Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:55

Эгерде сиз Бишкектин чет жакасына, борбордон болгону 10-15 км алысыраак чыксаңыз, жаңы конуштардагы кейиштүү жашоого күбө болосуз. Көпчүлүк конуштар алигүнгө чейин жарыксыз отурушат, таза суу жок, ал тургай мектеп, бала-бакчалар да курулган эмес.

“Азаттык плюс” теле тобу 31-май күнкү чыгарылышында ошондой кыйынчылыкта жашаган конуштардын бири Ак-Жарда болду. Конушта өткөн талкуунун кыскача вариантын сунуштайбыз.

"Азаттык":
Эже, айтсаңыз, сиздер жашаган жаңы конушта жарык жок болсо, суу жок болсо балдарды тарбиялоо кыйынчылыктарды туудурабы?

Айыл тургуну: Абдан кыйын. Биз каттоого да турган эмеспиз. Ооруканалар да кабыл албайт. Балдарыбыз болсо түндө чырак менен окушат. Бир тамгасы көрүнсө, бири көрүнбөйт. Кыйынчылык. Жарык жок.

"Азаттык": Үйлөрүңүздөрдүн документтери барбы?

Айыл тургуну: Документ жок.

"Азаттык": Биз талкууга катышып отурган экс-депутат Бейшенбек Абдрасаковго кайрылалы, конуштардын көйгөйү беш жыл, он жыл болуп чечилбей келе берсе, мунун аягы эмнеге барып такалышы мүмкүн?

Б.Абдрасаков: Социалдык проблемаларды тез арада чечип, ушул жаңы конуш менен шаардын ортосундагы айырмачылыкты тез арада жойбосо, келечекте бул жаштарды көрүп турасыңар, абдан көп жаштар. Бишкектин тегерегинде жаңы конуштарда көп балалуу энелер да көп, келечекте элдердин саны да тез көбөйүп жатат. Социалдык проблемалар чечилбесе социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн. Балдар мектепте окубаса кийин ким болот? Каракчы болот, киши өлтүрөт, киши тонойт, акча уурдайт, банкты тонойт. Мына ушундай бир коркунучтуу кырдаал бар. Муну биз өзүбүздүн баштан өткөргөн Кыргызстан эмес, башка бир Франциянын мисалында айткым келет. Францияда да борборун өсүп- өнүктүрө берген да, тегерегиндеги жаңы конуштарга көңүл бурбай койгон. Мына ошолордун айынан чоң проблема келип, бүгүнкү күнгө чейин Франциянын ортосуна чыгып, машиналарды өрттөп, тамдарды өрттөп келет. Мунун баары теңсиздиктин, адилеттиктин жогунан ушундайларга барып жатышат.

"Азаттык": Демек буларда проблема чечилбесе, үчүнчү революцияны деле жасап коюш оңой эле болуп калат да?

Б.Абдрасаков: Эми бүгүнкү күндө конуштардын жашоочуларынын саны үч жүз миң болду. Дагы жыйырма жылдан кийин алты жүз миң, дагы жыйырма жылдан кийин тогуз жүз миң, анан миллион болот. Абдан чоң күч! Аны туура жакка багытташыбыз керек.

"Азаттык": Биз эми конуштарга түрдүү долбоорлорду тарткан жаш активист Миржат Ажиевге суроо узаталы. Айтсаңыз, жаңы конуштагы проблемаларды чечүүнүн жолдору барбы?

М.Аджиев: Жолдору бар. Биринчиден, эл өзү чече башташ керек. Эч качан биз өкмөттү күтпөшүбүз керек. Өкмөттүн бизге "муну жасайбыз, тигини жасайбыз" дегенин күтпөй, өзүбүз ашар жолу менен акырындап турмушубузду оңдой беришибиз керек. Өкмөттүн оңдогонго толук, жүз пайыз колу жетпейт. Ошондуктан жашоочу катары, эл катары өзүбүздүн салымыбызды кошсок, батыраак жаңы конуштарды оңдойбуз деген жакшы оюм бар.

Б.Абдрасаков: Бишкек шаарын 12 миң гектар десек, ошонун 4,5 миң гектары жаңы конуштар. Мындайча айтканда, элинин саны да, жеринин аянты да 30 пайыз болгондон кийин шаардык бюджеттин 30 пайызы жаңы конуштарды өнүктүрүүгө жумшалыш керек. Ошондо тез аранын ичинде өсөт-өнүгөт, мунун баарын он жыл аралыгында бүтүрсө болот.

Айыл тургуну: Көп нерседен артта калдык. Мисалы, концерт, кино деген нерсе бизде жок. Жок болгондон кийин биз кантебиз? Каякка барабыз? Эч нерсе жок. Кечинде бир саатка генератор иштетип телевизор көрөбүз. Жаш балам бар. Ал ыйлаганда генератор иштетип, ошол убакта кайсы көрсөтүү болсо да көрүп үлгүрүп калабыз.

"Азаттык": Бул маселелерди кантип чечүүгө болот?

Кеңешбек Сайназаров: Эми бул абдан татаал маселелердин бири. Бирөөнү күнөөлөй берүүдөн эч кандай майнап чыкпайт деп айтаар элем. Андан көрө кантип өнүктүрүш керек? Кантип коомчулукту алдыга жылдырыш керек? Ошол жөнүндө көбүрөөк ойлонуш керек деп айтаар элем. Жаңы конуштар боюнча бүгүнкү күндө жигердүүлүк абдан жогору. Өзгөчө жаштардын арасында. Ошол жигердүүлүктү конструктивдүү иштей турган иш-чараларга жумшай турган атайын платформаларды, программаларды иштеп чыгып, Кыргызстанда өкмөт бар, иштей турган жаштар бар, ага жетиштүү бүт мүмкүнчүлүк бар.

Бейшенбек Абдрасаков: Бирок бизде мактана турган жагыбыз бар, жалпы кыргыз эли ушул ынтымакты үй куруучулардан үйрөнсө болот да. Азыркы күнү кыргыз эли түндүк-түштүк, 7 облус болуп бөлүнүп жатпайбы. Биздин жаңы конуштар абдан ынтымактуу. Бир элбиз. Жети облустан келип, бир эле облус болуп жашап жатабыз. Жети атанын балдары эмес эле бир атанын балдары болуп калдык.
XS
SM
MD
LG