Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы жыл санак жүргүзүү билими жана анын азыркы учурдагы орду жөнүндөгү маселеге арналды.


Талкууга катышкандар:




Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов





Тарыхчы-илимпоз Табылды Акеров







“Азаттык”:
Дастан мырза, мына Чыгыш жыл санагы боюнча 2009, Уй жылын узатып, 2010, Барс жылын тосуп алдык. Бул жыл келгенден кийин Чыгыш календарындагы каада-салттарды бүт дүйнө эли карманып жатат. Бул жылды кыргыздар кандай тосушкан, кыргыздардын жыл санагы менен Чыгыш календарынын кандайдыр бир окшоштуктары барбы, же таптакыр экөө эки башка дүйнө таанымбы?

Дастан Сарыгулов: Сиз айткан Чыгыш календардын түбү, түпкү өзөгү - кыргыздын жыл санагы болот. Мен сөзүмдү далилдүү кылып маалымат келтирейин. 1929-жылы Хакасияда Аксуу дарыясынын боюнда бир жарым метр тереңдикте баланын сөөгү табылган. Сөөктүн мойнунда шуру табылган. Бул “жөн эле шуру, кооздолгон буюмдар” деп табылгы Эрмитажда 54 жыл кыймылсыз жаткан.

1984-жылы Ларичев деген тарых илиминин доктору муну кайрадан изилдеп, бул жыйырма төрт миң жыл мурдагы болгон окуя деп аныктайт. Жанагы шуру менен кооздолгон сөөктөр айдын абалына негизделген жыл санак деп далилдеп, ошону илимий журналга жарыялайт. Арадан төрт жыл кызуу талкуулар өтөт. Жыйынтыгында окумуштуулардын бардыгы “чын эле, бул - ай календары” деп макул болушат.
Ар бир үч жылда арсар ай деп бир ай кошулат. Муну үч жылда бир жолу кыргыз толуктап койгон.


Ошол эле Ларичев Хакасияда Аксуу дарыясынын боюндагы Кара-Тоодогу аскага чегилген Жетиген жылдызынын сүрөтүн иликтеп, чечмелейт. Көрсө, бул сүрөт 30 миң жыл мурда чегилген экен.

Ошол окумуштуу кыргыздар илгери эле Жетиген жылдызынын улуулугун, Алтын казык жылдызды таанып, турмуш тиричилигинде сөзсүз айдын абалына жараша иш-аракет жүргүзгөнүн аныктайт. Демек Кытайдын жыл санагы болбогон сөз. 24 миң жыл мурда жер жүзүндө табылган эмес.

Мындай жер санакты түзүш үчүн математиканы, геометрия, астрономияны билиш керек, накта илимди өздөштүрүш керек. Окумуштуу Ларичев бир кылым алдын-ала кайсы күнү тутунарын айткан жыл санак болгонун жазып, таң калат. Демек бул кыргыз элине таандык билим.

Жыл санагы көчмөн кыргыздар үчүн маанилүү болгон

“Азаттык”: Табылды мырза, сиз кыргыздардын тарыхын көп жылдардан бери иликтеп келе жатпайсызбы. Дастан мырза биз тосуп аткан 31-декабрда Жаңы жыл келбейт, кыргыздардын жыл санагы боюнча 14-февралда келет деп буга чейин да айткан. Сиз мында негиз бар деген ойдосузбу?

Табылды Акеров: Бул нукура кыргыздыкы деп айтыш кыйын. Себеп дегенде аңчылык доорунда же болбосо мал чарбачылык менен алектенген доордо, албетте, ар бир элде жыл санакка, асмандагы жылдыздарга баа берип, алардын кандай абалда болуп атканын ар бир адам, же болбосо элдер изилдөө жүргүзүп турушкан.

Египетте жаздын, талаа жумуштары башталган убакыттын келгенин Нил дарыясынын көтөрүлө башташына жараша баа беришкен. Же болбосо Индия, Кытай элдеринде да ушундай ар түрдүү асманга, жылдыздарга байланыштуу себептерден календарлар, жыл санактар келип чыккан.
Аң сезимибизге Григориан календары, Батыштагы жаштардын жашоо тиричилиги, же болбосо жашосу жөнүндө көп маалымат кетет.


Кыргызда болсо сөзсүз көчмөн болгондон кийин өзүнчө жыл санак эсептеген. Биринчи кезекте бул эмнени берген? Кыргыздар малды айдап, өтө чоң талааларды басып өтүш керек болгон. Ошондуктан аба ырайын дайыма билип туруусу керек болгон.

Экинчиден, төртүлүк деп коюшат, ошол төртүлүктүү малдын көбөйүшүнө шарт түзүш үчүн аба ырайын так билиш керек болгон. Үчүнчүдөн, согуштук аракеттерде да куугун келатканда байыркы көчмөн элдери көп аралыктарды бир заматта өтүп кетиш керек болгондо кайсы учурда, кайсы абалда ушул аралыкты өтүп, жанын сактап калуу керектигин билишкен. Эң негизгиси - жашоо үчүн күрөштүн негизинде бардык элдерде жүргүзүлгөн.



Тоголдун кандай сыры бар?

“Азаттык”: Дастан мырза, сиз айтып жүрбөйсүзбү дүйнө таанууда, аны иликтөөдө, жетишкендиктерди турмушта колдонууда байыркы Рим, Египеттен да мурда ушул билимге жетишкен деп. Сиздин айтып жаткан негиздеме ойлоруңузду башка мамлекеттин тарыхчылары эмес, кыргыздардын өзүнүн тарыхчылары деле четке каккан учурлар көп болуп жатпайбы. Сиз ошону чыныгы эле кыргыздардын дүйнө таанымы, жетишкендик билими деп так далилдеп бере турган, азыркы, буга чейин айткан сөздөрүңүздөрдөн башка дагы так мисалдарыңыз барбы?

Дастан Сарыгулов: Ларичев деген тарых илиминин доктору “Египетте жана Грецияда болгон жыл санактар Хакасияда табылган жыл санактан 20 миң жылдан кийин пайда болду” дейт.

Жаңы жыл боюнча былтыр Уй жылы 26-январда болгон, биздин жыл санакта. Быйыл болсо жаңы жыл 14-февралга туш келет. Бул айга негизделген жыл санак боюнча. Эми мына ушул жыл санактын бир эле маалыматын көрсөтүп коеюн: 25-декабрда тогол болгон, 25-күнү түн ичинде кар жаады. 16-декабрда ай жаңырган, 16-декабрда кар жаады. Илим миң эле жыл эмес, жыйырма отуз миң жылдын ичинде байкоо жүргүзүлгөндүктүн натыйжасы деп атат.

Мисалы, биз Барс жылы кандай болоорун, тиричилик турмушка ылайык болобу деген суроого таянабыз. Бул көз ачыктык эмес, бул - бабаларыбыздын улуу билими. Мисалы, 25-апрель күнү жерге түштү, жерге батты. Демек жаз эрте келди. Барс жылы үркөр жылдыз 14-май күнү жерге батат. Демек жыйырма күн жаз кеч келет, кыштын моюну узун болот. Бул маалымат дыйканчылыкка өтө маанилүү. Биздин ай календарь боюнча ай жаңырган жана тогошкон күндөр да көрсөтүлгөн.
Кытайдын жыл санагы болбогон сөз. 24 миң жыл мурда жер жүзүндө табылган эмес.


Китептердин бардыгы союз учурунда чыккан. Биринде да тогол деген түшүнүк жок. Биздин Илимдер академиясы эл аралык Астрономия уюмуна кайрылып, тогол кыргыздардын тапкан билими деп каттоодон өткөрүш керек. Дүйнө элинин бири да тогол деген түшүнүктү билбейт, төрт миң жыл мурун кыргыз муну саймалуу таш сүрөттөрүнө чегип койгон.

Эмне үчүн ташка чеккен? Биздин бабаларыбыз “урпактар унутпасын, тогол күнү жагымсыз ашуу ашпайт, ууга чыкпайт, той-томолок өткөрбөйт. Деги эле жандуунун бардыгына жагымсыз үч күн созулат” дешкен.

Ай календарын чечмелеп, Ларичев кыргыздардын билимине таң калып атпайбы. Мисалы, ай жаңырганда үч күн узарат, үч күн жаңырат, тогол болгондо үч күн тогол болот. Демек үч деген сан илгертеден бери эле өзгөчө ыйык сан болуп келген.

Эми тоголдун сыры абдан көп. Мисалы, биздин айымдар арыктайбыз деп эле убара болуп атышат. Бирок жөн эле өзүн кыйнабай айдын абалына жараша аракет кылса болот. Себеби ай толгондон кийин өзүнчө шарт, ай толуп бөксөргөндөн кийин өзүнчө шарт бар. Атүгүл жазында ай жаңырып атканда эккен үрөн жыйырма пайыз түшүм көп берет, ай толуп бөксөргөндө эккен үрөн жыйырма пайыз кем берет. Бул илимий негизде аныкталган.

Мамлекеттик жана саясий эрктин ролу

“Азаттык”: Табылды мырза, кыргыздардын ай санагы, күн санагы боюнча түзүлүп, эки-үч жылдан бери ошол календарь коомчулукка да таратылып келе жатат. Анда көрсөтүлгөн тогол, ай жаңырган, күн жаңырган, ай, күн тутулган учурлар да ушул календарь менен дал келип жатат деп Дастан мырза айтты. Сиз буга негиз бар деп ишенесизби?

Табылды Акеров: Бул жерде адам баласы өнүгүп келе жаткандан бери эле жыл санактарга да көбүнчө саясий негизде көз караш болуп, реформалар жүрүп келген. Мисалы, Юлиан календары деп айтылат, же болбосо Египеттеги шаарларда болгон.

Ар бир шаардын өзүнчө календары болгон. Аны кийин Вавилион мамлекети түзүлгөндө бардыгын тең жоюп, бир календарь киргизип койгон. Бизде деле саясий эрк керек. Себеби Дастан Исламович да казактарда, башка элдерде бул колдонулбайт деп айтып атат. Мындайча айтканда көп нерселер унутулган.

Боордош уйгур элдеринде биздин атты атабайт. Мисалы, казактарда мүчөл деп биздин атты аташат, уйгурларда мүчөл деп биздин атты аташат. Тигилер болсо унутуп коюшкан. Биринчи ай, экинчи ай, он экинчи ай деп сан менен айтышат.
Бул маалымат дыйканчылыкка өтө маанилүү. Биздин ай календарь боюнча ай жаңырган жана тогошкон күндөр да көрсөтүлгөн.


Түркмөндөр да реформа жасаган, Сапармурат Ниязовдун учурунда бүт айлардын аттарын Ниязовдун атынан, энеси Махтым Кулинин атынан жана башка кылып коюп алышкан. Жаңы президент келди да, бардык ал реформаны жоюп, кайра Григориан календарына өткөрүп койду. Мына ушундай кызыкчылыктар көп, ошондуктан мамлекеттик же болбосо саясий эрк керек.

“Азаттык”: Айлардын аттарын кыргызча жалган куран, чын куран деп атайлы деп мындан көп жыл мурун атайын календарга киргизилбеди беле. Бирок азыр мектептерде да, жогорку окуу жайларда да, иш кагаздарында да такыр колдонулган жок. Буга эмне себеп?

Дастан Сарыгулов: Теңирдин, жараткандын буйругу менен ай, күн, Үркөр жылдыз бизден сурабайт. Ал өзүнүн түбөлүк мыйзамы менен жүрүп отурат. Бир гана кыргыз өз убагында сырын тапкан, сырын билип ачкан. Ошону муундан муунга өткөрүп мурастап келген.

Бул календарды билүүдөн эч ким пайдадан башка зыян таппайт. Мисалы, күз айында бадыраң, помидор туздай турган болсоңуз, ай жаңырып ай толгончо муну качан туздаш керек – ушуну билүү керек. Ошондо сапаттуу, даамдуу болот. Ай толуп бөксөргөндөн кийин алган капуста, бадыраң чүпүрөктөй даамсыз болуп калат. Себеби ичиндеги клеткадагы нымдуулук аз болот. Бул айдын абалына байланыштуу.

Жыл санак: тандоо бар, ниетчи?

“Азаттык”: Эмне үчүн кыргыздар жалган куран, чын куран деп айларды аташкан. Бул эмне менен байланышкан? Ай арасы деген эмне? Ай толгон учурда адамга кандай таасир берет?

Дастан Сарыгулов: 24 миң жыл мурда түзүлгөн эле. Ал убакта жазуу кагаз жок эле. Бирок бул жыл санакты көчмөн эл билиш керек эле. Ошон үчүн, мисалы, жалган куран бул эчкинин эркегин айтат, мүйүздөрүнүн баары бирдей болуп калат. Чын куран дегенде текелерде пайда болуп калат.

Кыргыздар тоодо жүрүп эле мүйүз текелер көрүнсө чын куран айы келген турбайбы, бугу күүгө киргенде бугу айы келген турбайбы деп келишкен. Бул тиричиликке, ыңгайлуулугуна карата аталып калган.

Мисалы, баш оона деген - бул күн кыскара баштайт. Байыркы бабаларыбыздын түшүнүгү боюнча ага чейин бир капталда жараткан жатса, анан кийин экинчи капталына оойт, башы оойт, жыл оой баштайт, ушундай сырдуу турмуштан эле алынган.

Ай жаңырганда ай арасы деп коет. Сөзсүз аба ырайы бузулат, бийик ашуу тоолордо кар жаайт. Үч күнгө созулат, бул сөзсүз болчу окуя. Буга күмөн санагандар 2002-жылы биринчи жолу календарды биз чыгарганда ушуну талашып отуруп 50-60 бөтөлкө шампан уткуруп коюшкан. Себеби бул кыргыздын даанышмандыгы. Жыл баштала электе алдын-ала кайсы жагымсыз күндөр, качан аба ырайы бузулат, качан жаан чачынды күтүш керек - муну макрометеопрогноз деп айтсак да болот.
Жазында ай жаңырып атканда эккен үрөн жыйырма пайыз түшүм көп берет, ай толуп бөксөргөндө эккен үрөн жыйырма пайыз кем берет.


Тогол ай жаңыргандан кийин Үркөр жылдыз менен тогошот же жөн эле айтканда Үркөр жылдыз, Ай, Жер бир окко туш келет. Ошондо абдан жагымсыз күндөр болот, аба ырайы сөзсүз өзгөрүлөт.

Үркөр жылдызы жерге батат деп айтпадыкпы. Барс жылында 14-майда күн ай жаңырган күнгө туш келет. Бул жылына бир эле жолу болот. Муну Чоң тогол деп коет. Бул жагымсыз, бороон чапкынды күтө турган күн. Турмуш муну тастыктап берди.

Мисалы, кыргыз дайыма ай жаңырганда байкап жүргөн: ай жаңырганда үч күн көрүнбөйт, төртүнчү күнү көрүнгөндө кандай болот, чаңкалап көрүнөбү, чаңкалап ай жаңырса өзүнө жайлуу өзгөчө жайсыз дейт, бул кургакчылык болот дегени да. Мунун бардыгын биздин бабаларыбыз миң жыл бою турмуш тажрыйбасынан байкап, балдарына айтып келген. Себеби календарь боюнча качан аш-той ай жаңырган күнгө туш келсе, анда келин кесектерге кыйын эле болот. Жаан, баткак, ылайдан бир топ келчү меймандар келе албай калат, ашуулар жабылат, бул тиричиликке түздөн түз маалымат.



Талкуудан тактык, талаштан чындык жаралат

“Азаттык”: Табылды мырза, Дастан мырза көп жылдардан бери “Теңир” фондусун түзүп, теңирчилик маселесин көп көтөрүп келе жатат. Бирок аны кыргыздардын тарыхчылары эле эмес, кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү таптакыр четке кагып, кабыл албай келе жатышат. Буга эмне себеп? Идеологиянын таасири күчтүү болуп жатабы, же саясаттынбы, же экономиканын да басымы барбы?

Табылды Акеров: Биздин эл өтө алдыга жылып кеткен да, Батыш элдерине жакынырак болуп калган. Кыргызстанда Батыш элдеринин маданиятына жакын маалымат көп. Ошондуктан китеп, гезит окуганда, радио угуп, теле көргөндө дайыма ошондой негизде маалымат кетет. Ошондуктан теңирчилик, же болбосо кыргыздын календары жөнүндө маалыматтар четте кала берет. Анткени аң сезимибизге Григориан календары, Батыштагы жаштардын жашоо тиричилиги, же болбосо жашосу жөнүндө көп маалымат кетет. Анан бизде ошондой нукта ааламдашуу процессинин таасири өтө күчтүү.

Бирок бул бизге керек деп эсептесек анда сөзсүз муну Айыл чарба министрлиги, өкмөт деле дыйкандарга, фемерлерге сунуштап киргизсе болот. Мисалы, Израил мамлекети өзүнүн календарын сактап калган. Бирок алар да бизге окшоп Григориан календарын колдонот. Гезиттин бир жак четине бүгүнкү календарь кирсе, экинчи жак четине өздөрүнүн календарын жазышат. Биз да ушундай негизде колдонсок болот.

“Азаттык”: Дастан мырза, эми кыргыздардын дүйнө таанымын, ошол жыл санак билимин эле башка мамлекеттер, башка дүйнө таанып, колдонуш үчүн кандай аракеттер зарыл? Эмне кылыш керек?

Дастан Сарыгулов: Биринчиден, алар бул маалыматты билбейт, эгерде муну билсе сөзсүз пайдаланат эле. Атүгүл кыргыз коомчулугу азыр жаңы баалап, ушуну барктап, урунуп келатат.

Элге маанилүү бир маалыматты айтып коеюн: Барс жылы Үркөр жылдыз жерге 14-май күнү түшөт. Эми дал ушул кырк күндөн кийин кайра асмандан көрүнө баштайт, ушул кырк күн бээнин сүтү табылгыс даары. Ушул кырк күндө Үркөр таң менен бирге бир аз көрүнүп калганда бул - жайкы чилденин белгиси. Эгерде Үркөр жылдыз таң алдында көрүнүп калса, анда Сумбула жылдызы тууйт. Анда таң сууп, бир топ адамдарга бээнин сүтү жакпай, чөп ката баштайт.
Кыргыздар тоодо жүрүп эле мүйүз текелер көрүнсө чын куран айы келген турбайбы, бугу күүгө киргенде бугу айы келген турбайбы деп келишкен.


“Азаттык”: Кыргыздар Барс жылын кандай мүнөздөшкөн? Кандай окуялар болот деп күтүшкөн? Мисалы, быйыл коомдук, саясий, экономикалык кандай окуялар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатасыз?

Дастан Сарыгулов: Он эки жылды кыргыз ылгап, жакшы-жаман деп бөлгөн эмес. Жылдын бардыгы жакшы болот. Теңирим теңдикти жалгайт. Кыргыздын коомчулугу теңдикке теңдикти камсыз кылган калыстык, адилеттүүлүккө негизделген.

“Азаттык”: Табылды мырза, эгер жогоруда айтылып жаткандай кыргыздын жыл санак билимин жаш муунга таанытыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Табылды Акеров: Жаш муунга таанытыш үчүн негизи ММКларда көп маалымат бериш керек. Мисалы, көпчүлүк билбейт бул жерде кандай сырлар жаткандыгын. Экинчиден, мамлекеттик эрк менен өкмөттүк, же Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алыш керек. Ар бир айыл өкмөтүндө тиричилик үчүн керек да.

Айылдарда көп адамдар мунун сырларын билет, ошондуктан айыл өкмөттөрүнө тапшырып, ошол жерлерде илип, же болбосо маалымат берип турса болот. Кыргыздардын жыл санагын деле бардык өлкөлөргө тарата беребиз деген өтө кыйын. Бирок биринчи кезекте биздин өлкөдө жайылтып, Айыл чарба министрлигиби, айыл өкмөттөрүндө, жергиликтүү жерлерде кабыл алынып, элдерге таратылса, кийинки кадам катары англисче которуп, муну бүт Батыш мамлекеттерине жеткирсе, акырындык менен колдонушу мүмкүн. Бирок жыл санагыбыз так жыл санакка кирбейт. Биздики 360 эле күндөн турат.

Дастан Сарыгулов: Бул туура эмес маалымат. Ар бир үч жылда арсар ай деп бир ай кошулат. Муну үч жылда бир жолу кыргыз толуктап койгон. Барс жылы арсар ай, ошол 16-декабрдан 14-январга чейин кыргыз муну арсар ай деп коет.

Ларичев кыргыздын жыл санагындагы Сатурн, Венера, Марс - ушулардын күндү айланган мөөнөтүнүн баары көрсөтүлгөн деп таң калып атат. Астрономия унутуп койгон интерколяция деген ыкма бар, ал да кыргыздын жыйырма төрт миң жыл мурдагы календарында көрсөтүлгөн. Демек Мая деген календарь бир жарым миң жыл мурда болгон, Египеттики үч миң жыл мурда түзүлгөн, биздики жыйырма төрт миң жылда болуп атпайбы.

“Азаттык”: Ушул маселелерди көп жылдардан бери өзүңүз жалгыз эле демилге көтөрүп таратып келе аткандай болосуз. Коом тарабынан, өкмөт тарабынан кандай жардамга муктажсыз?

Дастан Сарыгулов: Тоскоолдук кылбаса эле болду, башка жардам кереги жок. Бизге эмне керек? Бизге улуттук эс тутумду калыбына келтирүү керек. Кыргыз өзү улуу элдин урпагы экенине ынаныш керек. Көрүнгөн элдин этегин кармап ээрчип, бир жарым кылым жашап келе жатабыз. Кыргыздын “Манасы”, жыл санагы, ордо оюну, тарыхы, ыйман, адеп наркы, калпагы, кемер куру - бул адамзатта издеп табылбаган нарк. Ошону билип, кыргыз көр тириликтин көйгөйүнөн улуттун улуулугуна көтөрүлүш керек. Ошон үчүн бийликтен мага жардам кереги жок, жардам бербей эле тоскоолдук кылбаса болду.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG