Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

“Азаттыктын” «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө Кыргызстандагы диний кырдаал талкууланды.



Талкууга катышкандар:

Орозбек Молдалиев,

саясат таануу илимдеринин

кандидаты, белгилүү эксперт





Каныбек Осмоналиев,

Өкмөт алдындагы дин иштери

боюнча мамлекеттик

агенттиктин директору


"Ыңгайсыз суроолор": Диний кырдаал. 1-бөлүк



"Азаттык":
- Биринчиден, Каныбек мырза, Коопсуздук Кеңешинин акыркы жыйынында даабат жасоого тыюу салыш керек деген пикирлер айтылды. Ошол даабат жасап аткан уюмга расмий түрдө Кыргызстандын аймагында иштөөгө тыюу салыш керек деген пикирлер чыкты. Бул маселе эмне себептен көтөрүлүп жатат?

К. Осмоналиев: – Бул абдан маанилүү суроо. Ушундай суроолорду ачык-айкын чечип албасак, чынында эле бир топ опурталдуу пикирлер болуп атат. Биринчиден, жакында болгон Коопсуздук Кеңешинин астындагы аппараттык жыйында даабат маселесине, даабат ишине тыюу салынган жок, мен ачык айтайын.

Мында даабат ишин жүргүзүүнү таанышып, анын маанисин белгилешип, андан кийин Кыргызстандын, анын ичинде кыргыз элинин кылымды, каада-салтына шайкеш келгендей кылып өткөрүү, тартипке салуу маселеси көтөрүлдү. Мен мунун баардык жоопкерчилигин моюнга алып, официалдуу түрдө ушуну айтып койгум келип атат.

“Азаттык”: - Тартипке салуу кандайдыр бир тыюу салууга алып келбейби. Эгерде тыюу салууга алып келсе, ошол даабат жасап аткан миңдеген, он миңдеген адамдар, мисалы жашыруун иштеп, кайра кырдаал күчөп кетпейби?

К. Осмоналиев: - Биринчиден, Кыргызстан мусулмандары ойлонбой эле, кыйналбай эле коюшсун. Даабат ишине тыюу салмак турсун, өкмөт өзү колго алып, муну күчөтүү жөнүндө болуп атат. Мен бир аз чоо жайын айтып коеюн. Даабат жүргүзүү көрүнүшү, феномени деп коелу, Кыргызстан тарыхында жаңы эле башталды да, мурун жок болчу.

Ошондуктан ар кандай жаңыдан башталган нерсе сыяктуу эле бул феномен дагы көп кандайдыр бир өзгөрүүлөргө, өз алдынча саясат жүргүзүүгө алып келди. Бул менин оюмча нормалдуу эле тарыхый кырдаал. Башка маселе, ал элге исламдын чыныгы баалуулуктарын жуктуруп, жакшынакай бир шарт түзүп, исламды чынында эле абдан жакшы таратууга өбөлгө түзүп атабы, же жакшы нерсени өздөрү ойлоп алышып, олдоксон жасаган аракеттеринин натыйжасы жаман болуп атабы? Кептин баары ушунда болуп атат.

Ошондуктан 2009-жылдын 10-февралында Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын демилгеси менен, анын алдында даабат бөлүмү бар. Бирок, тилекке каршы, ошол даабат бөлүмүндө бүгүнкү күнгө бир эле киши иштейт. Бөлүм деп абдан жакшынакай кылып айтабыз, бир эле Равшан Иратов деген жигит иштейт. Бирок бул дагы келечекте жакынкы күндө карайбыз деп атышат. Ошондо жаңы жобо кабыл алынды.

Жаңы жободо даабат жүргүзүү боюнча, даабат ишин колго алуу менен мусулмандар башкармалыгы негизинен даабатты жүргүзгөн адамдардын жекече билими, деңгээли, кебете-кешпири кандай, бала-чакасынын, аялынын, бир туугандарынын, ата-энесинин уруксаты барбы, өзүнүн огороду кароосуз калдыбы, же калган жокпу, мына ушуга окшогон маселелердин баардыгына уруксат алгандан кийин гана жүргүзүлөт деген жаңы жобо киргизилди.

“Азаттык”: - Орозбек агай, ушул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай, даабатты тартипке салуу керек, жолго салыш керек деген демилге көтөрүлүп атат мамлекет тарабынан. Ушул демилге акыры барып катуу тыюу салууга, даабат жасап аткандарды радикалдаштырууга алып келиши ыктымалбы, ошондой коркунуч жокпу?

О. Молдалиев: - Дин маселесине келгенде тыюу деген сөздү унутуш керек. Себеби дин бул категориясы боюнча баалуулуктардын категориясына кирет. Аны эч ким тыя албайт. Тыябыз деп көргөндө, сиз туура айтып атасыз, радикалдашып кетет, ошондон экстремизм келип чыгат. Мына региондун өзүндө деле тажрыйба бар. Өзбекстанда ошондой диний топтор пайда болгондо, тыябыз деп атып, алар экстремисттик топ болуп кеткен, кийин террористтик топ болуп кетти Ислам Өзбекстан кыймылына өсүп. Ошонун тарыхын карасаңыз, мамлекет менен диний уюмдар эрегишип отуруп, ошондойго келген.

Азыр биздин сөздүн төркүнө келсек, тыябыз деген маселе көтөрүлгөн, муну жашырбаш керек. “Жамаат таблигин” тыябыз деген сөздүн артында даабатты тыябыз деген сөз турат. Даабатты “Жамаат таблигди” бүтүп келгендер жасайт. “Жамаат таблигдин” негизги милдети дабаат. Биздин жихатыбыз дабаат деп айтып жүрөт алар. Бул уюм Пакистанда жайгашкан, баардыгыбызга жалпыга белгилүү уюм. Ошондон бизден көптөгөн жаштар барып тарбия алып келип атышат.

Бул уюм өзү абдан карама-каршылык пикирди жарата турган уюм, аны жашырбаш керек. Советтер Союзу Ооганстанга кол салган кезде бул уюм саясатташып кеткен. Себеби Пакистандын бийлиги Пакистандын аскер кызматкерлеринин арасына дабаат жүргүзгөнгө уруксат берген дагы, ошол офицерлердин көпчүлүгү азыр полковник, генерал болуп калды. Мен мурдагы жылы барганда ошондон тарбия алгындардын бир тобуна жолугуп калдым.

Бул маселе саясатташып кетти дагы, ошону пайдаланып аткандар бар. Европадагылардан коркуп, булар террористтик уюмдарды чакырат, үндөйт экен деген сөздөрдө бир аз чындыкка жакындаша турган жерлер бар, муну жашырбаш керек. Ошон үчүн бизде бул маселе боюнча кооптонуп атканга негиз бар. Муну ачык айтышыбыз керек. Анан эле бирок биздин региондо, бизде Кыргызстанда андай деңгээлдеги дабаатчылар пайда боло элек. Биздеги даабатчылардын деңгээли тескерисинче төмөн болуп атат. Кудайга шүгүр деш керек аны. Алардыкындай дабаат жүргүзгөндө бизде ошондо коркунучтуу нерселер пайда болот.

“Азаттык”: - Каныбек мырза, өткөн коопсуздук кеңешинде ушундай сунуш киргизилди деп айтылды, “Таблиги жамааты” уюмуна расмий түрдө сот аркылуу тыюу салсын. анткени жалпы Борбор Азия аймагындагы башка мамлекеттерде тыюу салынган экен деген пикир бар. Ушул туурабы?

К.Осмоналиев: - Бул мындай болду. Чынында эле “Таблиги жамаатынын” ролу, анын табияты жөнүндө абдан катуу сөз болду. “Таблиг жамааты” деген эмне, ал боюнча биз справкаларды бердик өзүбүздүн докладыбызда. Андан кийин катышуучулар өздөрүнүн ойлорун айтышты. Чынында эле КМШ өлкөлөрүндө бир эле биз калыппыз.

“Таблиги жамаатынын” биздин мыйзамдарга, конституциялык нормаларга туура келбегендигин белгилешип, баардык мамлекеттер, эң акырында Россия Федерациясы 30-майда быйыл Жогорку Сотунун чечими менен “Таблиги жамаатын” башка экстремисттик уюмдарга катар коюшуп, вердикт чыгарышып, жаап коюшкан. Мына ушул маселе көтөрүлдү. Бирок Коопсуздук Кеңешинин чечиминде “Таблиг жамаатын” Жогорку Сотко берип, аны жаптырып коюу маселеси көтөрүлгөн жок. Бирок кооптонуу болду.

“Азаттык”: - Негизи ошондой план барбы?

К.Осмоналиев: - План болмок турсун, жумуштар аткарылган жок. Мисалы “Таблиги жамааты” жөнүндө маселе көтөрүлүп, укук коргоо органдары аркылуу материалдар берилип, Жогорку Сотко чейин жеткирилип, кайра тиешелүү органдар тарабынан кайра кайтарылып алынган. Бирок бул маселени башка жактан караганыбызда, менимче “Таблиг жамаат” дегендин чекесинде бир топ саясий чайкоочулук болуп аткандай. Бизди ушул маселе ойлондуруп турат.

Мен үч күн мурун эле бүт биздин Кыргызстандагы “табликчилердин” лидерлери менен жолугуштум өзүмдүн кабинетимде. Жолугушуп, суроо бериштик бири-бирибизге ачык айкын, кийинки мамилебиз кандай болот деп. Себеби дин тутуу эркиндиги бул адамдын чыныгы баалуулуктары, башка дагы маселелер бар.

Мамлекеттин, өлкөнүн коопсуздугу, бул дагы андан калышпаган түшүнүк бар да, ошол кандай болот. Алар да өздөрү айтып атышпайбы мага, Каныбек Осмоналиевич биз сиздерге толугу менен макулбуз, биз кебете-кешпирибизди, өң-түсүбүздү оңдоого даярбыз, ал эмес бир аксакалды калпак, жакшынакай кыргыздын чапанын кийгизип мага кабинетиме алып келип көрсөтүп атышпайбы.

Мына ушундай болот жакында. Мен үмүт кылып турам, ушул 10-15 күндүн ичинде биз атайын бул боюнча тегерек үстөл уюштурганы турабыз. Мен айтып атам, мейли “Таблиги жамааты” деген ушундай спекуляцияга дуушар болуп калган түшүнүк болуп атат да, ал эми эмне үчүн биз Кыргызстан даабатчылар коомун, даабатчылар ассоциациясын түзбөйбүз муфтияттын астында, же болбосо өзүңөрчө. Бирок муфтиятка жарышып, ислам структуранын түзүштүн эч кандай зарылчылыгы жок. Алар ошого макул болуп атышат.



“Азаттык”: - Орозбек мырза, мына соңку учурларда дегеле жаштарды, дегеле коомду тарбиялоо жагынан алганда билим берүү мекемелеринин ролу чоң экендиги билинип атат. Ушул жагынан алганда орто мектептерге дин таануу боюнча сабактарды өткөрүш керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Ушул демилгеге кошуласызбы? Кошулсаңыз, ал кандай жол менен жүрүш керек, кайсы программанын негизинде, аны кимдер окутуш керек деген маселелер чыгып атат?

О.Молдалиев: - Бул өтө орчундуу маселе. 1990-жылдардын башында “Ыйман сабагы” деп киргизилген болчу мектептерге. Бирок ошол “ыйман сабагын” окутканга бизде кадрлардын жок болгондугуна байланыштуу муну ар кандай кесиптеги адамдар окута баштаган. Чала молдолор да кирип кеткен дагы, ошонун натыйжасында балдар же ыймандан жок, же дин жөнүндө түшүнүгү жок болуп, аяк жагында бул атайын токтом менен токтотулуп коюлган болчу. Бул туура болду.

Азыркы күндө кадрлар өсүп жетилип калды. Жогорку окуу жайларында дин боюнча адистер бар. Ош университетинде теологиялык факультет бар, бул жерде кадрлар бар. Ошол кадрлар азыр жумуш таппай калды, аларды же муфтият ишке албайт, же мектептер ишке албайт, анан мамкомиссиянын штаты ченемдүү, булар дагы албайт ишке. Ошон үчүн ашыкча болуп кетти мындайча айтканда. Ошондой адистер бар. Эми биздин ислам жаатында дагы жакшы адистер бар, өзүбүздө пайда болду. Бул жөн эле ыймандыкка тарбиялоо эмес, мындан тереңирээк караш керек маселени.

Ислам жөнүндө түшүнүк жок болгон үчүн жаштар экстремизмге кирип кетип атат. Ошондуктан ислам деген эмне, ислам эле эмес баардык диндер жөнүндө балдарга кичинекейинен баштап кеңири түшүнүк бериш керек. Ошондо экстремисттик уюмдардын айтканына жаштар түшүнүп чоңоет, силердин айтканыңар туура эмес, ал Куранда андай жок, ал экстремизм деп билип калат. Ал эми билимсиздиктен пайдаланышып, исламды бурмалап экстремизмге кирип кетип атпайбы жаштар.

Ал негизи экстремизм менен эле күрөшүү эмес, негизи балдар динди билип чоңоюш керек. Атеисттик мезгилден өттүк да. Бул мисалы азыркы баалуулуктардын көбү христианство аркылуу Европага келип, Европанын өнүгүшүнө диндин таасири абдан чоң болгон анда, исламдын таасири чоң болгон. Биз муну эч убакта тана албайбыз. Ал тарыхта болуп кеткен нерселер. Ошон үчүн дин дегенден коркуп жүргөндү азыр токтотушубуз керек.

“Азаттык”: - Каныбек мырза, сиз мурда илим, билим министри да болуп иштедиңиз. Бул маселе сизге жакын болуш керек. Азыр да ишиңизге байланыштуу кандай иштер жүрүп атат?

К.Осмоналиев: - Конкреттүү мисалдарды келтирейин мен. Биринчиден, диний билим берүү жана диний берүү мекемелер деген мыйзамды жазып бүтүп, азыр Жогорку Кеңешке бердик. Ал мыйзамда абдан чоң укуктар, анан милдеттер коюлуп атат. Биринчиден, мен профессордун сөзүн толугу менен колдогум келет, убакыт келип жетти. Биз ал проблемага утурлап басып барып, проблеманы чечишибиз керек андан качпастан. Ошон үчүн жалпы билим берүү мектептерине дин таануу предметин киргизүү маселесин көтөрүп чыктык биз азыр.

“Кут билим” гезитинин ушул жумадагы санына буюрса пилоттук түрдө ошол предметтин окуу планы жарыя болот. Сунуш иретиндеги долбоор бул. Мындан сырткары дагы 2-3 долбоор болсо керек деп ойлойм. Биз перманенттик түрдө бул ишке кириштик. Эмне үчүн? Себеби диний билим берүү деңгээлин көтөрмөйүнчө биз бир дагы маселени чече албашыбызга көзүбүз жетип турат.

Эгерде дүйнөлүк практиканы алып карай турган болсок, баардык мамлекеттерде бул предмет бар. КМШ өлкөлөрүндө биз жалгыз эле калдык. 1-сентябрдан баштап ушул жылы Казакстан киргизип атат бул предметти, Тажикстан дин таануунун ичинен “Ислам таануу” сабагын өзгөчөлөнтүп киргизип атат. Орусия 1-март 2010-жылдан баштап 4-класстын төртүнчү чейреги менен 5-класстын биринчи чейрегине киргизип жатышат. Бул маселе бышып жетилди.

“Азаттык”: - Ким окутат деген маселе болуп атат?

К.Осмоналиев: - Мен ошого келип атам. Биринчиден, муну лайык светтик базалык билими бар кишилер окутуш керек, тарыхчылар, тилчилер гуманитардык багыттагы. Кудай ниетке жеткирип, октябрь ичинде биз конференция уюштуралы деп атабых. Эгерде конференция уюштурулуп калса, анын эле эртеси күнү 22-октярда өкмөттүн астында атайын координациялык кеңештин биринчи жыйыны болуп атат. Ошондо окуу маселеси талкууланат. Менимче ошондо мугалимдерди даярдоо маселеси болот. Менимче кайра даярдоо маселеси, билимин өркүндөтүү маселесин бир жылдын ичингде колго алышыбыз керек абдан тыгыз график менен.

Экинчиден, китеп жазуу маселеси. Ал боюнча дагы бир эле китепти бирөө басып алып отурбастан, 2-3 альтернативдүү болуш керек, дүйнөлүк диндердин тарыхы менен, маданияты, баалуулуктары окулуш керек.

“Азаттык”: - Азыркы учурдагы жогорку окуу жайларынын абалы, анан окуткан деңгээли канааттандырабы. Мисалы бизде Ислам университети бар. Ал Билим берүү министрлигинен каттоодон өткөнбү, башка дагы ушундай окуу жайларынын деңгээлин айтам?

К.Осмоналиев: - Эң көйгөйлүү маселени көтөрүп атасыз. Ачык эле айталы, Ислам университети эч кандай каттоодон өткөн эмес, лицензия да алган эмес, өзүнүн окуу пландарын өздөрүнүн түшүнүктөрү кандай болсо, ошондой эле деңгээлде алып келип жүрүшөт бүгүнкү күнгө чейин.

Ошол эле Алматыда, Астанада, Ташкенде бүгүнкү замандын талабына туура келген Ислам окуу жогорку жайлары бар. Мен ушундай маселе көтөрүп атам, эмне үчүн Ислам университетине мамлекеттик үлгүдөгү диплом бербешибиз керек. Ал да бышып жетилди. Ал үчүн эмне кылыш керек? Ал үчүн программасын, стандартын бүгүнкү күндүн талабына туура келе тургандай кылып Билим берүү министрлиги менен чогуу отуруп иштеп чыгышыбыз керек.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, Кыргызстанда соңку учурда айтышат мектепке караганда мечит көбүрөк салынып кетти деп. Мунун оң, терс жактары кандай сиздин пикириңизде?

О.Молдалиев: - Бул эң туура эмес пикир. Салыштыра турган нерселер болот, ошолорду салыштырыш керек. Мектеп деген балдарга билим бере турган мекеме, мечит деген бул динге ишенген адамдар келип сыйына турган мекеме. Экөөнү салыштарганга болбойт.

Медреселердин саны менен мектепти салыштырса болот, бул билим берүү жагына бир аз ыңгайлуурак келет. Бул төө менен эшектерди салыштырган сыяктуу маселе болуп калат. Бул туура эмес.

Экинчиден, мечиттердин саны көбөйүп кетти деген пикирге мен кошула албайм. Мечиттердин саны азыр жетиштүү санда болбой жатат. Мечиттин санына кайсылар кирет, ушул жердеги мекемеге бир бөлмөнү бөлүп койсоңуздар мечит деп эсептелет намаз окуган жер. Ал эми стандарттуу жакшы мечиттер али салына элек.

Үчүнчүдөн, азыркы секталардын салган имараттары менен биздин борбордук мечиттин акыбалын салыштырып көрөлү. Борбордук мечитке мүрзөнүн үстүнөн башка жер буюрбаптыр. Улам эле бир жер берилет мүрзөнүн үстүнөн, же саз жерден болуп калат. Бул дагы исламга болгон мамилени билдирип атат жана бир аз коррупция жыттанып турат.

Тигилерде батыштын акчалары бар, алар парковый зонадан жер алып алганга мүмкүнчүлүктөрү бар, бечара мусулмандарда акча жок, мечит салдыра албай, анан эле бир нерсе болсо мечиттин саны көбөйдү деген маселе келип чыгат.

Ал эми эмне үчүн секталардын саны айтылбайт, ошолордун имараттары салыштырылбайт. Бул өзүнчө чоң маселе. Ошон үчүн ушундайлардын айынан мусулмандар радикалдаша баштайт. Муну коом этиятташы керек.

Мечит көбөйдү деген бул мусулмандарды абдан басмырлай турган маселе. Муну бул киши билет. Мектепти болсо, келгиле анда ушул мусулман мамлекеттерде мектепке жардам сурайлы, булар абдан жардам берет. Себеби закатты кимге бериш керек деген маселе бар.

Ошондо айтат, жардылардан башка дагы билим алып жаткан балдар алтын сап менен жазып атса дагы ошолорго жардам бергиле деген статья бар. Ошого туура келет биздики. Мектеп салганга биз жардам сураган жокпуз да. Ал эми жөн эле салыштыра берген болбойт.

“Азаттык”: - Экинчи бир нерсе, имам болуш үчүн кандай талаптар коюлат адамга. Мисалы айрым учурларда айрым жерлерде, айрым айылдарда мурда соттолгондор, же ичип жүрүп, анан акылына келгендер имам болуп алган учурлар бар да молдо болуп?

К.Осмоналиев: - Моюнга алабыз, чынында эле ошондой бүгүнкү күндө. Маселени коюп атабыз. Бирок ар кандай деңгээлде чечилип атат, чечилбей да аткандары бар. Мен официалдуу түрдө эле айтам, жалпы имамдардын көпчүлүгүнүн базалык билими жок. Базалык билими болуш керек. Биздин Кыргызстанда ушундай бир парадокс пайда болуптур.

Мен мурунку министр катары айта турган болсом, Кыргызстанда 60ка жакын медресе бар экен, мурда бир да медресе болгон эмес, 9 ислам институту бар, бир ислам университети бар. Мындан тышкары куран курсун окуткан, хужра деп үйлөрдө окуткандарга эч кандай чек жок.

Башкача айтканда, инфраструктура сан жагынан алып караганда бизде толугу менен жетиштүү. Өзбекстан менен салыштырсак, 25 миллионду Өзбекстанда болгону 8 медресе, бир эле ислам институту бар. Ушулардын баардыгы кандай эффект берип атат. Эч кандай эффект жок болуп атат.

Ошондуктан имамдар курсун уюштуруу маселесин көтөрдүк биз. Имамдардын билимин өркүңдөтүү маселеси жагынан ар түрдүү фонддор абдан жакшы жардам берип атышат. Бирок муфтияттын өзүнүн темпи кашаң болуп атат бул тарабынан.

Мисалы, былтыр муфтият тарабынан биз жаман көрүнүп атып, мониторинг жүргүзгүлөчү, биз жардам берели, имамдардын билим деңгээли боюнча, эсиңиздердеби, деп аттестация өткөрүшүп ызы-чуу болушкан. Анын жыйынтыгы чыкпай калды да.

Мына Орозбек байке билет, жыйынтыгы чыкмак турсун кайра 30 пайызга жакын имамдар келбей коюшуптур иш-чарага. Ошол ошол эле бойдон калды. Эгерде мындай мамиле кыла берсе, сиз башында айткан, мурун кески, андай-мындай болуп жүргөндөр имамчылыкты ээлеп алышып, профессор башында айткан, теология факультетинин балдары же ал жакка батпай, же өкмөттөн, же мектептен иш табалбай орто жолдо араба түртүп жүргөңдөр да бар.

Сиз маселени абдан жакшы көтөрдүңүз, ошон үчүн бул маселенин баардыгы имамдын билим деңгээлинин квалификациялык талаптары деген маселени коюп атабыз дагы, аны биз мыйзамга киргизип атабыз. Бул маселе бир эле исламга тиешелүү эмес, баардык башка илимдерге да тиешелүү.



“Азаттык”: - Орозбек мырза, имамдардын деңгээли боюнча сиз кандай пикир айтат элеңиз?

О.Молдалиев: - Имам кандай болуш керек, исламда чоң маселелердин бири ушул маселе болуп эсептелет. Мунун өзүнүн шариат бекиткен талаптары бар. Биринчиден, имам болуп дайындала турган адам билими өтө жогору адам болуш керек, Куранды, сунналарды жатка билген, араб тилин мыкты өздөштүргөн адам болуш керек.

Кесилип кеткен адамдар жөнүндө айтып атасыз. Эгерде билими болуп, кесилип кетип, кайра келип тобо кылып кайра намаз окуса ал эч нерсе болбойт. Биринчи орунда билим турат исламда. Ошого келгенде биздин имамдар эмес, биздин диний башкармалыктын деңгээли боюнча дагы көп суроолорду жарата турган маселе келип чыгат.

Мен бул кишиге айтып бергем, Жалал-Абатка барып “хизб-ут тахрирчилер” менен сүйлөшсөк алар айтып атат, шариатка ылайыксыз шайланган адамдар имамдык кылган жерге биз баш ийбейбиз, шариат боюнча бул туура болбой калат дейт. Ушул жерден маселе келип чыгып атат. Сиз абдан чоң маселе көтөрүп атасыз. Ошон үчүн имам билимдүү болсо даабатчыларды да ошол тескейт. Себеби даабат мечитте болот. Кандай даабат жүргүзүп атат деп ал мамлекеттин көзөмөлү жок эле өзү айтат.

Исламда мындай тартип бар, башка ислам илимине ылайыксыз нерселерди жолотпойт өзүнө. Ошол механизмди мамлекет пайдаланыш керек. Алар сен экстремист, ваххабист экенсиң дебей эле, сен куран боюнча туура эмес айтып атасың, суннада мындай жок, мындай даабаттык туура эмес деп жамаатка айтып коет дагы, ушул чоң маселе. Мына ушуну эле колго алып алсак адегенде, анан көп маселе чечилип калат өзү эле.

“Азаттык”: - Сиздердин айтканга үндөш бир пикир келип түшкөн экен “Азаттык.kg” деген сайтыбызга. Теолог деп өзүн тааныштырган окурман айтып атат, мамлекет баардык нерсеге кирише бергени туура эмес, ошол эле учурда муфтиат, анын ичинде Муратаалы ажынын дагы билими жогору болуш керек. Ал киши исламдын эле эмес христиан дини боюнча да чоң адис болуш керек деген пикирин айтып атат. Экинчи бир пикир исламдын тарыхы боюнча. Манас деп өзүн тааныштырган окурман экен, мектептерде ислам тарыхын, ошого катар дүйнөлүк диндер боюнча окутуунун жолдорун издесек дейт. Жоолук салынуу, хиджап боюнча да бир топ пикирлер айтылып, чоң талаш тартыштарды жаратты эле. Сиздер кандай чечтиңиздер?

К.Осмоналиев: - Бул атайын чечим кабыл алып регламент кыла турган нерсе эмес. Ошон үчүн муну туура түшүнүшүбүз керек. Башка маселе, биз муну эбегейсиз эле, опсуз эле саясатташтырып жатабыз.

“Азаттык”: - Мен ушундай түшүнүп атам, муну ар бир мектеп өзү чечиш керекпи?

К.Осмоналиев: - Биринчиден, мамлекеттин өзүнүн элдин пикирине, каалоосуна туура келген саясатты жүргүзө албай аткандыгыбызда болуп атат. Муну ачык эле айталы. Эмне үчүн биз мектеп формасы деп маселени көтөрөбүз дагы, аны нормалдуу чече албай койдук. Кептин баары ушунда болуп атпайбы. Эгер мектеп формасы ошол окуучунун чыныгы өзгөчө баалуулугуна туура келгендей болуп чечилсе, анда менимче көп маселени алып койсок болот эле.

Анан сен жоолук салынып келип сабак өтпө, жоолук салынып алып келип жумушка келбе дегендин өзү көп маселени жаратуучу нерсе болуп отурат. Бул жерде мамлекет өзү дагы ошол маселени көздөй кадам ташташ керек.

О.Молдалиев: - Динге кийлигишпеш керек деген пикир туура эмес. Кийлигишпей койгондун натыйжасын азыр көрүп атабыз. Өзүңүздөр билесиздер, 1991-жылы жылы эгемендик алган кезде закон да жок болчу, дин боюнча госкомиссия да жок болчу.
Каалаган диниңерди тута бергиле деп Конституция кабыл алып койгон, бүгүнкү күндө жайнаган секталардын баары ошонун натыйжасында пайда болду.

Эми азыр мамлекеттин башында чоң проблема пайда болууда. Экстремизм, терроризмди айтпаганда дагы башка деструктивдүү секталар жөнүндө эч ким сөз козгобой жатат, муну изилдеген да киши жок. Биссимилда деп эле исламга асылып атабыз терроризм болгон үчүн. Ал жакты казып көрсөңөр ал жакта толгон-токой проблемалар бар. Кайсы багытты үйрөтүп, кандай зомбировать эткенин изилдеген эч ким жок.

Ошон үчүн мамлекет мамлекет болгондон кийин өзүнүн чарбасына көз салып турушу керек. Дин болсо жакшы да, динге жамынган нерселер көп болуп атпайбы. Анан дин деп эмнени айтабыз деп түшүнүккө келгенде дагы көп талаш нерселер чыгат. Ар бир секта өзүн динмин дей берет. Ошон үчүн мамлекет муну карап, диндер менен чогуу иштеш керек. Анан диндин саясатташып кеткенинин натыйжасын баарыбыз көрүп атабыз. Чатак ошол жерден келип чыгат.

Кээ бир жерде мамлекеттер динден бөлүндү деген менен Батыштын миссионерлерин батыштын мамлекеттери колдогону жөнүндө ачык эле жазылып атат. Мисалы, АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт жазган “Дүйнөлүк саясат жана дин” китебин окусаңыз, миссионерлерди АКШ колдогонун ачыктан-ачык жашырбай эле жазып атат. Анын ою боюнча бүт дүйнө христиан болсо конфликт токтойт экен. Ал эми христиандардын ичинде деле толуп атпайбы конфликттер. Ошондуктан бул жерден этиаттабасак, бул опурталдуу маселе.

“Азаттык”: - Каныбек мырза, мына сиз иштегенден берки аралыкта диндик негизде, ошонун кыртышында чоң-чоң конфликттер болуп атабы, болсо алардын канчасы мыйзам жүзүндө жасалган. Кандай мисалдар болду?

К.Осмоналиев: - Диндин негизинде болуп жаткан конфликттерди этап-этапка бөлүп кароого болбойт. Бул өзү чынында эле өзүнчө бир чоң феномен болуп калды биздин Кыргызстанда. Бизди ойлондурган, түйшөлткөн чоң окуялардын бири, былтыркы Ноокатта болуп өткөн окуя.

Бул келип-келип эле эмнеге алып келип атат. Биринчиден, элдин дин жаатындагы караңгычылыгы. Экинчиден, анча-мынча азаматтардын, абдан таланты бар адамдардын массаны, элди пайдаланып жасап атканы.

Үчүнчүдөн, диний радикализм деп атабыз. Андай болсо ачык эле айталы, светский радикализм жөнүндө сөз кылышыбыз керекпи. Эмне үчүн биз утурлап барып ошол ишти жалпы толук чечкен жокпуз. Менимче ушуга окшогон нерселердин баары конфликтке алып келип атат.

Өкмөт, мамлекет өзүнүн ишин биринчи кезекте, менин директор катары пикирим боюнча, укуктук нормативдик талааны камсыз кылып бериш керек. Негизги Конституциялык нормага ылайыкташтырып, адамдын төрөлгөндөн бери алган баалуулуктарын эске алып туруп. Бирок мамлекет өзүнүн коопсуздугун да эске алышы керек.

“Азаттык”: - Ноокат окуясы боюнча укук коргоочулар көп айтышты, көп жолу билдирүү таратышты, кээ бир адамдар бей күнөө жерден камакка алынып, бейкүнөө жерден соттолуп атат деген пикирлерди айтты?

К.Осмоналиев: - Биз дагы аны угуп жүрөбүз. Мен дагы 5-6 түрмөлөргө барып, Ноокат окуясына катышкан кишилердин абалдарын көрүп, алар менен сүйлөшүп чыктык. Канча окуя болсо, ошончо пикир боло берет экен. Бул балким укук коргоочулардын өздөрүнүн пикири, мамлекеттин конституциялык нормасынан калган саясаты. Бирок биздин чоң жетишпегендигибиз абдан маанилүү, опурталдуу нерсенин натыйжасы менен гана күрөшүп отуруп калып атабыз, себебптерин унутуп калып атабыз.

“Азаттык”: - Былтыр Нарын облусунун аймагында Куланак айылында жергиликтүү тургундар менен башка динди туткан адамдардын ортосунда сөөк коюу учурунда чоң чыр чыккан. Ушундай учурларда сиздер кандай иш чара жүргүзүп атасыздар. Ушундай конфликттер болбош үчүн эмне кылыш керек?

К.Осмоналиев: - Эң чоң маселени биз мыйзамдын өзүндө көтөрүп чыктык Куланактын окуясын эске алып. Мында эмне болду? Мында эки конфессиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы конфликт болуп атат. Азыр биз кыргыздар мисалы сен түндүктөнсүң, сен түштүктөнсүң деп трайбалисттик мааниде келсек, балким 20-30 жылдан кийин сен мусулман кыргызсың, сен христиан кыргызсың деген маселе, андан да аянычтуу, андан да коркунучтуу маселе көтөрүлүп калышы мүмкүн.

Ошон үчүн мен башында айтпадымбы, мыйзам жазууда биз коомдук комитет деген жаңы институтту киргиздик, мыйзамдын биринчи эле статьясынын экинчи бөлүмчөсүндө бул бар. Ага ылайык Куланакка окшогон Кыргызстандын баардык айыл өкмөттөрүндө дин боюнча коомдук комитеттер түзүлүп атат бүгүнкү күңдө.

Анда ошол эле айылдын менталитетин, өзгөчөлүгүн эске алган айылдык округдарда саясат жүргүзүлөт. Ал саясат жүргүзүүдө жалпы конституциялык нормага, жалпы мамлекеттин , өлкөнүн өзүнүн саясатына шайкеш керек саясат жүргүзүлөт.

О.Молдалиев: - Ислам дининин өзүнүн нормалары бар. Анан кандай кылып окутуш керек деген маселе боюнча, биздин кээ бир университеттерде мындай тажрыйба пайда болуп калды.

Динди үчкө бөлүп окутуп атат, диндин негиздерин, идеологиясын жана диндин азыркы учурга болгон таасири. Диний адамдарды, диний эмес адамдарды да окутуп атышат.

Билими жок адамдардын көп экендиги чын. Ислам дини террористтин дини деген дин кафедранын башчылары деле бар Кыргызстанда. Жолук маселеси боюнча айтсак, Кыргызстанда жоолукту беш гана кыз салынып келет экен мектепке, биз муну изилдедик. Ал ооругандан салынып келеби, же динге байланыштуу салынганбы, аны эч ким изилдебептир.

Ошол беш кыз үчүн ушунчалык чоң проблема көтөрүп, ызы-чуу кылгандын кереги барбы деген маселе келип чыгат да. Жоолук менен күрөшпөш керек. Себеби дегенде Куранда жазылып турат, мусулман ургаачы балакатка жеткенден кийин жолук салынып жүрсүн деп турат. Муну эч ким, мамлекет токтотуп кое албайт.

Исламдын таасири бизге жылдан жылга көбөйөт. Ошондо мусулман кыз-келиндерибизди окуу жайларына киргизбей коебузбу. Ошондо проблема келип чыгат жана башка көп нерселер болот.

Ошон үчүн мамлекеттик дин комиссиясынын жасап жаткан аракеттери колдоого татыктуу. Булар алдын алганга аракет кылып атышат. Бирок көп себептер менен ушул колдоого алынбай жатат. Мунун дагы моюнга алышыбыз керек. Исламды изилдөө боюнча борбор өздөрүнө да түзө албай жатышат. Анан өрт болуп кеткенден кийин өчүргөнгө аракет кылып калып атабыз. Ошондуктан ММКлар дагы, коомчулук дагы муну колго албасак, чоң проблема келип чыгат. Мындан дагы көп проблемалар бар. Карама-каршылыктар коомдо боло берет, ошонун алдын алышыбыз керек биз.

“Азаттык”: - Бул темага такыр эле тиешеси жок, Каныбек мырза сизге тиешелүү суроо экен, бул окурмандан келип түшкөн биздин сайтыбызга. Балаңыз боюнча сөз болуп атат, акчага байланыштуу экен. Бизге ошол акча керек болуп атат, ошону кайтарып берсе болот эле дейт, Москвадан жазган экен?

К.Осмоналиев: - Бул чынында биздин өзүбүздүн ички маселебиз болуп атат. Бирок мен жооп беришке аракет кылайын. Биринчиден, бул биздин үй-бүлөбүздө абдан чоң трагедия болду. Балам өзү 32 жашта, акыл-эске кирип калган, 3 баланын атасы. Бир жыл биз көргөн күңдү чындыгында эч кимге көрсөтпөсүн. Болбогон жерден.

Балким мен саясатка аралашып, балким өкмөттүн деңгээлинде иштеп жүргөнүм балама чоң таасирин бердиби. Биз балам экөөбүз чечимге келип, сотко берип, ким канча акча берди, бир жылдан бери азап тартып келатабыз десек, бир да киши сотко келген жок, Москвага чейин бардык. Мен мындай кырдаалда мынча акча бердим эле деп азыр суроо берип атышат. Сотко келип далилдеп берсе, биз баардыгын төлөп, мойнубузга албайт белек. Эми балам азыр оорукчан болуп калды.

“Азаттык”: - Бул атайын уюштурулган нерсе деп ойлойсузбу?

К.Осмоналиев: - Атайын уюштурулган нерсе. Балким, башында кандайдыр бир мамилелер болсо керек. Алардын баардыгы сотто ачыгы менен айтылып атат.

“Азаттык”: - Сиздерге чоң рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG