Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Азия Өнүктүрүү банкынын каражаты каякка жумшалат?


Мирлан Байгончоков
Мирлан Байгончоков

Азия Өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин ортосунда Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишим жана өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын жоюудагы аракеттер туурасында каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

- Азия Өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлмөй болду. Бул кандай кандай шартта берилип, кайсы иштерге жумшалат?

- Биз жакында эле Азия Өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы 100 миллион доллар финансылык келишимге кол койдук. Бул банк бул өзгөчө кырдаалга байланыштуу калыбына келтирүү жана реконструкциялоо долбоорун берип жатат. Бул берилген каражаттын ичинен 51, 5 миллион доллар грант түрүндө берилет. Ошондой эле 48,5 миллион доллар насыя түрүндө берилип жатат. Насыя кырк жылга берилет. Анын ичинен он жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет. Бул мөөнөттүн ичинде биз бир пайыздык көрсөткүч менен төлөйбүз. Кийинки бөлүгүндө бир жарым пайыз боюнча төлөйбүз.

- Бул каражат кайсы багыттарга жумшалат?

- Берилген каражатты карап көрсөк, анын ичинен 40 миллион доллар бул бюджеттик колдоо болот. Башкача айтканда бюджетке берилет. Ошондой эле 28 миллиону турак-жай курулушуна берилип жатат. 27 миллиону болсо сууну камсыз кылуу үчүн инфраструктурага берилет. 4 миллион доллар өлчөмүндө консултациялык кызмат көрсөтүлөт.

- Кыргызстан менен бул банктын ортосунда дагы кандай келишим, кызматташуулар бар?

- Биз жакында эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өткөрдүк. Бул сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанга 23 миллион доллар жол тармагына берилип жатат. Бул каражаттар насыя түрүндө берилет. Түштүктөгү эң маанилүү Тажикстан жана Кытай менен байланыштырган жол тармактары бар. Бул каражат ошол жолдорду оңдоого берилип жатат. Ошондой эле биз энергетика тармагын жакшыртуу долбоору боюнча да сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Бул сүйлөшүүлөрдө Азия Өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 44,8 миллион долларын берип жатат. Булардын 44,5 миллион доллардын 28 миллиону грант түрүндө бизге берилет. Калганы болсо насыя түрүндө берилет.

- Кыргызстанда бюджеттин тартыштыгын толтуруу үчүн донор уюмдар, башка өлкөлөрдөн каражат тартылары айтылган. Бул иштер кандай жүрүп жатат?

- Жайында Эл аралык донорлор конференциясы өттү. Ошол конференцияда эл аралык каржы уюмдары жардам көрсөтө тургандыгын жарыялашкан болчу. Азыркы учурда дүйнөдүк банк менен сүйлөшүүлөр өтүлдү. Буга чейин айткан Азия Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр болду. Булардан бюджет үчүн каражаттар каралып жатат. Жакында эле бизге Эл аралык валюта фонду тарабынан 33 миллион доллар бюджетти колдоо үчүн жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары Түркия өкмөтүнөн 10 миллион доллардык грант алдык. Жакында Орусиядан грант алабыз деп ойлоп жатабыз.

- Бул каражаттар өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын жоюга жетиштүүбү?


- Биз жетет деп ойлойбуз. Эгер жетпесе дагы мындан тышкары сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп ойлоп жатабыз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG