Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Таласта губернатор “Ата Мекен” партиясын эл душманы көрөбү?


“Ата мекен” партиясынын мүчөлөрүн спорттук турнирге демөөрчү катары катыштыргандыгы үчүн Талас районундагы жетекчилер губернатордон катуу тил угушту. Бул турнирди чагылдырган облустук телерадиокомпаниянын кызматкери дагы кысымга алынган.

Ушул жылдын 8- февраль күнү Талас районундагы Ак-Сай айылында спорт чебери маркум Кушубак Черикчиевке арналган турнир болуп өткөн. Ага район облус башчылары, жетекчилер жана демөөрчүлөр барышкан. Атайын аталган райондун спортчуларынын чакыруусу менен “Ата мекен” партиясынын жергиликтүү лидерлери да барып акчалай сыйлыктарын беришип, каалоо-тилектерин айтышкан.

Эртеси облус башчы турнирге барган район жетекчилерин “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүн спорттук салтанатка катыштырдынар деп аларды кысымга алган

-Ошол команданын аты Ата-Мекен болсун, ошолорду биз дайыма колдоп жүрөлү ушул спортсмен балдар чыксын деген жакшы оюбуз менен барсак, мына ошол жерде биз менен катышкан айрым бийликте иштеп жүргөн адамдарыбызды биздин губернаторубуз чакырып алып абдан кысымга алып, көрүнгөн сөздөрдү айтып, кандайдыр бир элдин душманына мамиле кылганындай мамиле жасады да,-
дейт “Ата Мекен” партиясынын облустук уюмунун төрайымы Койсун Курманалиева.

Ал ошондой эле Талас облустук телерадиокомпаниясынын кызматкерлери турнир тууралуу эфирге берген материалында атамекенчилердин сүйлөгөн сөздөрүн кесип салганына да нааразы:

- Ал тургай теледен, мурда мени менен иштешип жүргөн жакшы эле адамдар дагы тескери карап, ал эмес ошол кадрда турган менин берген сүрөтүмду дагы көрсөтпөөгө аракет кылып, биз берген приздерди да айтып койгонго жараган жок да.

Жогору аталган турнирди тартып, чагылдырган Талас телерадиокомпаниясынын журналисти Мадияр Мамадалиевке кайрылып, бул окуянын чоо жайын сураганыбызда Талас райондук администрация башчылары тарабынан сөз менен ага кысым жасалганын "Азаттыкка" айтып берди.

-Эфирден берсем Талас районунан бир катар бийлик башындагы адамдар мага телефон аркылуу чыгышып ушундай айтышты да. Кыскасы этегине чейин барды ошол телефон менен сөз болгондо айтты. “ Мен сенин артыңан азыр СНБ нын балдарын жөнөтөм” деген коркуутуулар болду да.

Облус жана Талас райондук администрация жетекчилерине кайрылып бул тууралуу жооп ала алган жокпуз. Бир гана Талас райондук администрация башчысынын орун басары Байрак Сейдибалиев микрофонго жооп берүүдөн баш тартып, бийлик тараптан кысым жасалган деген маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG