Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Барак анклавында жашагандардын үнү


Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш кыштагындагы «Наристе» бала бакчасынын короосундагы лагерде жашагандар.
Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш кыштагындагы «Наристе» бала бакчасынын короосундагы лагерде жашагандар.

Өзбекстандагы кыргыз анклавында жашагандардын шарты оор. Барак анклавы Кара-Суу районуна карайт. Барактыктар өкмөттөн аларды бул жактан көчүрүп кетүүнү талап кылышууда. 13-июнда аргасыздан журт которгон жүз чакты киши «Наристе» лагериндеги чатырларда жашап, мурдагы жерлерине кайтпай тургандыгын билдиришти. Ал эми Ош облустук бийлиги маселе мамлекеттик деңгээлде дээрлик чечилгендигин, камтама болууга негиз жоктугун айтууда.

Барак айылынын тургуну Боронбай Ысановдун айтымында, жердештеринин район борборуна жана кайра артка каттоосу дагы эле тоскоолдуктар менен коштолууда:

- Жарымыбыз ал жакта, жарымыбыз бул жакта отурабыз. Кыргызстанда кичине тополоң болсо эле Өзбекстан жолубузду бууп таштаганды өнөкөткө айландырды. Анча-мынчабыз Кара-Сууга ишибизге бара албай калган учурлар катталууда. Мындайда аткаминерлерге чалып, бүлүк түшүргөндө гана чек араны ачышат. Азыр деле эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин араң каттап атабыз. Башка маалда таптакыр тосуп коет. Жолубуздун айынан тууган-уруктарыбыз менен катташпай калдык. Атүгүл жакындарыбыз каза тапса, тажияга да өтө алышпайт.

Ушундай жашоодон чарчаган жана Ош коогалаңы убагында Өзбекстан тараптан кооптонгон барактыктардын жарым-жартылайы 13-июнда Кыргызстан тарапка журт которгон. Ушул тапта алар Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш кыштагындагы «Наристе» бала бакчасынын короосун лагерге айлантып, чатырларда баш калкалашууда.

Убактылуу лагерде жайгашкандардын сөзүнө караганда, аларга аз күн мурда вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева, Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков жолуккан. Анда каалоочуларды Кара-Суу тарапка чукул арада көчүрүү, ал эми анклавда калгандардын чек ара аркылуу кыйынчылыксыз өтүүсүнө жана алар өндүргөн айыл чарба продукцияларынын Кыргызстанга ташылып чыгышына, ошондой эле барактыктарды сугат суу менен туруктуу камсыздоого ыңгайлуу шарт жаратуу маселелери кабыргасынан коюлган.

3-августта Барак анклавына жасаган экинчи сапарында облустук бийликтин башчысы Сооронбай Жээнбеков өз мекенине үй салууга ниеттенгендерге Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Үй участогунан 18 гектар жер керектөөгө жараша бөлүнөрүн маалымдаган.

Бирок чатырда жан сактаган барактык Айзада Эркин кызы жер участогу аларга эмдигиче чектеле электигин билдирди:

- Биз кышка чейин үйлүү болобуз деген оюбузда жок. Мына бул чатырларды байырлаганыбызга үчүнчү айга аяк басты. Жетекчилер тээ октябрда жерди бөлүштүрүп, артынан ссуда таратабыз дешти. Ал убадасы качан аткарылат, кудай билет. Өзүбүздүн каражатыбыз менен үй тикелегенге дараметибиз жок.

Дагы бир барактык Жумагүл Мамытованын белгилешинче, мамлекеттин түздөн-түз жардамысыз жаңы турак жайларды кыш түшкүчө бүткөрүү кыйын:

- Орчундуу ссуда беришпесе, каяктан үй салмак элек. Бир-эки жылда там бүтпөйт. Беш-алты жылда араң аяктайт. Азыркы там-ташыбызга улгайганда зорго киргенбиз. Анан жаңысы бир жылда тикеленмек беле?

Жумагүл Мамытованын ырасташынча, Беш-Үй аттуу жаңы конуштун климаты катаал, ал жакка толук кандуу шарт жаратылмайынча, калк көчүп барары күмөн:

- Беш-Үй абдан дөң жер экен. Суусу жок. Бирок өкмөт бардык шартты түзөбүз деп убада кылбадыбы. Андан сырткары ичкенге суу чыгарабыз, жолдорго таш төктүрөбүз, электр түйүнүн тарттырабыз дешти. Антпесе ал жакка басып да барбайбыз!

Эки айдан бери барактыктардын жарымы эски журтунда, калганы бала бакчадагы лагерде тиричилик кылып жатышат. Алар кайсыл жакты тандап алышарын азырынча чечише элек.

Ошентсе да Ош облустук бийлиги айтылган көйгөйлөрдүн дээрлик баары жайгарылганын ачыктады. Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков буларды айтты:

- Бул жагдайда президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүп, жер маселесин чогуу чечтик. Азыр трансформациясын даярдап атабыз. Экинчиден, Барак анклавы сугат суу менен камсыз этилди. Эми чек ара боюнча көйгөйлөр бар. Ушул багытта коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чынында аны жайгаруу оңойго турбайт. Учурда Өзбекстандан чек арадан өтүү тартибин жеңилдетүүнү суранып атабыз. Куда кааласа, ал да нукка түшөөрүнө ишеним чоң.

Сооронбай Жээнбеков мындан тышкары Өзбекстандын Коргон-Төбө районунун акими менен жолугуп, Барак анклавынын жашоочуларын сугат суу менен туруктуу камсыздоо, алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын Кыргызстанга тоскоолдуксуз чыгаруу маселелерин талкуулап, бул демилге колдоо тапкандыгын кошумчалады.

Акыркы эсептөөлөргө караганда, Барак анклавында 153 кожолук, тактап айтканда, 625 адам жашайт. Айыл чарбасына ылайыкташкан 300 гектар жери бар. Райондук борбордон он жети, облустун борбордон жыйырма беш чакырым алыс жайгашкан айылдын тургундарын Кыргызстанга көчүрүү аракети жыйырма жылдан бери жасалып, бирок жүзөгө ашпай келатат.
XS
SM
MD
LG