Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Бир айда Казакстандан кыргызстандык 475 мигрант чыгарылды


Ушул айда Казакстан 500гө жакын кыргызстандык мигранттарды өлкөдөн чыгарган. Мына ушуга байланыштуу Эмгек жана миграция министринин Алматыдагы өкүлү Айбек Турдубаев “Азаттыкка” маек курду.

- Азыр Казакстанда иштеген кыргызстандык жарандардын саны канча жана алардын укуктук шарттары жөнгө салындыбы?

Айбек Турдубаев: Казакстанда бир айлык рейд учурунда миграцияда жүргөн кыргызстандык 475 азамат депортация болгон. Өзбекстандык 1115 адам, тажикстандык 285 адам департация болгон. Бул 14-апрелден баштап 14-майга чейин болгон рейд учурунда департация болгондор. Бул текшерүү бир жылда бир жолу өткөрүлүп турат.

- Казакстандан чыгарылган кыргыз жарандары ал жерде ишкерлик, соода менен алектенип жүргөн болсо, алардын менчигин сактап калуу, же Кыргызстанга алып келүү боюнча кандай жардамдарды көрсөттүңүздөр?

Айбек Турдубаев: Жардамдарды көрсөттүк. Азыркы маалда Казакстанда абал тынч. Апрель окуясынан кийин Казакстанданы чек арасы жабык турган кезде биздин мигранттар кайра үйлөрүбүзгө кайтабыз деп кайрылышкан. Бирок азыркы мезгилде бири да кайра артка кайтып келүүгө суранышкан жок. Мигранттар азыр жакшы эле иштеп жатышат.

- Жайдын келиши менен мигранттардын көчү күч алат эмеспи. Быйыл бул кырдаал кандай болчудай? Өкүл катары алардын жакшы иштеши үчүн кандай жардамдарды берип жатасыздар?

Айбек Турдубаев: Алматыда жай айларында мигранттардын келиши өсөт. Бул көрүнүш жыл сайын эле болуп келген. Мен азыр радиодон айтып кетет элем, Казакстанга жумушка келгендер документтерин так, баарын туура даярдап келсе жеңилирек болот эле. Себеби Казакстан мамлекетинин өзүнүн мыйзамдары жана өзгөчөлүктөрү бар, ошолорду сактасак жеңил болмок.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG