу соңунда, кыскача токтолсоңор, жакында бириккен оппозиция мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын баштайбыз деп жар салышты, оппозициянын бул аракети Ош калкынан кандай колдоо табат деп ойлойсуздар?

Абдулвосид Гапаров, «Ак жол» партиясынын өкүлү:

- Колдоо таппайт. Себеби Атамбаевде позиция жок. Ал 2005-жылы Бакиевди сындап, андан соң кайра бийликке барып, кийин ал жактан кеткенден кийин эми кайра оппозицияда жүрөт. Жаштар кайсы Атамбаевге ишенет. Ошон үчүн акциялары колдоо тапайт. Азыр Бакиевди колдогондор арбын.

Айбек Исаев, Социал-демократтар партиясынын өкүлү:

-
Атамбаевдин үгүт иштеринде эле Ошто 5-6 миң жаштар бизди ачык болбосо да колдоп чыгышкан. Мына, студенттерди ушул аптапта кармап, мажбурлаган сайын алар бийлике кыжырданып, бизди колдошоорун айтышты. Мисалы бир паспорту жок студентти деканы өзүнүн пастортун берип Бакиевди шайлап чык деп жибериптир. Ал декандын паспорту менен кирип Атамбаевге добуш берген. Ошто азыркы бийлике нааразы адамдардын катары улам калыңдап баратат.

Нургазы Каримов, "Ак жол" партиясынын өкүлү:

- Оппозициянын акцияларын эч ким колдобойт, себеби алар лидерди туура эмес тандашкан. Элге азыр тынчтык, стабилдүүлүк керек.

"Азаттык": - Куттубек, сиздин оюңузча оппозициянын аракеттери кандай колдоого ээ болот, жаштар катмарынын маанайы кандай?

Куттубек Абдыллаев, "Ата Мекен" партиясынын Ош шаардык жаштар канатынын төрагасы:

- Туура, оппозицияны да, бийликти да колдогон жаштар бар. Бирок ким кандай жол менен колдоп жатат? Бийликти колдогон жаштар булар, сессиясын бүтүрө албай, бийликтин басымы алдында, ресурс катары пайдаланылып, мажбурланып колдоп жатышат. Көрүп, угуп жүрөбүз алар аргасыз Бакиев деп кыйкырып, анын футболкасын кийишип, ичинен ызырынып жүрүшөт. А оппозицияны колдогондор булар таза, ар-намысын жана абийирин сатпаган жаштар. Алар бийликтин коркутуусуна, кордугуна чыдап бир принципте жүрүшөт. Ошон үчүн биз таза шайлоо, чындык деп чыркырап жүрөбүз.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG