Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Руслан Исаков: Атамдын өмүрү коркунучта


Руслан Исаков, Мурдагы коргоо министри генерал Исмаил Исаковдун уулу.
Руслан Исаков, Мурдагы коргоо министри генерал Исмаил Исаковдун уулу.

Мурдагы коргоо министри генерал Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков учурда президент Бакиевдин бийлигине каршы чет өлкөдө саясий кыймыл уюштурууда. Ал "Азаттыкка" берген маегинде Бакиевдин бийлигин "кылмыштуу антидемократиялык режим" катары сынга алды жана атасынын жолун жолдоп башкаруучу режимге каршы күрөштү улантарын билдирди.

29 жаштагы Руслан Исаков 2007-09-жылдары АКШнын Борбордук Аскердик башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук өкүлү катары кызмат өтөгөн. Бир жыл мурун Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан чыгаруу тууралуу Коргоо министрлигине арыз менен кайрылган. (Москвада Орусиянын Коргонуу министрлигинин Аскердик университетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Техаста Аскердик коргонуунун тил университетинде окуган. 1998-жылдан бери аскердик кызматта, үй бүлөлүү, эки баласы бар.)

- Руслан мырза, учурда эмне менен алектенүүдөсүз?

- Азыр ушул тапта мен чет өлкөдө Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу талкууларды, сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөрүүдөмүн. Чет жерде жашаган көптөгөн мекендештер Кыргызстандын расмий бийлигинин ички жана сырткы саясатына макул эмес. Ушуга байланыштуу азыркы учурда Бакиевдин демократиядан четтеген кылмыштуу бийлигине каршы турчу чет жердеги кыргызстандыктардын кыймылын түзүү үчүн атайын иштер жүргүзүлүүдө.


Алайдагы каршылык акциялары
Биздин максатыбыз – Кыргызстанда жана анын сыртында Бакиевдин антидемократиялык режимине каршы аракеттенчү кыймылды күчөтүү. Ушул тапта мырза Бакиев өлкөнү талкаланууга түртүп жатканына көптөгөн мекендештерим мени менен макул болот деп ойлойм. Эл жакырланууда, тарифтер өсүүдө, адамдарды мыйзамсыз түрмөгө салууда, журналисттер өлтүрүлүүдө. Оппозиция лидерлери бир күндө каракчыларга айланып калышты. Демократиялык өлкө ушундай болобу? Мырза Бакиев тажрыйба көрсөткөндөй, АКШ, Орусия, Кытай - эч кимиси менен сүйлөшүү жүргүзө албайт.

- Демек, сиз анда азыр саясат менен алектенип жаткан турбайсызбы?

- Ооба, иш жүзүндө ошондой болуп жатат. Мен эч качан саясат менен алектенген эмесмин. 1998-жылдан 2008-жылга чейин Куралдуу күчтөрдүн офицери катары өз милдетимди аткарып келдим. 2008-жылы менин атам өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан кеткендени кийинки абал мени саясат менен алектенүүгө мажбурлады.

- Сиз бир жыл мурун Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курамынан чыгаруу тууралуу арыз менен коргоо министрине кайрылдыңыз эле. Азыр сиздин аскердик макамыңыз кандай?

- Бул суроого Кыргыз Республикасынын коргоо министри мырза Калыев так жооп бере алат деп ойлойм. Менин арыздарым интернет жана кадимки почта аркылуу берилген. Өзүңөр билгендей, башында менин арызымда арыз ээсинин колу жок деп чыгышты. Бирок маалымат каражаттары ал арызды коюлган кол менен эле жарыялашты. Ага кошумча 2008-жылы август айында 1998-жылы мени менен Кыргызстандын Коргоо министрлиги кызмат өтөөгө түзгөн келишим соңуна чыккан. Мен жеке пикиримде, өзүмдү Куралдуу күчтөрдүн офицери деп санабайм.

- Руслан, тактоо ирээтинде айтып койсоңуз. Сиз АКШда эмне кызматты өтөдүнүз?

- Кошмо Штаттарда мен глобалдык терроризмге каршы “Урагыс Эркиндик” программасынын алкагында АКШнын Башкы аскердик башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү катары кызмат өтөдүм. Мен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнөн кетүү тууралуу арыз бергенимден кийин бул кызматтан дароо алып коюшту. Бул биринчиден. Экинчиден, 2008-жылдын сентябрь-октябрь айында Кыргызстандын өкүлү катары мөөнөтүм аяктаган, анан кайрадан 2009-жылдын октябрь айына чейин узартылган.

- Исмаил Исаков уулуна мыйзамсыз түрдө кызматтык батирди берген деген негизде жоопко тартылды. Сиздин дагы бул ишке тиешеңиз бар деп ойлойсузбу?

- Биринчиден, менин атам генерал Исаков жеке өзү мага эч кандай батир берген эмес. Мен ал батирди Кыргыз Республикасынын офицери катары алгам. Эгер мен жаңылбасам, Турак-жай кодексинин 10-беренеси боюнча аскердик бөлүктүн жетекчилиги кимге жана кандайча батир берүүнү өзү чечет. Мен ал батирди жаран же коргоо министринин уулу катары эмес, офицер катарында алгам. Аскердик прокуратуранын мени турак-жай алчулардын кезегинде турган эмес деген божомолу мага түшүнүксүз.

Мен андай арызды 2003-жылы ал кездеги коргоо министри Эсен Топоевдин учурунда эле бергем. Буга кошумча, мен жалгыз гана - Исаковдун уулу батирди алган эмесмин. Башка дагы бир катар офицерлер алышкан.

2007-жылы мен ал батирди тапшыргам. Мындан кийин, батир кайрадан Коргоо министрлигине кайтарылып берилгенден кийин менин атама кандай күнөө коюлушу мүмкүн?

Эгер бул батирди мен же менин атам уурдап алса, анда атам кантип оппозициялык иш менен алектенмек эле. Бул атайын ойлонуп-табылган кылмыш иши жана анын максаты – менин атамды генерал катары өлкөнүн жана эл аралык коомчулуктун алдында каралоо.

Аскердик прокуратурадан күбө катары келип көрсөтмө берүү тууралуу эч кандай чакыруу алган жокмун. Эреже катары, мен биринчи кезекте чакырылып, көрсөтмө берүүм керек болчу. Мен жалпы маалымат каражаттарына өзүмдүн интернет дарегимди жарыялагам, бирок ал дарекке эч кимден, Аскердик прокуратурабы, Коргоо министрлиги болобу, эч нерсе алган жокмун. Ошондуктан, мен бул иш ойлонуп табылган нерсе деп гана билем. Менин билишимче, 2007-жылы Аскердик прокуратура батир мамлекеттин эсебинде жана эч кандай зыян келтирилген эмес деген негизде кылмыш ишин ачуудан баш тарткан.

- Руслан мырза, ырас сизди тергөө органдары чакырбаптыр. Эмне үчүн өзүнүз келген жоксуз, кантсе дагы атаңыз күнөөлөнүп жаткан да?

- Бул суроо тууралуу жообум мындай: Эгер мен Бишкекте болсом, жоголуп кеткен же дайынсыз болгондордун тагдырын кайталамакмын. Минтип айтканымдын жөнү – Бакиевдин режиминин максаты жалгыз гана Исаковду камоо эмес, алардын максаты – оппозицияны, элди бирдей коркутуу. Ага карабастан, менин планымда жакынкы учурда Кыргызстанга келейин деген оюм бар.

- Руслан мырза, жакында Кыргызстанга келем деп жатасыз. Эми коркунуч жоголдубу?

- Коркунуч жоголгон жок. Коркунуч дайыма бар. Бирок абалды эске алсак, жакында бардыгы тең түп тамырынан бери өзгөрөт.

- Сиз өз атаңызды дагы, президент Бакиевди да жакшы билесиз. Эмне үчүн эки шакирт, ыңкылаптын “аталары” эки башка жолду тандап алды. Буга Исмаил Исаковдун саясий ынанымы себеп болдубу? Же кандайдыр бир чыр-чатак себеп болдубу?

- Мен ыңкылаптын тарыхына кайрылгым келет. Ыңкылаптын үч максаты болгон: биринчи – коррупцияны тизгиндөө, экинчи - өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкарууну токтотуу, үчүнчүдөн – калкка жагымдуу шарт түзүп, элдин турмушун оңдоо. Ушул тапта Кыргызстан дүйнөлүк тизмеде өтө коррупциялашкан өлкө болуп эсептелет.

Демократиялуулук боюнча жакында жарык көргөн баяндамада Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкөдөн эркин эмес өлкөгө айланганы маалымдалды. Калктын жашоо деңгээли боюнча – биздин өкмөт оңолуп жатабыз дегени менен – тарифтер кымбаттап өлкө жакырчылыкка баратат. Күч органдарында эмне болуп жатканын караңыздар – соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр эмнени кааласа ошону жасап жатышат. Ал үчүн эч ким эч кандай жазаланбайт. Мына ушулар менин атамдын кызматтан кетишине түрткү болгон.

Мен аны уулу катары гана эмес, офицер катары дагы билем. Ал Кыргызстанга берилген таза адам. Кыргызстан эгемендикке ээ болоору менен ошол кезде жогорку даражадагы кызматта тургандыгына карабастан, биринчилерден өз мекенине кайтып келген. Мен анын жолун жолдодум.

Эч нерсе жазыксыз калбайт. Эгер менин атам бул күрөштү уланта албаса, аны биз, кийинки муун улантабыз.

Эгер саясат таануучулар, серепчилер 2005-жылдагы ыңкылаптын жетишкендиктери ишке ашкан жок дешсе, мен алар эми гана ишке аша баштады дейт элем. Менин атам, азыр куугунтукталып, коркутулуп, сабалып жаткан башка оппозиционерлер эми гана ишке ашыра башташты. Эч нерсе жазыксыз калбайт. Эгер менин атам бул күрөштү уланта албаса, аны биз кийинки муун улантабыз.

- Руслан мырза, атаңыздын коопсуздугуна тынчсызданасызбы?

- Атамдын өмүрү коркунучта. Анын эрки дагы, ден-соолугу дагы чың. Ал күндө эртең менен чуркачу, спорт менен машыкчу. Бирок Бакиевдин режими атамдын ден- соолугуна терс таасирин тийгизе турган атайын шарт түзүп, же анын өмүрүнө түздөн-түз кол салышы мүмкүн. Анткени бул оппозицияны гана эмес, бул элди, ошондой эле атаман үлгү алган офицерлерди, анын ичинде мени дагы куугунтуктоо болуп саналат.

Алайдагы каршылык акциялары

Алайдагы нааразылык чара
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG