Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Бүгүн Улуу Үркүн курмандыктарын эскерүү күнү


Боом капчыгайындагы үркүн курмандыктарына коюлган эстелик
Боом капчыгайындагы үркүн курмандыктарына коюлган эстелик

Бүгүн Кыргызстандын коомчулугу 1916-жылкы элдик көтөрүлүштө шейит кеткендерди эскерип жатат. Улуттук китепканада Үркүн темасында көргөзмө ачылды. Боом капчыгайында кыргыз салты боюнча шейит кеткендерге куран окулуп, аш берилип жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшен Абдразаковдун айтымында, бул иш чаранын максаты – бирөөлөрдү күнөөлөп жоопко тартуу эмес, ата-бабанын астынан өтүп, атуулдук милдетти аткаруу болуп саналат.

- Тарыхта маалым, падышалык Орусиянын бийлигине каршы көтөрүлгөн кыргыздар тууралуу көп ар кандай маалыматтар айтылып жүрөт. Бүгүнкү уюштурулуп аткан иш чара кандай өңүттө өтөт?

- Бүгүн саат тогузда биздин Улуттук китепканада китептердин көргөзмөсү болот, ал жерде эскерүү болуп куран окутулат, анан Боом капчыгайына жүрүш болот. Боом капчыгайында саат 12де иш чаралар болот. Чакырылган коноктор Жогорку Кеңештен, өкмөттөн келишет. Алар чыгып сүйлөшүп, молдо куран окуп, анан аш берилет.

- Бир катар саясатчылар айтып келатышат, кыргыздардын массалык кыргынга учурашына Орусия моралдык жооп берүүгө милдеттүү дешип. Сиз мындай пикирге кошуласызбы, дегеле сиз жолугушкан кандайдыр бир жолугушууларда, сүйлөшүүлөрдө ушул маселе көтөрүлдүбү?


2006-жылы Беделге атайы барган экспедиция ашуудагы адам сөөктөрун жыйнап, жерге жашырган
- Ал маселе айтылып келатат. Бирок азыркы Орусия мурдагы падышалык Орусиянын кылган иши үчүн жооп бербейт. Ошон үчүн ушул маселе чечилбей келет көп жылдан бери. Бирок биздин милдет аларды күнөөлөп жоопко тартуу эмес, эң биринчиден атуулдук милдетибизди аткаруу, парзыбызды аткарып, ата-бабанын астынан өтүп, куран окутуп коюу. Экинчиден, өсүп келаткан жаш муундарды патриоттук сезимде тарбиялоо.

Үчүнчүдөн, экинчи ушундай жамандык, каргашалуу күндөр Кыргызстанда болбосун, мындан ары жакшылык, тынчтык болсун деп өз тарыхыбызды өзүбүз эстей жүрсөкпү деген ой. Анан кийин кыргызда айтылат эмеспи, арбак ыраазы болмоюнча тирүү жарыбайт деп.

Ошон үчүн биз 90 жыл бою ата-бабабызды эстебедик, куран окутпадык, сөөктөр жатты 90 жыл бою, бирөөбүз басып барып койгон жокпуз. Ошон үчүн 90 жылдан бери жарыбай жүрдүк.

Мына эстелик тургузуп, ашын берип, сөөгүн көмгөндөн кийин Кыргызстанга көп жакшылыктар болуп атат, өзүңүздөр байкап атат болушуңар керек. Кыргызстандын иши илгерилеп алдыга өсүп баратабыз. Ошонун баарын мен ойлойм, ата-бабалар ыраазы болуп, арбактар колдоп, мындан ары дагы Кыргызстаныбыз өсүп өнүгөт болуш керек.

- Өткөн жылдары дагы “Асаба” партиясынын Азимбек Бекназаров баштаган тобу Какшаалга, Беделге чейин барып сөөктөрдү жыйноо иш чарасы болду эле. Ушундай бир жаңы экспедицияны дагы бир жолу уюштуруу ыктымалдыгы барбы. Мисалы парламент тарабынан кандайдыр бир демилгелер барбы?

- Азыр биз ошону эки жылдан бери карап келатабыз. Сөөк жаткан ашууларды, элдер кырылган жерлердин баарын кыдырып келдик. Арадан көп жыл өтүп кеткенден кийин сөөктөрдүн баары калбай калыптыр бүгүнкү күнү. Былтыр барганда деле көп сөөк чыккан жок, көбүнчөсү малдыкы болуп, адамдыкы азыраак табылып калды.

Эми 90 жыл оңой эмес да. 90 жылда кар жаайт, күн жаайт, сөөктөрдүн баары эзилип кеткен. Экинчден топоздор сөөктү аябай жейт экен. Ошондон улам көп жерди кыдырып келдик, сөөк калбай калыптыр. 90 жыл эмес, арадан 20-30 жыл өткөндөн кийин барып көмүп коюшса болмок экен.

- Негизи тарыхта ар кандай маалыматтар айтылып жүрөт, 16-жылкы көтөрүлүштө Үркүндө канча кыргыз кырылганы жөнүндө сизде так маалыматтар барбы?

- Үркүнгө байланыштуу болгон жазылган китептерди, маалыматтарды окуп чыктым, бирок бардык жерде ар кандай маалымат экен, так анык бир маалымат жок. Баарын кошуп, эсептеп чыкканда эң көп болгону 150-170 миң деп жүрөт. Падышалык Орусия ошол убакта отчетун бергенде, канча киши өлтүргөнү, канчасын атканы жазылган да, ошонун баарын кошуп чыксак ошондой сан. Бирок негизи андан көп киши өлгөн.

Үркүн болбосо, мен ойлойм, кыргыздын эли азыр 10 миллионго чейин барып калмакпыз. Муну ар кандай айтышат. Бирок муну бир эле фактыдан билип койсок болот, бүгүнкү күнү Чүйдө, Нарында, Нарында элдин аздыгы. Экинчиден, Чүйдө, Көлдө орус улутундагы адамдардын, айылдардын көптүгү, Ивановка, Петровка, Сосновка дегендер. Булар ошондо 360 айылды көчүрүп келип Кыргызстандын ичине жайгаштырган. Ошондон билсек болот.

Анан бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймагын 7 облусун алып көрсөк, мисалы Ош, Жалал-Абат облусун алсак, бир квадрат километр жерге 36 киши туура келет. Ошол эле Нарынды алсак бир квадрат километр жерге 6 эле киши келет. Мына ушундан канча киши кырылганын билип койсок болот. Дээрлик Чүй, Көл, Нарын элинин 60-70 пайызы кырылып калган. Орустардын атканы, анан жөө Кытайга баратып жолдон өлгөн, кайра келатканда өлгөн, келгенде ачарчылык, эпидемиядан өлгөн. Анын баарын кошкондо аябай чоң сан болуп кетет.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG