Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:18

Урологиялык дарттар улуттун генофондун бузат


Кыргызстандын башкы урологу Акылбек Усупбаевдин айтымында, өлкөдө урологиялык дарттар күчөп жатат. Улуттук госпиталдын курамында турган урологиялык институт өзүнчө бөлүнүп чыкса бул тармакты жакшыртууга шарт түзүлмөк.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев кечээ жакында Санкт-Петербургда өткөн Орусиянын урологдор коомунун жыйынына катышып келди. Орусиянын урологдор ассоциациясынын президенти Николай Лопаткин жетектеп, Европа урологдор ассоциациясынын өкүлдөрү катышкан жыйында дүйнөлүк урологияда болуп жаткан соңку ачылыштар тууралу сөз жүрдү.

-Бул жыйында алар бизге табарсык, бөйрөк жана жыныс органдарынын нейроурология боюнча жаңылыктарын айтып беришти жана заара түтүкчөлөрүнүн оорулары боюнча көп маалыматтар айтылды,- деди Акылбек Усупбаев “Азаттыкка.

Андан улай профессор Акылбек Усупбаев Анталияда өткөн Түркиянын урологдор ассоциациясынын түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Конгресске да катышты. Акылбек Усупбаев алгач түрк адистеринин уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн белгиледи:

-Бул Конгресске Европадан, Америкадан жана Борбордук Азиядан эки миңдей уролог катышты. Түркиянын өзүнүн урологиялык курамы эле эки миңдей дарыгерден турат экен. Абдан активдүү катышышты. Биз бардык иштеги сервисти түрктөрдөн үйрөнүшүбүз керек экен. Кыргызстанды туристтик мамлекет кылабыз дейбиз – бизде алардын уюштуруучулук аракеттеринин чекеси да жок экен.

Түрк урологдору мындан ары Кыргызстандын жаш уролог адистерин окутууга жардам этмекчи:

-Алар өздөрү бизге жаш урологдорду үч айдан алты айга чейин бекер окутуп берүү боюнча сунуштарын айтышты. Алардын айтымында жаткан жерлери, эртең мененки тамагы бекер болмокчу.

Акылбек Усупбаев жетектеген урология институту Улуттук госпиталдын курамына кирет. Профессордун айтымында эгер урология институтуна юридикалык статус берилсе, өзүнчө институт катары чет өлкөлүк уюмдар менен байланышууга, алардан жардамдарды алууга мүмкүндүктөр кеңири болмок.

Тилекке каршы бул максат министрлик тарабынан да, өкмөт тарабынан да колдоого алынбай келатат. Кийинки учурда Кыргызстанда урологиялык дарттар да өсүп атканы белгилүү. Профессор Акылбек Усупбаевдин пикиринде урологиялык маселелер улуттун генефондуна түздөн-түз таасир этет:

- Себеби урология тармагы кыргыз генефондунун келечегин дарылоочу тарм ак. Кийинки учурда Кыргызстанда тубаса кемтиктер менен төрөлүү, ара төрөлүү көп болуп жатат. Мунун башкы себеби урологиялык дарттар. Оорулуу ата-энелерден оорулуу балдар төрөлүүдө. Эгер республикада өзүнчө урологиялык борбор түзүлсө, көп маселелерди чечүүгө шарт түзүлмөк.

Бирок кыргыз урологиясы дүйнөлүк урология тармагындагы болуп жаткан соңку үлгүлөрдү өздөштүрүп келатат жана Орто Азияда, Казакстанда жасалбаган урологиялык операциялар Кыргызстанда жасалууда:

- Мисалы бөйрөк заара таштарын талкалоочу аппаратты төрт жылдан бери пайдаланып келатабыз. Мында эми оорулуулардын жетимиш пайызын ушул жабдык аркылуу операция жасабай айыктырып жатабыз. Эндоскопиялык ыкма менен ташты талкалоочу жабдыкты да алганыбызга үч ай болуп калды. Бул да жакшы жардам берип жатат. Ошондой эле лопроскопиялык ыкма да бизде абдан өнүгүп баратат. Дүйнөлүк алдыңкы урологдордун артынан калышпай эле келатабыз. Мисалы бизде жасалып жаткан айрым татаал операциялар Казакстанда, Борбордук Азияда жасалбайт. Учурда биз бөйрөктөгү, жыныс органдарындагы простата безин эндоскопиялык ыкма менен кеспей алып жатабыз. Бирок бөйрөк ооруларын дарылоодо эң зарыл болгон гемодиализ жабдыгынын урологиялык борбордо жоктугу – албетте ооруларды дарылап айыктырууда кыйынчылыктарды келтирүүдө.

Акылбек Усупбаев азыркы учурда Кыргызстанда өзүнчө урологиялык борбордун ачылышы боюнча кытайлык өнөктөштөргө үмүт артып турат:

- Кытайлык өнөктөштөргө ишенип турабыз. Анткени алар менен сүйлөшүү жүрүп, алар Кыргызстанга алты кабаттуу урологиялык оорукананы куруп бермек болушкан. Кечээ жакында ошол келечектеги борбордун курулушунун долбоорун алып келип көрсөтүп кетишти. Жаңы жылдан кийин бул курулуш сүйлөшүүлөргө жараша башталыш керек.

XS
SM
MD
LG