Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

ЕККУнун полициялык кеңешме тобуна каршы акция убактылуу токтотулду


ЕККУнун полициялык кеңешме тобуна каршы акция, 26-июль, 2010-жыл.
ЕККУнун полициялык кеңешме тобуна каршы акция, 26-июль, 2010-жыл.

Бир катар жаштар уюмдары ЕККУнун полициялык кеңешме тобун Кыргызстанга киргизүүнүн зарылдыгы жок деген пикирди карманып, нааразылык акцияларын өткөрүп келишкен. Эми алар бул акцияны убактылуу токтотуу чечимине келишти.

“Кыргыз эли тышкы күчтөрдү киргизүүгө каршы” жарандык кыймылынын өкүлдөрү ЕККУнун полициялык кеңешме тобун өлкөгө киргизбөө талабы менен чыгып келишет. Алар буга чейин үч ирээт нааразылык акциясын өткөрүшүп, өлкө жетекчилиги менен да бир катар жоолугушууларды өткөрүшкөн.
Уюмдун өкүлү Мавлян Аскарбеков 52 куралсыз полициячы Кыргызстанга келсе алардын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн деген ойдо.

- Өлкөдө акыркы бир нече айда чоң жаңжалдар болуп, көптөгөн атуулдар каза болушту. Мындай учурда биздин жарандардын коопсуздугун коргой албаган күч структуралары, 52 полициячыны кантип коргоого алат? Шамшыбек Мамыров алардын коопсуздугун сактайбыз деп айтып жатат. Өлкөдө Бакиевдин күчтөрү бар. "Хизбутчулардын" күчтөрү бар. Мамлекеттин ичинде бийлик талашкан топтор бар. Алар полициячыларга кол салышы мүмкүн.

35 уюмдан турган жаштардын кыймылы полициялык кеңешме тобунун Кыргызстанга киргизилишине каршы болушууда. Алар өз талаптарында ЕККУнун күч органдары кийгилишкен бир катар көз карандысыз өлкөлөрдө азыркыга чейин тынчтык орнобой, улуттар аралык араздашуулар, ошол эле мамлекеттердин ички маселелери чечилбей жатканын белгилешип, Косово, Палестина өлкөлөрүн мисалга тартышууда.

Мындай көз карашты “Азаттык” демократиялык партиясы, “Ар намыс”, “Бүтүн Кыргызстан”, Комунисттер партиялары да билдирип келишет.

Айрым талдоочулар эл аралык полиция кеңешчилер тобунун киргизилишин туура кабыл алышууда. Алардын баамында мындай кадам эл аралык коомчулуктун алдында ачык болууга шарт түзүп, Ош коогалаңынын чыныгы себептерин аныктайт.

Кыргызстандын Либералдар партиясынын башчысы Урмат Казакбаев ЕККУнун полициялык кеңешме тобунун келишин туура деп эсептейт.

- Учурда көптөгөн массалык маалымат каражаттары "Кыргызстанда геноцид болуп жатат" деп жазышууда. Мен аларды окуп уялып жатам. Менимче, ЕККУнун полициялык кеңешме тобу Кыргызстанга кирип, байкоо жүргүзүп, геноцид болгон эмес деген тыянак чыгарышса, эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстандын аброю көтөрүлмөк. Эмне себептен көп адамдар каршы чыгууда? Айрыкча күч органдары. Мүмкүн алар мыйзамга каршы иштерди жасашкандыр. Ошондуктан бул маселеде бир тараптуу жооп берүү оор.

“Кыргыз эли тышкы күчтөрдү киргизүүгө каршы” жарандык кыймылы 6-августта Жалал-Абад аймагында ЕККУнун полициялык кеңешме тобуна каршы митинг өткөрүүнү болжолдогон. "Бирок 5-августка белгиленген Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын курултайына байланыштуу биз акциябызды убактылуу токтотууну чечтик" дейт Гүлзат Бегалиева.

- Биз ЕККУнун куралсыз полициячыларынын келишине каршы акцияларды өткөрдүк. Эми алдыдагы бир жума аралыгында нааразылык иш-чараларын токтотууну чечтик. Себеби 5-августта курултай өтөрү кабарланууда. Мындай учурда башка күчтөр биздин жаштарды колдонуп кетиши мүмкүн. 6-августта Баткенде митинг өтөрү айтылууда. Бул нааразылык акцияларына биздин эч тиешебиз жок.

“Кыргыз эли тышкы күчтөрдү киргизүүгө каршы” жарандык кыймылы өз талаптарын коргоп акырына чейин турарын билдиришүүдө. Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, анда ЕККУнун полициялык кеңешме тобунун Кыргызстанда аткара турган иштеринин маани-маңызы бурмаланып, коомчулукта терс пикирди жаратуу аракеттери болуп жатканы көрсөтүлгөн.
XS
SM
MD
LG