Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын мыйзамдык негиздери жана журналисттердин коопсуздугу боюнча суроолорго Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутаттык этика, регламент комитетинин төрага орун басары Динара Молдошева жооп берди.

- Динара айым, телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар жөнүндөгү мыйзам долбоорунун жагдайы кантип жатканына кызыгып жатабыз. Себеби 2008-жылдан бери бул долбоор иштелип бүтпөй, бир топ талаш-тартыштарды жаратып келе жатпайбы. Учурда сиз ушул долбоорду иштеп жаткан топту жетектейт экенсиз?

- Туура, өзүңүздөр билгендей биз 2008-жылы “Телерадио берүү жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алганбыз. Ал бүгүнкү күнгө чейин иштеп атат. Бирок тилекке каршы, анын 8-беренсине ылайык Кыргызстанда иштеп аткан телерадио компаниялар 50 пайыздан кем эмес кыргыз тилинде сүйлөш керек, 50 пайыздан кем эмес өзүнүн продукциясы болуш керек. Анан өзүңүздөр билесиздер, бүгүнкү күндө биздин көп компанияларда каражат, финансы, кадр жагынан таңсыктык болгондуктан бул нормалар бүгүнкү күнгө чейин иштебей жатат десек болот. Анан дагы бир жаңылык, күндөн-күнгө заманбап технологиялар жаңыланып, мисалы бүгүн спутник телевидение, кабель телевидениеси бар, санариптик телекөрсөтүү чыгып атат... Ошонун баардыгын жаңы долбоорго киргизип атабыз өзгөртүү, толуктоо катары. Бир жылдан бери иштеп атабыз бир жумушчу топ болуп. Ал жумушчу топко бир гана депутаттар эмес журналисттер, медиа менен иштеп аткан коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү кирген. Ошолор менен чогуу жаңы өзгөртүүлөрдү даярдап атабыз.

- Сиздин оюңузча, бул долбоор парламенттен колдоо табабы?

- Комитеттерден өткөн. Менимче, февраль айында пленардык жыйынга чыкса керек. Бирок бул жерде бир маселе бар, буга чейин маалымат каражаттары менен Маданият жана маалымат министрлиги иштеп келген болсо, өткөн күздөгү башкаруу системасын реформалоодон кийин бул министрлик жоюлуп, Маданият агенттиги болуп калды. Азыркы учурда биз өкмөт менен да сүйлөшүп атабыз, эми бул тармакта кайсы мамлекеттик орган иштейт деген маселе боюнча. Муну биз аныктап, мыйзамга киргизген соң гана долбоорду парламенттин жалпы жыйынына алып чыгабыз го.

- Кечээ ЖКнын Билим, илим комитети ММКлар жөнүндө жаңы долбоор иштелип жаткандыгын маалымдады. Бул тууралуу сиздин маалыматыңыз барбы, ал кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн?

- Ушул эле өзгөрүүлөр. Анткени бизде ММКлар жөнүндө мыйзамыбыз бар, ал 1998-жылдары кабыл алынган болуш керек, андан кийин жаңы редакциялары боло элек.

- Кечиресиз, анда журналисттердин коопсуздугуна байланыштуу кандайдыр бир беренелер барбы?

- Журналисттер жөнүндө өзүнчө биздин мыйзамыбыз бар. Аны дагы мен ойлойм, президенттик катчылыктын алдында өзүнчө жумушчу топ түзүлгөн. Ал жерге ар кандай мыкты адистер, медиа эксперттер кирген.

- Азыркы кезде журналисттердин коопсуздугу өтө курчуп турат деген маалыматтар бар, ага далилдер да келтирилип атат, мисалы Палюктун өлүмү дегендей. Сиз ушунун себебин кандай баалайт элеңиз саясатчы катары?

- Туура, бул фактылар бизди өзгөчө кооптондурат. Бирок ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 26 кол салуу болуптур журналисттерге. Биринчиден, журналисттер да жөнөкөй адамдар, алардын да жакшы көргөн, жаман көргөн адамдары бар, акыркы күндөрү өзүңүздөр билесиздер кылмыштуулук, жөн гана ээн баштык деген фактылар болуп атат. Журналисттер өздөрү деле жанагыдай кол салуулардан кийин бул эч кандай саясий эмес, менин кесиптик жумушума байланыштуу эмес, жөн гана ээн баштык деген учурлар да болуп атат.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG