Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ж.Мусабекова: Кызымды айтып коркутуп атышат


Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

“Форум” гезитинин башкы редакторунун орун басары Жылдыз Мусабековага ачык коркуткан телефон чалуулар, артынан андуулар болууда. Ал муну журналисттик ишмердиги менен байланыштырат. "Мен 20 жылдан бери оппозициялык көз карашта иштеп жүргөн журналистмин. Мындай нерсеге буга чейин дуушар болгон эмесмин" дейт журналист айым.

“Азаттык”: - Жылдыз, сиз иштеген “Форум” гезитинин жетекчилерине коркуткан телефон чалуулар, аңдуулар болуп атканы тууралуу маалымат чыгып атат. Ушулар туурасында айтып бериңизчи. Кандай болгон, кандай формадагы коркутуулар, алардын көздөгөнү эмне экен?

Жылдыз Мусабекова: - Мага 3-4 күндөн бери номери жашырылган телефондор менен чалып, унчукпай эле тыңшап атышкан. Төрт беш жолу тыңшагандан кийин, “сүйлөбөйсүңөрбү” десем “сенин 13 жашар кызың бар экен” деп, эң биринчи коркутуу ушундай болду. “Ооба менин кызым бар” десем, “анын бою узун экен, ал красавица экен” деп орусча сүйлөштү. “Сен өзүңдөн коркпосоң да кызыңдан корк” деп мага ачык эле коркутуу жүрүп атат. Бул коркутуу мурда эле болгон, бул экинчи жолу болуп атат. Чын эле менин бою мени менен тең, сулуу, жакшынакай кызым бар. Анан эки күндөн бери артымдан күмүш түстөгү, 87 24 деген номерлүү “лупарик”, жанагы тоголок көздүү Мерседес менин машинамдын артынан ээрчип жүрөт. Институт земледелияга чейин ээрчип келет дагы, ошол жерден калып калат. Ар түрдү телефон чалуулар болуп атат.

“Азаттык”: - Көздөгөндөрү эмне экенин айтышкан жокпу, кайсыл бир макала же материал үчүнбү, эмне себептен экенин?

Жылдыз Мусабекова: - Көздөгөнү эмне экенин айтпайт, болгону кызың бар экен деп коркутушат.

“Азаттык”: - Бул боюнча сиздер мамлекеттик тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылдыңыздарбы, “ушундай болуп атат” деп?

Жылдыз Мусабекова: - Тааныштарым аркылуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Фархат Үсөновго чалдым. Бирок ал киши азыр дарыланууда жүргөн экен. Ал Данияр деген орун басарына чалып, официалдуу түрдө арыз бергиле деди. Жогорку иш адамдарына эскерттим. Мен азыр билем, оппозициялык көз караштагы журналисттерге аңдуулар күч алууда.

“Азаттык”: - Ушул боюнча укук коргоочулар, Акыйкатчы менен байланышып көрдүңүзбү?

Жылдыз Мусабекова: - Акыйкатчы эми өзүнүн орун басарларынын ызы-чуусу менен жүрөт да азыр, укук коргоочулар деле долбоорлордун ызы-чуусу менен баштарын оорутуп жүрүшөт. Анан менин проблемама көп деле баштарын оорутушпайт го. Бирок кайрылабыз...

“Азаттык”: - Сиз өзүңүз кандай болжоп атасыз? Кайсы макалаңыз, иликтөөңүз үчүн ушундай болуп атат?

Жылдыз Мусабекова: - Журналисттик ишмердүүлүгүм үчүн. Башка эч нерсе жок. Мен эч кимдин куйругун баскан эмесмин. Эгер менин өмүрүмө коркунуч туула турган болсо, менин үй-бүлөм, менин жакындарым кимдин колу аркылуу жасалып жатканын билишет.

“Азаттык”: - Сиз ошол айтып аткан адамдардын аты-жөнүн айта аласызбы?

Жылдыз Мусабекова: - Ооба. Мага ачыктан ачык айтышты, “Биз Бакыт Сыдыковдун мурдагы жан сакчыларыбыз, сизге биз көзүбүз түз. Сиз Үсөн Сыдыков менен Бакыт Сыдыковдун көптөн бери безине сайган макала жазып жүрөсүз. Ошолор жинденип ушундай иштерге барганы турушат” деп. Бирок мен биле албайм, аларбы же алар эмеспи. Мүмкүн алардын душмандары жасап аткандыр.

Мен 20 жылдан бери оппозициялык көз карашта иштеп жүргөн журналистмин. Мындай нерсеге дуушар болгон эмесмин. Ачык эле айтып атышат, “Биз Бакыт Сыдыковдун командасына иштегенбиз. Биз ал кишиге нааразы болуп кетип калганбыз. Бирок сизге ушундай кол салуу даярдалып атат. 3-4 күн абайлап туруңуз. Эгер абайлабасаңыз катуу кырсыктарга кабылышыңыз мүмкүн” деген нерселер менен телефон чалып атат. Мен муну азыр Бакыт Сыдыков же Үсөн Сыдыков деп кабыл албайм. Бирок менин акыркы кездеги гезитке жазган макалаларым ошол кишилерге байланыштуу.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге!
XS
SM
MD
LG