Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Бишкектин чет жакасында жарыксыз, суусуз жана мектепсиз күн көрүп жаткан ондогон кичи райондор бар. Калкынын саны үч жүз миңден ашкан бул райондорго “жаны конуш” деген ат ыйгарылып, ал жерде тиричилик өткөргөндөр “мыйзамсыз жер басып алуучулар” деп мамлекет тарабынан күнөөлөнүп келишет.


Көрксүз конуштар


Кыргызстандын борбор калаасына улай жайгашкан жаңы конуштар менен шаардагы жашоону салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Топурак менен курулган жапыз үйлөр, таштак жолдор, идиш көтөрүп башка айылдан суу ташып жаткан өспүрүмдөр жана чырак менен өткөн тиричилик. Мындай шарттагы жашоону Кыргызстандын тээ алыскы айылдарынан да кезиктирүү кыйын.

Жаңы конуштун тургундары таза сууну башка айылдан алып келүүгө мажбур.
Азыр 21-кылым экенине карабай беш жылдап жарыксыз жашаган конуштар бар. Бийлик өкүлдөрүнө далай ирет кайрылуу жасаган конуш жашоочуларын мындай кой, жадагалса өспүрүмдөрдүн да өкмөткө болгон үмүтү таптакыр өчкөндөй туюлат. Бирок журналисттерге арманын айтуудан дале тажашпайт. Ак-Жар конушунун тургуну, үч баланын энеси Таалайгүл айым буларды айтат:

- Жашоо шартыбыз абдан кыйын. Биз каттоого да турган эмеспиз. Ооруканалар да кабыл албайт. Жарык жок, балдарыбыз болсо түндө чырак менен окушат. Бир тамгасы көрүнсө, бири көрүнбөйт. Кыйынчылык.

Конуш тургундары: булар кимдер?

Жаны конуштардын тургундары 1990-жылдары аймактардан Бишкекке жумуш издеп келип, өлкөдөгү башаламандык учурлардан пайдаланып жер басып алгандар. Дал ошол үчүн алар кыргыз өкмөтү үчүн жаман көрүнүп болуп калышкан.
Бишкектин четинен жер басып алгандар


Биз барган Ак-Жар конушунан заңгыраган үйдү же кымбат баадагы унааларды көрүү мүмкүн эмес. Алардын дээрлик көпчүлүгү Орто Азиядагы эң ири деп эсептелген “Дордой” базарында иштеп тиричилик кылышат.

Экс-депутат Бейшенбек Абдрасаков алгачкылардан болуп 1990-жылдары жер басып алгандардын катарында. Ал конуштардагы көйгөйлөргө аралашып жашаганы үчүн парламентке депутат болгондон тарта конуштагылардын үнүн өкмөткө жеткирип турган саясатчы. Абдрасаков эгерде өкмөт жүз миңдеген конуш тургундарынын көйгөйүн көңүл сыртында калтырса, аягы социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн дейт:

Мурдагы депутат Бейшенбек Абдрасаков жаңы конуштардын маселесин көтөрүп чыккан саясатчылардын бири.
- Социалдык проблемаларды тез арада чечип, ушул жаңы конуш менен шаардын ортосундагы айырмачылыкты тез арада жойбосо, келечекте бул жаштарды көрүп турасыңар, абдан көп жаштар. Бишкектин тегерегинде жаңы конуштарда көп балалуу энелер да бар, келечекте элдердин саны да тез көбөйүп жатат. Социалдык проблемалар чечилбесе социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн. Балдар мектепте окубаса кийин ким болот? Каракчы болот, киши өлтүрөт, киши тонойт, акча уурдайт, банкты тонойт. Мына ушундай бир коркунучтуу кырдаал бар.

Муну биз өзүбүздүн баштан өткөргөн Кыргызстан эмес, башка бир Франциянын мисалында айткым келет. Францияда да борборун өсүп-өнүктүрө берген да, тегерегиндеги жаңы конуштарга көңүл бурбай койгон. Мына ошолордун айынан чоң проблема келип, бүгүнкү күнгө чейин Франциянын ортосуна чыгып, унааларды, тамдарды өрттөп келет. Мунун баары теңсиздиктин, адилеттиктин жогунан ушундайларга барып жатышат.


21-кылымдын кыялдары

Биз күбө болгон Ак-Жар жаңы конушунун жашоочулары үчүн жарык, таза суу, мектеп, бала-бакча, спорттук аянча кол жетпеген кыял. Окуучулар кошуна айылдарга барып билим алышат. Бирок дале болсо жакшы жашоодон үмүт өчө элек дейт айыл тургуну Асылбек:
Азырынча бул бала жаңы конуштагы жашоо шартты аңдай элек.


- Көп нерседен артта калдык. Мисалы, концерт, кино деген нерсе бизде жок. Жок болгондон кийин биз кантебиз? Каякка барабыз? Эч нерсе жок. Кечинде бир саатка генератор иштетип телевизор көрөбүз. Жаш балам бар. Ал ыйлаганда генератор иштетип, ошол убакта кайсы көрсөтүү болсо да көрүп үлгүрүп калабыз.

Анткен менен конуш тургундары өкмөттүн эле көзүн карап отурушпайт. Түрдүүчө долбоорлор менен жигердүү иштешип, майда-чүйдө көйгөйлөрүн өздөрү деле чечип алууга аракет кылышат экен. Мирзат Ажиев жаңы конуштар менен иштеген “ЭРЕП” коомдук бирикмесинин төрагасы:

- Конуштардын көйгөйүн чечүүнүн жолдору бар. Биринчиден, эл өзү чече башташ керек. Эч качан биз өкмөттү күтпөшүбүз керек. Өкмөттүн бизге "муну жасайбыз, тигини жасайбыз" дегенин күтпөй, өзүбүз ашар жолу менен акырындап турмушубузду оңдой беришибиз керек. Өкмөттүн оңдогонго толук, жүз пайыз колу жетпейт. Ошондуктан жашоочу катары, эл катары өзүбүздүн салымыбызды кошсок, тезирээк жаңы конуштарды оңдойбуз деген жакшы оюм бар.

Конуштардагы муктаждыктарды чечүүгө белсенген “ЭРЕП” сыяктуу ондогон уюмдар иш алып барышат. ЮСАИДдин “Сапаттуу билим” долбоорунун директору Кеңешбек Сайназаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы оңолмоюнча конуштардагы көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын деп эсептейт:

- Жергиликтүү өкмөт көбүнчө фасилитатор катары кызмат кылса. Алар мобилдүү болуп, коомчулуктан чыккан демилгелерди ишке ашыруу үчүн ар кандай булактарды тынымсыз изилдөөлөрү керек. Менимче борбордук өкмөттөн да, эл аралык уюмдардан да, бизнестен да жаңы конуштарды колдоого көп кызыгуу жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө жаңы конуштарга кошумча колдоо, каражат табуу анча деле оор эмес. Ал үчүн жергиликтүү өкмөт мобилдүү, менеджменттин заманбап талаптарын өз ишине колдоно алуу керек.
Болочок чемпиондор келечекке үмүттүү көздөр менен карашат.


2005-жылы президент Аскар Акаев өлкөдөн качканда жерге ээ болгон тургундар 2010-жылы 2-президент Курманбек Бакиев качканда жаңы бийлике бир катар талаптар менен чыгышты. Элдик бийлик орнотобуз деген жаңы өкмөт аларга акырындык менен бардык шарттар түзүлөөрүн убада кылышууда.

Анткен менен жарыксыз, суусуз шартта жашаган конуш өспүрүмдөрүнүн мактана турган эки сыймыгы бар. 2008-жылы Бээжин олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон Канат Бегалиев менен коло медаль алып келген Руслан Түмөнбаев жаңы конуштун кулундары. Жаңы конуштун өспүрүмдөрү бул эки спортчуну пир тутушат. Алар оор шарттагы турмушта деле дүйнө чемпиону болууга мүмкүн деген оптимисттик ой менен жашоосун өткөрүшөт.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG