Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Ала-Арча көрүстөнүндө Д.Садырбаевдин эстелиги коюлду


Бүгүн мындан туура бир жыл мурун бул дүйнө менен кош айтышкан коомдук ишмер, кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин Ала-Арча көрүстөнүндөгү мүрзөсүнө эстелиги коюлду. Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, Кыргызстандын Эл артисти, “Манас” орденинин ээси Дооронбек Садырбаевди эскерүү жыйынына эки жүздөн ашуун адам катышты, бирок бийликтин өкүлдөрү болгон жок.

Кыргыз искусствосунда “Ак баранын көз жашы”, “Махабат баяны”, “Арман” аттуу классикалык кинофильмдерди жараткан Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын тарыхында маданият ишмердиги менен кошо мамлекеттин бүтүндүгү, элдин ынтымагы, келечеги жана эне тили үчүн күйгөн саясатчы катары калган инсан.

Анын мындай аракети Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты болгон кезинде даярдаган мыйзамдарда, элге жана бийликке кайрылууларында жазылып калган. Анын кара кылды как жарган калыс адам экендигин 2002-жылы алты адамдын өмүрүн алып кеткен Аксы окуясына чыныгы күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн жүргүзгөн иликтөөсү да далилдеген.

Дооронбек Садырбаевдин мына ушундай ишмердигин эстелигин ачууга келген саясатчылар, маданият ишмерлери баса белгилешти.“Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков "Кайсы мезгил болбосун калыстыктан тайбаган кыргыздын мыкты азаматы болчу", -деп эскерсе, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев өз аты эмес, элдин келечеги үчүн улуу бурулуштарды жасоого үндөгөн инсан экендигин эске салды:

-Биздин турмуш эмне учун барган сайын оңолбой жатат? Анткени Докемдей кыргыздын аксакалдары такыр азайып калды. Мен Докебизди кыргыздын Бакай бабасына, Кошой бабасына теңейм. Анткени ал кыргыз эли үчүн, кыргыз жери үчүн өмүрүн берди. Биз кыргыз эли, кыргыз өкмөтү ага карызбыз!

Жогорку Кеңештин депутаты, 2004-жылы мурунку бийлик режимин өзгөртүү максаты менен Садырбаев менен бирге “Ата Журт” деген кыймылды түзгөн Роза Отунбаева анын кандай бийлик болбосун кемчилигин бетке айтып, Бакиевдин президенттикке келишине жол төшөгөндөрдүн бири болгондугуна карабастан анын кызматтан кетүүсүн биринчилерден болуп талап кылган улуттук инсан экендигин, бирок аны азыркы бийликтин өкүлдөрү этибарга албай жаткандыгын баса белгиледи:

-Кыргызстандын 21-кылымдагы эн талантуу инсаны деп кыргыз элинин баары баалайт. Ал улуттук инсан. Ал оппозицияга же бир тарапка берилген адам эмес. Ушу Докемдин бир жылдыгына телевидение болсунбу, өкмөттүн гезиттери болсунбу, улуттук инсан деп көңүл бурса эмне болот эле?

Жыйынга катышкан Акыйкатчы Турсунбек Акун азыр коомдо, айрыкча мамлекеттик кызматчылардын аң-сезиминде мамлекет, улут үчүн жан үрөгөн адамдардын эмгегин өз деңгээлинде баалап, кийинки муундарга тарбия берүү эмес бийлик башында тургандарга жагынуу психологиясы калыптанып калгандыгын билдирди:

-Баардыгын вазир кылат да. Ак үйдө иштеген адамдар айтыш керек эле. Эми мына бийликке каалайбызбы же каалабайбызбы, баары көлөкө түшүрүп жатат. Президент укса, барбагыла деп айтат беле? Аппаратта иштеген адамдар эскерүү сөзүн жаздырып, туура маалымат берсе президент кол койбой беле? Мамлекеттик телевидение башка иштерди жасагандын ордуна ушул ишти чагылдырып койсо болот эле. Мисалы менин апам каза болгондо Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев баштаган көп адамдар барышты. Ал Акаевдин заманы болчу, ошондо чоң кызматта иштеген менин бир тууган агаларым босогодо турушту. Силерге эмне болду десем “тиги кишилер келишти бизди көрүп калса бийликтен кетип калабыз” дешти. Эми кайра эле ошол заман уланып жатат. Азыр биз оңолушубуз керек да! Бул адам кыргыз эли үчүн ак эткенден так этип жүргөнү чындык да!

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусов өзү кабар жетпегенден эстелик ачууга барбагандыгын билдирген менен оппозиция ушундай эскерүү жыйындарды да саясатка айлантып, саясий упай топтоого аракеттенет деп кине койду:

-Булар көзү өтүп кеткен адамдын эсебинен да упай топтобошу керек. Алардын айтканына мен кошула албайм. Өзүм уккан болсом, бармакмын.

Ибрагим Жунусов маданият болобу же башка тармак болобу эл үчүн эмгеги сиңген адамдарды эскерүү же алардын ишине арналган иш-чараларды өткөрүү элдин ынтымагы үчүн зарыл деген ойдо.

Дооронбек Садырбаев туулуп өскөн Базар-Коргон районундагы Масы айылында бир көчөгө маркумдун ысмы берилип, эми айыл өкмөтүнө ыйгаруу маселеси талкууланып жаткандыгын райондук кеңештин төрагасы Кеңешбек Өскөнбаев кабарлады.

XS
SM
MD
LG