Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Экономикалык кызыкчылыкпы же саясий үстөмдүкпү?


Казак-кыргыз чегиндеги Казакстандын Кордай чек ара, бажы бекети
Казак-кыргыз чегиндеги Казакстандын Кордай чек ара, бажы бекети

Казакстан Кыргызстандан кирүүчү жана Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн келип жаткан транзиттик жүктөрдү дыкат текшергенден кийин гана өткөрүүсүн улантууда. Муну казак өкмөтү Кытайдын “контрабанда” товарларынын кирүүсүнө тоскоолдук катары түшүндүрүп жатат.

Серепчилер болсо бул аракеттин артында Казакстан менен Орусия Бирдиктүү бажы союзу аркылуу Кыргызстанга саясий-экономикалык таасир көрсөтүү жатат деп эсептешет.

Тосулган жүк, көтөрүлгөн бажы төлөмдөрү

Казакстан Кыргызстанга келе жаткан транзиттик жүктөрдү өткөрбөй бир катар чек араларындагы бажы түйүндөрүн бекемдегенине бир жарым айдан ашты. 1-февралдан тартып эле Кытай-Казакстан чек арасындагы Харгост бажы бекетинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташып келаткан жана ошондой эле Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы Конусбаев бажы бекетинде дагы Арап Эмираттары, Иран, Түркиядан жүк тартып келаткан автомашиналар Кыргызстанга өткөрүлбөй жатканы кабарланган.
Кыргыз-казак чегиндеги токтотулган автоунаалар, 2010-жылдын 1-марты.

Казактар ар бир машинаны тиешелүү документтеринен тышкары дагы жүктөрүн ачып кароону талап кылышканын кыргызстандык ишкерлердин бири Нургазы “Азаттыкка” билдирген:

- Биздин жүк ташыган автоунааларды документин гана эмес, анын ичиндеги жүктү дагы бирден түшүрүп текшеребиз деп талап кылып атышат. Мына ушундай текшерүүдөн кийин гана 20-февралда бир-эки машинаны өткөрүштү.

Кыргызстанга келе жаткан транзиттик жүктөрдүн өткөрүлбөй жатканына удаа казактар Кыргызстандан да кирүүчү жүктөрдүн бажы төлөмдөрүн көбөйтүштү. Мындан улам Казакстанга “Дордой” базарынан Кытайдын товарларын гана эмес, Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди да алып кирүүгө мүмкүн болбой калды. Соодагерлер Казакстан талап кылып жаткан бажы төлөмдөрүн төлөө кыргызстандык ишкерлер үчүн пайдасыздыгын айтышат.

Казак өкмөтү болсо бажысын бекемдөөнүн себебин – контрабанда менен күрөшүүнүн күчөшү катары көрсөтүшүүдө. Казакстандын өкмөт башчысы К. Масимов контрабанда негизинен Кыргызстан аркылуу келип жатканын кыйытып кетти. Ал эми казак бажы комитетинин Алматыдагы башчысы Курманбек Артыкбаев 11-мартта журналисттерге документалдуу түрдө Кыргызстанга багытталган жүктөрдүн көпчүлүгү Казакстандан чыкпай калып жатканын айтып, жүктөрдүн дыкат текшерүүгө алынып жатышын ушул себепке байлаган:

- Биздин Кыргызстанга өтүп жаткан жүккө эч сурообуз жок. Бирок Кыргызстанга өтүп жатат деп бизди алдап, жалган документтер менен өткөзүп жатканын билгенден кийин токтотуп олтурабыз. Казакстан жарандары сатып алган товарынын Кыргызстанга бара турганын билбейт. Мунун баары жүктү Казакстанга жеткирип беребиз деген компаниялардын жоопкерчилигиндеги иш.

Курманбек Артыкбаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, Казакстан товарлардын мыйзамсыз кирүүсүнө каршы күрөштү үч мамлекет: Орусия, Белорусия жана Казакстандын бажы союузунан улам күчөтүүдө.

Бирдиктүү бажы союзу Кыргызстанды кабыл алабы?
Дүйнөлүк соода уюму менен кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын Бирдиктүү бажы союзуна кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүнүү керек.
Б. Мамбетов

Бажы союзу демекчи ага Кыргызстан мүчө болуп кирбей калышына өлкөнүн бир кыйла жыл мурун Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу себеп. Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кыргыз өкмөтү бул уюмга караганда Бирдиктүү бажы союзуна мүчө болгону өлкөнүн экономикасы үчүн да, кыргызстандыктар үчүн да дурус болмок. Анын айтуусунда, Бирдиктүү бажы союзун түзүү сунушу Кыргызстанга 2003-жылдары эле берилген, бирок кыргыз өкмөтү буга маани берген эмес:
Базарбай Мамбетов

- Дүйнөлүк соода уюму менен кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын Бирдиктүү бажы союзуна кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүнүү керек. Биз бул боюнча мурда да иштегенбиз, 1998-жылдан тартып Дүйнөлүк соода уюму менен мына ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылганбыз. Бирок 2006-2007-жылдары ошол жасалып жаткан иштердин баары ара жолдо калды. Буга негизинен акыркы жылдары тиешелүү кызматтарда бул маселени жакшы билбеген адамдардын иштеп жатканы да өтө чоң тескери таасирин тийгизди.

Кыргыз жетекчилиги коңшу өнөктөштөрү биргелешип түзүп жаткан Бирдиктүү бажы союзунун өлкө үчүн маанисин эми сезип аткансыйт. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов бул союзга кирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүсүн кол алдындагыларга жакында эле тапшырганы белгилүү.

Базарбай Мамбетовдун түшүндүрүүсү боюнча, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп турган Кыргызстан үчүн эми Бирдиктүү бажы союзуна кире коюу оңой иш эмес, ал үчүн Дүйнөлүк соода уюмунун бир катар шарттарынан баш тартып, каяша кылууга туура келет:

- Биз Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу менен бажы төлөмдөрүн эң төмөнкү көрсөткүчтө: 5%дан төмөн кылып коюуга милдеттүүбүз. Ал эми жаңы түзүлгөн Бирдиктүү бажы союзунда жогорку көрсөткүчтө: 10% айланасында деп келишилген. Бирок бизге мурда кабыл алган шарттардан баш тартуу оңой эмес, ошентсе да биздин өкмөт Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бажы төлөмдөрүн жана башка милдеттерди Бирдиктүү бажы союзунун шарттарына тууралашы керек.

Айрым талдоочулардын айтуусунда, Кыргызстан канча аракет кылбасын кыргыз-орус мамилелери кайра жакшырмайынча Бирдиктүү бажы союзуна кире албайт жана бул маселе Кыргызстанды дагы далай экономикалык кыйынчылыктарга туш кылуусу ыктымал. Алардын пикиринде, Каржы министрлигинин Орусиядан алынган насыя акчанын үстөк пайызын төлөй баштаганы деле эки өлкөнүн сууган мамилесин жылытууга азырынча Кыргызстан үчүн кандайдыр бир пайда берери белгисиз.

Максат Кыргызстанды кысуубу?

Айрым оппозициялык ишмерлер жана саясат талдоочулар казак өкмөтүнүн Кыргызстанга жүк өткөрбөй жана Кыргызстандан жүк киргизбей жатканын мына ушул кыргыз-орус мамилесинин сууганы, ал үчүн Бирдиктүү бажы союзу аркылуу Кыргызстан атайын экономикалык блокадага курчалып жатканын айтып келишет.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, кыргыз бийлиги өткөн жылы 3-февралда орустар менен түзгөн келишимди аткарбай, сөз берилгендей АКШнын аскерий аба базасы өлкөнүн аймагынан чыгарылган жок. Бул өз кезегинде орустардын Кыргызстанга экономика аркылуу саясий басым жасоо аракетин күчөттү дейт саясат талдоочу.

Ал эми экономикалык көз караш менен караганда Орусияны кошпой карай турган болсок, Казакстан өз кызыкчылыгы үчүн туура аракет кылып жатат, дешет экономисттер. Белгилүү болгондой Кытай менен Түркиянын арзан товарлары Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө Кыргызстандагы “Дордой” жана Кара-Суу базарлары аркылуу таратылары белгилүү. Бул базарлардын гүлдөп өнүгүп кетүүсүнө Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргени, ага байланыштуу сырттан киргизилүүчү товарлардын бажы төлөмдөрү төмөн болушу негизги ролду ойноду деген пикирлер бар.
Казактар өз экономикасын Кыргызстандын, Кыргызстан аркылуу келип жаткан Кытайдын товарларынан коргоп атышат.
А. Сарыбаев

Кыргызстандын бажы төлөмдөрү менен Казакстандын бажы төлөмүнүн ортосунда алты эсе айырма бар. Ушундан улам “Дордой” базарына атаандаш ачылган Казакстандын “Барыс-2”, Кордой базарлары үмүттү актаган жок. Тескерисинче бүгүнкү күнгө чейин казакстандык соодагерлер Кыргызстанды карай агылууда. Ушундан улам Казакстан Кытайдын товарлары Кыргызстан аркылуу өлкөгө реэкспорт болгондон көрө, өздөрүндөгү базарлар аркылуу таратылсын деген кызыкчылыкты көздөп жатабы деген суроо туулат.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев бул аракетти мыйзам ченемдүү деп эсептейт. Анын айтуусунда, казак өкмөтү өздөрүнүн соодагерлеринин жана ишкерлеринин камын көрүп жатканы туура эле:

- Казактар өз экономикасын Кыргызстандын, Кыргызстан аркылуу келип жаткан Кытайдын товарларынан коргоп атышат. Эгер антпесе бизчилеп реалдуу секторунан ажырап калбайбы. Ошондуктан, алардын аракети мыйзам ченемдүү, алар эч качан биздин кызыкчылыгыбыз үчүн өздөрүнүн экономикасын садага чаппайт да.

Кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон кезде “жети өлчөбөй” туруп эле бир кесип, чечим кабыл алып, андан кийин ойлонуп калган, ошондон улам бүгүнкү Кыргызстандын экономикасындагы реалдуу сектор жок болду дешет адистер. Эми андан баш тартып, Бирдиктүү бажы союзуна кире турган болсо, Кыргызстанда бир топ кыйынчылыктар болот деген пикирин айтат А. Сарыбаев:

- Бирдиктүү бажы союзуна кире турган болсок, бизде бир топ экономикалык татаалдыктар жаралышы мүмкүн. Товарлардын тартыштыгы башталып, кризистер болуп кетиши ыктымал. Биз Дүйнөлүк соода уюмунан кескин чыгып кете албайбыз. Биз ошол уюмга кирээрден мурун коңшу өлкөлөр менен болгон мамилебиз кандай болот, мына ушуну терең ойлонушубуз керек болчу. Андай болбостон, “чабал өрдөк мурда учат” болуп биринчи эле өтүп алганбыз. Ошондуктан, Казакстан чек арасын таптакыр эле ачып коё турган болсо анда алардын экономикасы жабыркайт. Алар Бирдиктүү бажы союзуна чогуу кирип жаткан Орусия, Беларусияга караганда Кыргызстан менен кол үзүүнү туура көрүп жатканы ушундан.

Бүгүнкү күнү Казакстан аркылуу жүктөрү өтпөй, ошол эле учурда Казакстанга да товарлары киргизилбей, соодасы токтоп турган ишкерлер гана жабыр тартууда. Экономисттердин айтуусунда, буга кыргыз өкмөтү баш оорутуп, бул маселени чечүүгө аракет кылууга тийиш. Бир жарым айлык убакыттан бери бул маселе алдыга жылган жери жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG