Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Бишкектеги “КАМЭК” көп тармактуу клиникасынын башкы деректири Эркин Маматов азыркы мамлекеттик медицина кызматы менен менчик медицина кызматынын оош-кыйыш маселелери туурасында ой толгойт.

- Эркин мырза, азыркы дүйнөлүк медицина менен Кыргызстандагы медицина кандай катышта баратат? Ошондон баштасаңыз кепти?

- Медицина тармагы илимий прогресс менен чогуу кетиши керек. Ансыз болбойт. Негизи, дүйнөлүк медицина азыр чо-оң бир кадам таштап атат алдыга. 18-кылымда болгон медициналык чоң ачылыштар. Ушу жаңы кылымыбызда ошондой серпилүү боло баштады. Өзүнчө эле революция!

Ал эми мурдагы союз республикаларынын ичинен өнүгүп-өскөн, демек бутуна туруп калган өлкөлөр медицинада жарым кадам алдыга жылды деп айтсак болот. Бүгүнкү илимий жетишкендиктерди – жаңы жабдууларды пайдалана башташты.

Медицина кадрлары заманбап күчтөнүүдө. Кыргызстан болсо өзүнүн кедейлигинен, экономикалык жактан артта калгандыгынан медицинага өсүш бере албай жатат. Артта калдык. Кадр потенциалы, мен ойлойм, баягы инерция менен келатат.

- Түшүндүрүп айтканда?

- Биздин кадрлар союз убагында алдыңкы кадрлар болчу. Негизи, кыргыз медицинасы жогорку деңгээлде турган медицина болгон. Биздин медакадемия союз убагындагы алдыңкы орундарда турган институттардын бири болгон.

Анын себеби, согуш убагында бизге дүйнөлүк аты бар профессорлор келип, биздин медицинаны көтөрүүгө чоң салым кошкон. Мисалы үчүн Харьков университетинен бул жакка эвакуацияланган адистер!

Ошол инерция мына бүгүнкү күнгө чейин келип, азыр гана акырын төмөндөп баратат. Себеби ошол кадрларыбыз карыды, азайды дегендей. Ал эми ошолордун колунан эстафетаны алып, алга жүрүп кете турган азыркы кадрлар жайында башка сөз. Көйгөйлөрү арбын.
- Чечмелеп айтып көрсөңүз ошону?

- Эгемендик доорунда татыктуу кадрларды даярдоого, окуу системасына анча көңүл бурулбай, коррупция күчөп, даяр болгон врач кадрлар бүгүнкү күндүн талабына жооп бере албай калып жатат.

Мен бир катар капиталисттик өлкөлөрдө иштеп келдим. Үч жарым жылдан ашык Иран мамлекетинде иштеп келдим. Нагыз капиталисттик өлкө.

Түркияда, Германияда иштеп келдим. Ошо өлкөлөрдө да мени медицинага даярдоо иштери кызыктырчу. Бизге – кичинекей Кыргызстанга саны көп, сапаты жок нерсенин эч кереги жок. Сапатка умтулушубуз керек эле. Бул – медицина үчүн эч бир кечиримсиз жагдай.

Мынакей, жамырап чыккан дарыгерлердин кыйласы өз кесибинде иштей албай, ордун таба албай калып жатат бул турмушта. Капитализм! Колунан келбегени четке чыга берет. Мен бир мисалга кайрылайын.

Жөнөкөй эле Иран өлкөсү. Анда медицина тармагында иштөө үчүн, демек окууга мыктынын мыктысы кабыл алынат. Кыргызстанда медакадемияга өтүш үчүн бир орунга 10-15 киши ат салышса, Иранда 250-300 кишиден бирөө кабыл алынат.

Эч кандай коррупция-балакеттери жок. Ошолор – мыктынын мыктылары бүгүн жогорку окуу жайын бүтсө – эртең врач болуп талтөөндөй иштеп кетет. А биздикичи? Окууну бүтүп келген врачты дагы 5-6 жыл даярдоо керек.

- Эркин мырза, азыркы Кыргызстандын шартында мыкты дарыгерлер деле аргасыз – тыңыраак жашаш үчүн соода-сатык иштерине же башка өлкөлөргө кетип атышканын какшап айтып жүрүшпөйбү?

- Ар бирин жеке карап чыксак, балким, ошо кеткен врачтардын ичинен анча-мынча чыгат жакшылары. Бирок, аз! Туура, Орусияга кетип атышат, Казакстанга кетип атышат. Ал жерлерде биздин врачтар 1000-2000 доллардын тегерегинде акча алышат.

Бирок чыгымдары да аябай чоң да ал жактарда. Ошондой эле акчаны мыкты врач ушул жерден – Кыргызстандан деле таба турган заман болуп калды азыр. Эң негизгиси, өз элине кызмат кылат!

- А Кыргызстандын медицинасында реформа эле болуп аткансыйт. Отчёт, докладдарда айрыкча?

- Реформа болушун-болду. Бирок, жарым-жартылай болуп калды да. Биздин Кыргызстандын – региондун өзүнө ыңгайлаштырылган реформа болбой калды. Негизинен дүйнөлүк банктын каржылоосу астында, ал тургай алардын диктовкасы астында, аягына чейин ойлонулбай, анан реформаны баштаган киши жарым-жартылай иш кылып, кийинки келгени ал баштаган нерсени бузуп – мына ушундай таризде жүрдү реформа. Орусча айтканда, преемственность” жок болуп калды.

Каалайбызбы-каалабайбызбы, саламаттыкты сактоонун башында турган мамтөбөлдүн таасири чоң болот. Кыскасы, бүгүнкү күнгө туура келе турган реформа болгон жок.

- Мамлекеттик колдоо жагы кандай Кыргызстандын медицина багытында?

- Өкмөт керектүүдөй жардам бере алганы жок. Өкмөт жакшы жардам берген өлкөлөрдө медицина жогорку деңгээлде турат. Канча тегеренип барганда деле медицина – акча. Акча канчалык көп бөлүнсө ошончолук сапат жогорулайт, жабдуулар алынат, врачтарга керектүү болгон шарттар түзүлөт.

- Ал эми менчик багытта иштеген медицинанын акыбалы кандай?

- Менчик багытта иштеген медицинанын акыбалы деле начар. Цивилдүү өлкөлөрдө менчик медицина да мамлекеттин колдоосу менен өнүккөн. Кичине болсо дагы өкмөттүн колдоосу болуш керек, ансыз болбойт.

Жардам десе эле – бөпөлөп аны колго кармаганды түшүнбөш керек. Ошол иштеген адистер тобуна бир аз болсо да шарт түзүп бериш керек. Аппаратураларды сатып алыш үчүн акча керекпи? Акчаны мен кайдан алмакмын? Албетте, ушул жерде жашагандан кийин өкмөттөн алышым керек. Бул жерде иштеген банк системасы менчиктерди тейлөөгө көнүк эмес.

Бир эле мисалды айтайын, Иранда врачтар иштөө үчүн бардык шарт түзүлгөн. Банктар 1-2 пайыз үстөгү менен каалаганыңча акча бергенге даяр. Артыңдан чуркап жүрүп беришет. Ал, иштет, сатып ал жабдууларды!

Азыр биздин – “КАМЭКТИН” да сонун долбоорлору бар. Акча беришсе 4-5 жылда кутулат элек. Эч кандай тоскоолдуксуз. Бирок, ошону алууга бүгүнкү күндө шарт жок. Шартты ким түзүш керек? Ошол өкмөт түзүп бериш керек.

- Эркин мырза, бүгүнкү кыйын турмушта элдин медицинага муктаждыгы канчага өстү мурунку заманга салыштырганда?

- Совет доорунун бир артыкчылыгы – гумандуу медицина болчу да анда. Баарына бирдей мамиле кылган, баарына жетерлик медициналык кызмат көрсөткөн, алдын алууга аябай камкордук жасаган. Бүгүнкү күндө медицинага муктаждык аябай эле өстү.

Себеби экология бузулуп атат, биздин бир коомдон экинчи коомго өтүү жараяныбыз – “шоковый переход” болду, кишилерге болуп көрбөгөндөй “стресстерди” берди, үй-бүлөлөр ажырады, эл чачырады ар кайсы жактарга, мамлекеттерге.

Өз жайында калгандары күнүмдүк жашоо үчүн азапка түшүштү акча таба алышпай. Айрыкча кыргыз элине чоң мүшкүл болду. Ошондой-ошондойлордун таасиринен бүгүнкү күндө кадам сайын оорулар!

Эптеп экономиканы көтөрөбүз деп Кыргызстан баарына макул болду. Мисалы, алтын өндүрүү сыяктуу экологияны эптүүлөй бузган өндүрүштөрдү да колдоп, алдыга жылсак эле болду деп – башты баталгага байлап берген учурлар арбын.

Анын натыйжасында мына рак оорулары аябай көбөйүп кетти. Мисалы, уулуу зат калдыктары көмүлгөн Миң-Куштун айланасынан, илгери уран иштеткен завод жайгашкан Кара-Балта жактан келгендердин арасында ошондой оорулуулар байкаларлык көбөйүүдө.

- Ал эми бүгүн менчик медицина менен мамлекеттик медицина кандай катышта жүрүш керек, Эркин мырза? Сиз “КАМЕК” көп тармактуу менчик клиникасынын жетекчиси катары бул маселени жакшы билесиз да?


- Негизи, менчиктин өнүгүүсү коомго, анын ичинде медицинага да өтө керектүү. Азыр өкмөттүк саламаттыкты сактоонун негизги атаандашы – менчиктер да. Менчиктер канчалык алдыга жылган сайын тигилер да дүүлүгүп, чыйралып – ошончолук өз деңгээлдерин көтөрүүгө аракет кылышат. Ошондой болуп келатат өзү.

Эгер менчик клиниканын багыты жок болгондо бүгүнкү күндө операцияларга же болбосо медициналык кызматтарга болгон баа ченемсиз өсүп кетмек. Өкмөттүк тарапта иштеген врачтардын, хирургдардын баарысы эле мыкты жашашат – өкмөттүн ооруканасында иштейт, өкмөттүн аппаратураларын пайдаланат, өкмөттүн бөлүп койгон кишилерин тейлейт – баары даяр.

А бизде – менчик клиникаларда эмгек акы бериш керек, салык төгүш керек, анан да алдыга жылыш керек. Ошого карабай биз бүгүнкү күндүн баа саясатын чечип атабыз деп ойлойм.

Өлкөдөгү саламаттыкты сактоо төбөлү жакшы болсо – бул маселени туура көрүп, көпчүлүк убакта бизге – менчикке жардам берет. Өлкөдөгү медицинаны монополияга айлантпай кармап турган – биз, альтернативдүү медицина.

Биз операция жасоодо дүйнөлүк практикада болгон жаңылыктардын эң алдыңкы усулдарын пайдалануу аракетинде болобуз. Андыктан азыр оорулуулар көбүнчө менчик тарапка көрүнүүгө ооп баратат. Баарысын кетирип ийбөө үчүн эми мамлекеттик тарап да аракет жасаш керек. Алдыга жылуу багыты – ушул атаандаштыкта!

- Эркин Маматовду – сизди эл-журт жүрөккө татаал операцияларды жасаган хирург катары жакшы билишет. Ушул жолойго кандайча түшкөнсүз?

- Мен институтту бүткөндөн кийин эле жалпы хирургия багытында иштеп, ошол мага өмүр бою жакшынакай таасир калтырган. Жүрөк операциясы багытында иштеп, жүрөккө жасалчу операциялардын баарысын жасадым, дүйнөлүк деңгээлдеги татаал операциялардан бери.

Кыргызстанда биринчи жолу жүрөктүн кан тамырларына операцияны мен жасагам. Балтика өлкөлөрүндө көп нерсени үйрөндүм. Кандидаттык диссертациямды лимфа багытында Новосибирскиде жактагам.

Докторлук диссертациямды дагы ошо Новосибирскиде жүрөк ооруларынын кан тамыр лимфа системасынын өзгөрүүсү боюнча жактадым. Ушул багыттагы атайын институт бар Новосибирскиде.

Медицина деген – күн сайын өзүңдүн илимий деңгээлиңди учкул заманга шайкеш келтирип алып жүрүү. Андан башка жол жок медицинада. Андыктан күн сайын окуп, изденип турам. Пластикалык хирургия боюнча Германияда көп сабак алдым.

Бүт органдарда операция жасоого жетиштим, ал тургай жыныс алмаштыруу операциясын жасадык төрт этап менен. Былтыр аяктадык. Орто Азияда жасала элек андай операция. Дагы бир пациентти ошондой операцияга даярдап атабыз.

Уникалдуу операциялар да! Мен өзүм ошол уникалдуу операцияларды жасоого кызыгдармын. Мисалы үчүн, кайсы бир органы жок болсо – ошону жаратып...

- Мындай бир суроо да. Иса Коноевич Ахунбаев жүрөккө биринчи жолу операция жасаган улуу дарыгер. Бирок, ал доор башка. Бүгүн ошо киши жасаган операцияларды сиз кандай баалайсыз? Бүгүнкү күндө, балким, ал жөнөкөй эле нерседир?

- Суроого өзүңүз деле кыйла жооп берип койдуңуз? Мен дагы ушул суроонун тегерегинде көп ойлончумун? Операцияны биринчи жасоо деген – эң бир кыйын жумуш. Биринчи кадам шилтеп басып кетүү кандай кыйын жана кандай маанилүү!

Улуу деген атка конуш үчүн адамда кандайдыр чоң касиет болуш керек. Касиети чоң эле Иса Коноевичтин. Өзү албан киши эле, бирок абдан мээримдүү, жумшак, таасирдүү болчу.

Лекцияларына, хирургия боюнча ийримине катышып калдык азыраак. 1975-жылы а киши автокырсыктан өлгөндө мен

3-курста элем. Мен негизинен ошол киши тарбиялаган кадрлардан, шакирттеринен көп тарбия алдым, үйрөндүм. Шакирттери да айныксыз күчтүү. Мен Иса Коноевичке шакирт-мууну аркылуу (через поколение) берген таасир-тарбиясы үчүн таазим кылам, улуу мугалимим деп эсептейм!

Туура, а киши жүрөккө биринчи жолу кичинекей эле операция жасаган. Ал операцияны азыр жаңы баштооч жүрөк хирургдары эле жасап жүрүшөт. Ар бир кылымдын чоң проблемалары болот да. Ал убакта ушул операцияны жасоо, демек, баштоо чоң проблема болгон.

Жүрөк деген ыйык, эч ким жүрөккө кол тийгизген эмес, сен кол тийгизгени жатасың, таасири тийет сага, тиги-бу деген сөздөр көп айтылыптыр ага. Өкмөт деңгээлинде да каршы чыккандар, тоскоолдук жасагандар болуптур.

Москвадагы дүйнөлүк деңгээлдеги абройлуу кардиохирургдардын, досторунун колдоосу менен, өзүнүн чечкиндүүлүгү менен Орто Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасаптыр.

Бүгүнкү күндө биз ошол жөнөкөй операцияны жөнөкөй деп эч убакта айтпайбыз, ал операция космоско учкандай улуу бийиктик болгон!

XS
SM
MD
LG