Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Б. Арстанбекова: Миграция комитети формалдуу иштеп жатат


Казакстанда кыйынчылык көргөн кыргызстандык мигранттар Бишкекте нааразылык акциясына чыгышты.

Казакстанда кыйынчылык көргөн кыргызстандык мигранттар Бишкекте нааразылык акциясына чыгышты.

"Акыйкат жолу" коомдук уюмунун жетекчиси Бүбайша Арстанбекова мигранттардын курчуган маселесин чечүүгө мамлекеттик органдардын иш-аракети жеткиликтүү болбой жатат деп сынга алууда.

- Сиздин уюм мигранттардын ал-абалын жакындан билет эмеспи. Орусияда болобу, Казакстанда болобу кыргызстандык эмгек мигранттардын абалы тууралуу сиз күбө болгон окуяларга, проблемадарга токтоло кетсеңиз?

- Мен миграция маселеси боюнча иштегенибизге быйыл туура 10 жыл болот. “Акыйкат тобу” коомдук бирикмесинин тобу тышкы жана ички эмгек мигранттарынын укугун коргоп келебиз. 2000-жылы адегенде биз абдан мурунку бийликке нааразы болуп, 2005-жылы ыңкылап болгон убакта абдан чоң үмүт менен күткөнбүз ушул миграция тармагында абдан чоң өзгөрүлүш болот, жаңы бийлик бизге алгылыктуу жардамдарды берет, мүдөөбүзгө жетебиз деп.

Көйгөйлөрдөн толук арылбасак дагы кандайдыр бир 20-30 пайыз көйгөйлөрүбүз чечилип калат бекен деген үмүт менен, жан дилибиз менен элдик ыңкылапка катыштык. Чындыгын айтсам, ошол ыңкылапка катышкандардын 50 пайыздан жогорусу тышкы жана ички мигранттар болгон.

- Бүгүнкү абалы кандай алардын?

- Бүгүнкү абалын айткым келет. Себеби эч кандай өзгөрүү болгон жок. Тескерисинче азыр миграция абалы өтө курч, өтө жаман абалда болуп турат. Биздин жаңы миграция боюнча мамлекеттик структура 2006-жылы түзүлбөдүбү. Ал түзүлгөндөн баштап алгылыктуу иштер болот экен десе формалдуу гана иштер болуп, анан ал миграция комитети өзүн өзү пиар, жарыя кылгандан башкага жараган жок деп айтсам жаңылышпайм.

Себеби миграция комитети эгерде алдын алып, мигранттарга жакындан жардам көрсөтсө азыркы абал мындай курчубайт болчу. Буга факты катары мен айтып кетерим, миграция комитетине ар кандай көйгөйлөр тууралуу биз официалдуу түрдө көптөгөн каттарды, кайрылууларды жазабыз. Бир эле мисалды айтып кетейин, Орусиянын Магадан облусунда жумушта иштеп келет, ал жерден келгенден кийин өзүнүн эмгек акысын, жол карызын төлөй турган убагында, ошонусун алалбай келе берет. Келгенден кийин бизге кайрылат, биз Миграция комитетине жазабыз суранып. Алар договордо жок экен деп, көңүл жооткотуп гана кат жазып коет, аны сурап билүү деген буларда болбойт, ага кызыгышпайт.

- Орусиянын маалыматына караганда өткөн жылы 42 миң кыргызстандык адам Орусиянын жарандыгын алыптыр. Эгерде жылда ушундай боло берсе Кыргызстандагы абал кандай болот?

- Кыргызстандагы абал социалдык жактан өтө курчуйт, биринчиден. Экинчиден, мигранттар ушинтип жарандык алганы менен ошол жарандыктын пайдасын көрбөстөн, мына азыркы сиздер айтып өткөн окуядагыдай жабыр тартып, тирүүсүндө деле Орусиянын толук жарандуулугуна ээ боло алышпайт, укуктарын коргой алышпайт.

Ал эми көзү өтүп кеткендердин сөөгүн алып келиш керек, ата-энеси, туулган жери бул жакта. Ушинтип тирүүсүндө дагы, көзү өткөндө дагы өз укугуна толук ээ боло алышпайт, социалдык абал курчуп кетип бул мигранттардын толкундоосун пайда кылышы мүмкүн.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG