Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Очок отун өчүргөн - аракечтик


Акыркы 10 жыл ичинде спирт ичимдиктерин чыгаруу Кыргызстанда 10 эсеге өскөн. Ошол эле маалда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 65 пайызы дал ушул аракечтиктин айынан чыгууда.

Бишкек шаарынын тургуну Нурлан арактын айынан үй-бүлөмдү да кыйнап, туугандарыман дагы чыгып калдым дейт. Учурда ал республикалык наркологиялык борбордо дарыланууда. Ага доктурлар алкоголдук ичимдикке көз каранды деген диагноз коюшкан.

-Бир жыл убакыттан бери иче берип өзүмдү токтото албай калдым. Негизи арактын жаман жактары көп экен. Үй-бүлөмдө чыр-чатак күчөп, бир туугандар менен мамиле келишпей калат экен. Экинчи аракты ичпейин деген максат менен дарыланып жатам.

Адистердин баамында аракты көп ичкенден адамдын жүрөгү, ичегиси, боору жана уйку бези чоң зыянга учурайт. Арак ичилгенден кийин организмдин бүт клеткаларына таркап, кан тамырлар кеңейип, мээге кан көп бара баштайт. Ошол эле маалда 100 грамм арактан 2000 чакты мээдеги клеткалар өлүп, заара аркылуу организмден бөлүнүп чыгат. Алкоголдук ичимдиктердин баардыгында организм үчүн уулуу болуп эсептелген этил спирти кездешет. Бирок ага карабай жаштар спирт ичимдиктеринен баш тартпай келишет.

Улан: Кез-кезде, көбүнчө тойлордо арактан бир аз ичип койом. Бирок менимче көчөдө жатып калганча ичкен болбойт. Жаштардын ичинен таптакыр ичпегендер аз кездешет. Негизинен 16 жаштан өйдө карай арактан баш тартпагандар көпчүлүк десем болот. Таптакыр аракты токтотсо деле болот. Бирок ага бир аз эрк керек.

Кубан: Арактын зыяндуу жактары көп. Тынымсыз ичсең аракеч болуп кетесиң. Спирт ичимдигисиз азыр той-аш өтпөй калган. Бул көрүнүштү тизгиндөө максатында мамлекет тараптан атайын иштер жүргүзүлсө деген ойдомун.

Айрым маалыматтар боюнча ар бир үй-бүлө жылына орточо 7-11 миң сомго чейин каражатты арак менен тамекиге сарптайт. Аракечтик менен тамеки тартуудан эркектердин орточо жашы 62ге, аялдардыкы 67ге чейин кыскарып кеткен.

Ичимдик адамдын бир гана ден-соолука зыянын тийгизбестен нечендеген үй-бүлөлөрдүн турмушун да бузууда дейт юрист Ракия Ракматова.

-“Менин жолдошум алкоголдук ичимдикке бирилип кетти, ажырашаь” деп көптөгөн кыз-келиндер бизге кайрылууда. Арактын кесепети көптөгөн үй-бүлөлөрдү бузууда. Жеке мага эле быйыл 80ден ашык келиндер кайрылып 60 чактысы ажырашып кетишти.

2008-жылы Кыргызстанда 15 миллион литр арак жана ликер ичимдиктери чыгарылган. Башкача айтканда, Кыргызстанда жашаган ар бир жаранга орточо эсеп менен 3,2 литр арак, 9 литр сыра, 900 грамм шарап, 70 грамм коньяк туура келген.

Алкоголдук ичимдиктердин кесепетинен үй-бүлөдө чыр-чатак күчөп жатат. “Сезим” кризистик борборуна кайрылган аялдардын 65% аракечтиктин айынан зомбулук көргөндөр түзөөрүн уюмдун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.

- Биздин борборго арызын айтып кайрылгандардын көпчүлүгү аракечтиктин айынан зордук-зомбулука кабылышууда. Бул багытта иш жүрбөй, коомчулука маалымат жетпей жатат. Кыргызстанда жашаган адамдардын организми башка элдерден айырмаланып ичимдике батыраак берилип кетет экен. Ошондуктан чочко тумоосуна, СПИДге каршы күрөшкөндөй бул багытта дагы иш жүрсө жакшы болот эле.

XS
SM
MD
LG