Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

“Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу жаңы шайланып келаткан депутаттарга берилчү жеңилдиктерге арналды.

Талкууга катышкандар:

Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, бул парламентке “Ар-намыс” партиясы аркылуу келаткан Анвар Артыков

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкулов

“Жарандар коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова

“Азаттык”: Алмаз мырза, жаңы парламент кайсы жерге жайгашат, даярдыктар бүттүбү, иш орундары даяр болдубу?

Алмазбек Кожомкулов: Убактылуу өкмөттүн төрайымынын декрети чыккан. Ошол декретте Жогорку Кеңеш менен президент мурунку өкмөт үйүндө - Ак үйдө жайгашат деген чечим кабыл алынган. Президенттин иш башкармалыгы, Жогорку Кеңеш отурчу Ак үйдү ремонттоп, оңдоп-түзөө иштерин алып барып, бүгүнкү күндө даярдашты. Жыйындар залы, депутаттар отурчу кабинеттер даяр болду.
Мыйзам боюнча үч эле киши мамлекеттин эсебинен жан коргоочу менен жүргөнгө укугу бар. Андай кишилердин саны 15-20 болуп кетти.


“Азаттык”: Азыр мурдагыдан айырмаланып 120 депутат орундары ар бири үчүн даярдалып бүттүбү?

Алмазбек Кожомкулов: Ооба, азыр бөлмөлөрдү бөлүштүрүү боюнча жаңы шайланган парламенттен жумушчу топ түзүлүп, ар бир партиядан үчтөн депутат келип, жардам берип иш алып барып атабыз.

Бул жерде жумушчу топ жана биздин иш башкармалык, президенттин иш башкармалыгы болуп чогуу кабинеттерди бөлүштүрүү боюнча иштерди алып барып атабыз. Ак үйдө президент жана президенттин администрациясы, Жогорку Кеңеш отурмай болбодубу. Ошондуктан эки бөлмөлүү, же кабылдамасы менен болушунча депутаттарга, анан президент, президенттин администрациясына, анан калгандарын аппарат кызматкерлерине жана иш башкармалыктарына бөлөбүз. Бирок бүгүнкү күндө бөлүштүрүп атканда жетишпей атат. Анткени 120 депутат, Жогорку Кеңештин аларды тейлеген аппараты. Колдон келишинче азыр эсебин алып бөлүштүрүп атабыз.

Жакыр Кыргызстандын бай депутаттары

“Азаттык”: Мен көбүрөк тажрыйбасы бар адам катары Анвар мырзага сөз берсемби деп турам. Депутаттардын натыйжалуу иштеши үчүн кандай шарттар керек?

Анвар Артыков
Анвар Артыков:
Мамлекеттик кызматчыларга эмне керек болсо ошол эле керек. Сөзсүз кабинет керек, телефон байланышы болуш керек, компьютер болуш керек, азыр компьютери жок ишканалар жокко эсе. Ошол минималдуу нерсе, мен артыкчылык деп деле эсептебейм муну.

“Азаттык”: Айрым көз караштарда артыкчылык бул унаанын берилиши, андан тышкары батирдин берилиши кошумча шарттарды түзүүнүн бир элементтери деп эсептелет экен. Бул жагынан кандай болушу керек? Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын пикирин уксак. Кандай деп ойлойсуз, эл үчүн натыйжалуу иштеш үчүн депутаттарга кандай шарт керек?

Төлөйкан Исмаилова: Парламент кандай болуш керек деген суроону коюп, көп жылдан бери биз көзөмөлдөп келдик. Этикалык жактан кодекс сөзсүз түрдө болуш керек, эски регламент каралып чыгыш керек, мурункудай иштегенге эч мүмкүнчүлүк жок. Анткени бүгүнкү күндө бул – жаңы Кыргызстан. Эгерде кээ бир депутаттар жакшы түшүнбөсө, өзү жакшы иштей албай калат. Бул – сыноо.

Бул жылы депутат болуп мурункудай май-талкандын үстүндө, же чардап машинени минип алып, канча коррупцияны уктук, мамлекеттик батирлерге жакыр Кыргызстандын түсүн көрүп туруп, уялбай кирип алып, чыкпай койгон канча депутаттар бүгүн сотто да жүрүшөт. Ошон үчүн, мырза Артыков айткандай, максималдык жакшы стандарттар болуш керек.
Депутаттын
кечинде барып эс ала турган жери болуш керек, эртең менен келип кабинетте иштей турган жайы болуш керек

Жаңы келген депутаттар толук кандуу иштегенге бүт мүмкүнчүлүк түзүлүп бериш керек. Мунун иш чарбасын Алмаз мырза алып баратыптыр. Бирок мени өкүндүрүп атканы – комиссиянын ичине коомдук уюмдардан, же парламентаризм боюнча иштеген эгемендүү эксперттер кирбей калышы. Толук кандуу иштеп кеткенине бүт жардамыбызды беребиз жана этикалык кодекс сөзсүз түрдө иштеш керек жана бюджети ачык болуш керек.

Ак үйдө кандай кеңселер бар, бюджет кандай болуп атат жана кандай процедуралар болот дегендин баарын тең сайтта ар бир жаран маалымат алып тургандай шарт түзүп бериш керек. Этикалык жакты караш керек, анткени бул финансы, техникалык гана жагы эмес, моралдык жагы бүгүнкү күндө кыргызстандыктар үчүн аябай баалуу жана кызыктуу.

Унаадан баш тартуу оңой эмес

“Азаттык”: Моралдык жагы демекчи, азыр бир топ депутаттык артыкчылыктарга көп сугулбай эл үчүн кызмат кылыш керек деген демилгени айтып, маалымат каражаттарында көп билдирүүлөрдү жасашты. Алардын бири унаадан, батирден баш тартуу маселесин айтып атышат. Эми парламенттин реалдуу жашоосу башталды. Унаасыз, батирсиз депутат эл үчүн кызмат кылалабы?

Анвар Артыков: Унаа да керек, бүгүнкү ар бир депутатта жеке менчик болбосун. Батир боюнча, мүмкүн айылдардан, райондон келгендер бар. Эгер буларды убактылуу батир менен камыз кылбаса, анда мейманканада жатыш керек. Мейманканада жатканда акысын деле өкмөт төлөп бериш керек да, ал өтө кымбатка турат. Ошондуктан мен ойлойм, реалдуу, депутаттын иштешине тоскоол болбой турган шарт түзүп беришибиз керек. Ал кечинде барып эс ала турган жери болуш керек, эртең менен келип кабинетте иштей турган жайы болуш керек, залда отура турган жери болуш керек, документтерди окуп жаза турган компьютерлери болуш керек. Мен ойлойм, булар эч кандай артыкчылыкка кирбейт.

Ал эми айлык маселесине келсек, стандарт боюнча айлыктары берилиш керек. Айрыкча чет өлкөгө сапарлар көзөмөлдө болуш керек. Майрамдарды өткөрүп, кошумча премия алгандар көбөйүп кеткен, же башка жолдор менен, мен билем мурунку парламенттерде 19 гектар жер алып, ар бир депутатка 2 жарым доллардан төлөтүп коюптур, 150 миң долларлык батир там салып беребиз деген. Мына ошолор артыкчылык. Калган керектүү нерселердин бардыгы болуш керек.
Алмазбек Кожомкулов

“Азаттык”: Алмаз мырза, ушул депутат эл үчүн натыйжалуу иштеш үчүн зарыл элементтер деп эсептеп атабыз. Ошолордун сакталышын бир кыйырдан экинчи кыйырга кетпеш үчүн кандай механизм болуш керек? Сиздерде кандайдыр бир механизм барбы, же кайсы мыйзамдын жетегинде иштеп атасыздар?

Алмазбек Кожомкулов: Биринчиден, механизм бар. Бүгүн биз биринчи жылы эле иштеген жокпуз. Иш башкармалык ар бир чакырылыштын депутаттарын камсыздоо боюнча иш алып барып келген. Бизде механизм да, систембыз да бар, тажырыйбабыз да бар.

Мен моралдык, же саясий жактан мамлекеттик кызматчымын, баа берип айта албайм. Бирок бешинчи чакырылыштын депутаттарын камсыздоо боюнча бир топ даярдыктарды көрдүк. Унаа боюнча болобу, батир боюнча болобу, жеңилдиктер, же артыкчылыктар болобу, анын баарын палата Жогорку Кеңештин жыйынында өздөрү чечет. Жогорку Кеңеш палатада кандай чечим, кандай регламент кабыл алып берсе, биз ошого жараша иш алып барышыбыз керек. Анан чыккан мыйзамды аткарышыбыз керек. Бүгүнкү күндө унаа боюнча көптөгөн сөздөр айтылып атат.

Шарттар мыкты, талап жогору

“Азаттык”: Сөзүңүзгө аралжы, мисалы, мурдагы парламентте 90 унаа жөнүндө көбүрөк жазылып, айтылып атат. Ошолор эмне болду? Кийинки парламент депутаттарына өткөрүлүп берилеби, же жаңы унаа сатып алдыңарбы?

Алмазбек Кожомкулов: Жаңы унаа акыркы жолу Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышына сатылып алыныптыр. “Тайота Камри” деген кымбат 75 унаа алыныптыр. Калган депутаттар “Эсперо”, “Волга” менен камсыз болуптур. 7-8-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн чечими менен бир топ унаалар убактылуу пайдаланганга башка министрлик, агенттик, бийлик бутактарына берилген. Бүгүнкү күндө мен администрациянын жетекчилигине кайрылып, унааларды депутаттар шайлангандан кийин камсыздоо боюнча токтом чыгарып берди. Азыр убактылуу пайдаланганга берилген унаалдарды кайра алып атабыз.

Жогорку Кеңеш кандай чечим кабыл албасын биз даярдап турушубуз керек, гаражыбыз бар. Бизде шаарда ушул жылдын башында 30 батирлүү үй колдонууга берилиптир, 19 экс-депутат жашап аткан экен. Мыйзамга ылайык, №1 декретке жана БШКнын токтомуна ылайык мен “бошотуп беришиңер керек, биз үйдү оңдоп-түзөп даярдашыбыз керек” деп кат жөнөттүм. Бир топтору чыгып кеткен ошондо эле. Дагы бир тобу №1 декретти, БШКнын токтомун тааныбайбыз деп чыгышты. Биз сотко кайрылганга аргасыз болдук. Бүгүнкү күндө сот аркылуу жашап аткан үйлөрдөн экс-депутаттардын дээрлик баары чыгарылды.

“Азаттык”: Анвар мырза, көп учурда батир деген маселе өтө эле кыйынчылыктарды туудурган маселелердин бири болуп калып атат. Ушуларды болтурбаш үчүн, мисалы, азыркы парламент кандай оптималдуу жолун табалат?
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тууган-уруктары, ар бири кеңешчимин деп наам алганы да бирден унаа минип, чапкылап жүрүшөт.


Анвар Артыков: Бул маселени легендарлуу парламентте иштеп жүргөндө мен бюджеттик комитеттин төрагасы болуп жүргөм, ошол маалда көтөргөнбүз. Бюджеттен 40 миллион акча таап деле бергенбиз. Депутаттарга өзүнчө 90 батирлүү кызматтык үй салып, өзүнүн короосу менен 2-3 унаасы менен, бүт жасалгасы менен деп сүйлөшкөнбүз, депутат мөөнөтү аяктаганда бардыгын тапшырып кетет деген ой менен. Анан бул коррупциялык схемага айланып кетпедиби, батирди сатып алып, депутаттар өздөрү табат, 15 миңге сүйлөшсө, 25 миңге сүйлөштүк деп жазып, 10 миңин чөнтөккө урат. Бир жылдан кийин бул батир жарабайт экен деп башкага алмаштырат. Батир маселесине коррупция аралашып кеткен. Талап боюнча ар бир депутат келгенде кызматтык батирге кириш керек да, мандаты бүткөн күнү бошотуп чыгып кетиш керек. Ошондой акыбалда коррупцияга жол берилбейт.

Төлөйкан Исмаилова: Ушул жерден биз үнүбүздү кошуп коелу. Анвар мырза аябай жакшы айтты. Бирок ошондо да парламентарийлердин колунан анча жакшы келалбай калат. Анткени мырза Артыковдой этикалык нормаларды билген жана ошону жактаган адамдар аз болуп атат. Парламент бул коомдук институт. Экинчи жактан, бул – пропорционалдык система менен келген парламент. Үчүнчү жактан, биринчи кадамдан баштап мырза Алмазга иш жетекчиси катары кол суналы, анткени көзөмөлдөө болуш керек.

Көзөмөлсүз кеңешчилер

“Азаттык”: Батирлердин маселеси боюнча тажрыйбалуу укук коргоочу катары дагы кандай жолун айтасыз?

Төлөйкан Исмаилова: Биз чет мамлекеттерден мурунку премьерди, же мурунку президенттерди көчөдөн кезиктирип сүйлөшкөн күндөр да болгон. Же болбосо Венага барганда биздин укук коргоочулар премьер-министр аялы менен жөө келатканын көрдүк, ошондо “мына, биздин премьерибиз кетип баратат” деп суктанышат адамдар. Анткени бул аябай моралдык жагынан эң бир бийктикте турган адам, бул ушунчалык таза адам. Ушундай адамдар биздин Кыргызстанда да бар. Ыйык Кыргызстан үчүн, келечек үчүн иштебесе өздөрү кетип эле калыш керек бул парламенттен.

Төлөйкан Исмаилова
“Азаттык”:
Анвар мырза, чынында азыркы парламент өзгөчө учурда бийликке келип атат. Апрель, июнь окуяларынан кийин мамлекет каржылык жактан өтө көп жабыркап калды. Ушундай шартта азыркы парламент кантип үнөмдөп, Кыргызстандын экономикасына салымын кошо алат? Ушунун кандай жолдору бар?

Анвар Артыков: Кыргызстанда үнөмдөө маселесин жакшы көзөмөлгө алуу үчүн парламент иш баштай электе эле булар унаадан, батирден баш тартыш керек деген маселени токтотуш керек да, депутаттарды стандарттуу камсыз кылып, алар өзүнүн көзөмөл милдетин аткарыш керек.

Бүгүнкү күндө алты айдан бери Убактылуу өкмөттүн каражаты боюнча бизде эч кандай маалымат жок. Мыйзам боюнча үч эле киши мамлекеттин эсебинен жан коргоочу менен жүргөнгө укугу бар. Андай кишилердин саны 15-20 болуп кетти. Ар биринин жанында 8-10дон жан коргоочусу жүрөт. Буларга айлык төлөнүп атат. Алар 25 литр кетирген унаа менен жүрөт. Сөзсүз эле депутаттын эсебинен үнөмдөбөш керек, депутатка деле артыкчылыктын кереги жок. 100 унааны ким минип жүрөт? Ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тууган-уруктары, ар бири кеңешчимин деп наам алганы да бирден унаа минип, чапкылап жүрүшөт. Ошолорго көңүл бурушубуз керек.

Алмазбек Кожомкулов: Анвар байке айтып кетпедиби, унааларды кээ бирөө туура эмес пайдаланып атат деп. Кийин депутаттар келип сөзсүз ушундай суроо коет, Жогорку Кеңештин унаалары кайсы жакка, кимдин чечими менен берилди деп. Бул жерде Убактылуу өкмөттүн буйругу менен берилди, берилгенде да конкреттүү кайсы жерге, министргеби, же орун басарынабы, же кызматкеринеби, конкреттүү аты айтылып, жазылып, конкреттүү түрдө берилди. Муну биз Жогорку Кеңеш келип сураганда отчет бергенге даярбыз.

“Азаттык”: Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кеткен унаалар жок деп ишенимдүү айта аласызбы?

Алмазбек Кожомкулов: Бүгүнкү күндө андай факты жок. Колубуздан келишинче көзөмөлдөп атабыз. Туугандары да айдап кетиши мүмкүн, мен Анвар байкенин сөзүн такыр жок деп айта албайм. Бирок ал унаалар кайсы мамлекеттик органына берилгени боюнча так документтер бар.

Төлөйкан Исмаилова: Туугандарын албай, сынак менен адистерди алыш керек.

Анвар Артыков: Биз миң сом үнөмдөйбүз деп отуруп алып, тиги жактан миллиардды уурдатып койбошубуз керек.

Мурдагы парламентке өтө көп артыкчылыктар берилген.
“Азаттык”: Ошол эле мезгилде сиз мүчө болгон “Ар-намыс” партиясынын жетекчилиги зарыл болсо батирден, унаадан баш тарканга даярбыз деп атат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Анвар Артыков: Мен жеке адам катары айтайын, мага мисалы батирдин кереги жок, мен Бишкекте жашайм. Мен башкалардын проблемасын ойлоп атам. Батири жок киши бул жерде кантип иштейт? Унаа да керек.

“Азаттык”: Сиз ар бир депутатка болушу зарыл деп эсептейсизби?

Анвар Артыков: Мен андай деп эсептебейм.

“Азаттык”: Атаандаштык деген бар да. Баарынын макамы бирдей, ошондой шартта ар бирин камсыздоо зарыл болот. Ошол эле мезгилде кээ бир аткаминерлер айтып атат, унаанын эсебинен да үнөмдөсө болот. Мисалы, бир жылдын ичинде эле бир унааны кармаганга 240 миң сом керек деген божомолду айтып чыгышты.

Анвар Артыков: Мен буга чейин 10 жыл депутат болуп иштегем. Ар кандай тажрыйбадан өткөнбүз. Экиден депутатка бир унаа болгон маал болгон, же болбосо такыр эле иш унаасы жок “разгонный” унаа болгон. Чакырып алып керектүү убакта жүрүп келесиң. Ар бир депутаттын каражаты лимитке ылайык болуш керек. Мисалы, телефондон 100 сомдук сүйлөшүп бүттүңбү, лимитиң бүттүбү, андан артык сүйлөшө албайсың.

Төлөйкан Исмаилова: Лимит аябай жакшы нерсе. Бирок ошол лимитке карата ар бир депутаттын иши кандай, кайсы зарылчылык болду, мисалы, 1-2 ай мурун коомчулук пландарын билишибиз керек. Ошондо биз көзөмөлдөй алабыз. Анткени расмий эмес полигамия, өзүнүн конок, той-топур, тигиндей-мындай дегенди токтотуш керек.

Макамдын да жоопкерчилиги бар

“Азаттык”: Алмаз мырза, ушундай шартта силер кандай иштеп атасыңар, бюджет кандай, аны кантип бөлүштүрүп атасыңар?

Алмазбек Кожомкулов: Өзүңөр билесиңер, бюджетти өкмөт Жогорку Кеңешке алып келет. Анан Жогорку Кеңеш бүт талдап, кайсы министрликке, кайсы жерге канча керегин бөлүп туруп, анан президент кол койгондон кийин ошол акчаны пайдалана баштайт. Жогорку Кеңеш №1 декрет менен таралгандыктан, биздин иш башкармалыкка бөлүнгөн акчанын көбүн кесип таштаган. Кеңешип иш кылып, биз бүгүнкү күндө парламентке 46 миллиондон ашык акчаны үнөмдөдүк, бюджеттен кесип салгандан тышкары.

“Азаттык”: Анвар мырза, азыр депутаттардын иштешине шарт түзүү маселесинин айланасында талкуулар жүрүп атат. Алардын бири депутаттардын макамы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек, анан регламентти даярдап алыш керек. Ал депутаттар өздөрүн өздөрү камсыздоо үчүн эмес, элге кызмат кыла турган депутаттын шартын түзүш керек деп атат. Сизде кандай сунуш бар? Депутаттын макамы жөнүндө мыйзамга кандай өзгөртүү кирсе деп ойлойсуз?
Президенттин иш башкармалыгы, Жогорку Кеңеш отурчу Ак үйдү ремонттоп, оңдоп-түзөө иштерин алып барып, бүгүнкү күндө даярдашты.


Анвар Артыков: Депутат дегендин өзү эле чоң статус. Биринчиден, ага кошумча статус жөнүндө мыйзамдын күчөткөн варианттын кереги деле жок. Экинчиден, депутат өзүнүн абийрине баш ийиш керек. Төлөйкан айым айтып атпайбы, этикага баш ийиш керек деп. Моралдык жактан, мамлекет берген кандайдыр мүмкүнчүлүктөрдү жеке өзү үчүн пайдаланбаш керек.

Төлөйкан Исмаилова: Мен кошумчалап кетет элем. Кыргызстан алган эл аралык мыйзамдарды адам укугу жана өнүгүү процесстери боюнча жана Дүйнөлүк банк, Европалык банк, Азиялык банк сыяктуу өнүктүрүү финансылык институттар кандай иштеши боюнча биз кыргызстандыктар мурункулардан биле алган жокпуз. Ушунун баарын тең депутаттар көзөмөлгө алып жана депутат өзү да окуш керек. Анткени көп нерсени билбей калып, мурунку депутаттар да адам укугуна каршы көп мыйзамдарды кетиришкен. Ошондуктан бул жагынан мен легендардуу парламенттин депутатынан баштап келаткан Анвар мырзаны да, Алмаз мырзаны да эң негиздүү документтерди карап жана сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин регламентин да кайра караш керек деп айтат элем. Анткени ал жерде дискриминациялык элементтер бар жана дискриминациялык өнүгүү инструменттер менен иштешсе, биз ойлойбуз, бул эң жакшы парламент болот. Бирок оор болот аябай. Күндүр-түндүр иштеш керек болот. Сөзсүз түрдө депутаттардын, тайм-лайн деп коет, ай сайын, квартал сайын эмне жасайт, ошонун баарын көзөмөлгө алабыз биз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG