Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Э.Байсалов: Эл ЕККУ полициясы боюнча маалыматтан аксап жатат


“Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов
“Айкөл эл” партиясынын төрагасы Эдил Байсалов

ЕККУнун полиция тобуна каршы бир нече митинг өттү. “Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов бул митингдер толук, так маалыматтын болбогонунан улам өтүп жатат деген пикирде.

- Сиз Ош, Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп келген экенсиз. Ал жерде карапайым калк ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизилишине кандай көз карашта болуп атышат?

Эдил Байсалов: Мен Жалал-Абад, Ош шаарларын, тегеректеги айыл, райондорун да кыдырып чыктым. Ал жерде гана эмес өзүбүздүн борбор калаабызда, жер-жерлерде элдин бардыгы толугу менен бурмаланган, туура эмес маалыматка ээ экен. Алардын ою боюнча четтен күчтөр келип эле полициялар биздин үйлөрүбүздү тинтип, бизди камап, элибизге, жерибизге кожоюн болот экен деген бурмаланган маалыматтар тарап кетиптир.

- Демек анда карапайым калкта полиция күчтөрүн киргизүү боюнча толук, так маалыматы жок экен да?

Эдил Байсалов: Карапайым калк эмей биздин белгилүү саясатчылар, жаш активисттер, журналисттер, коомдук ишмерлер да толук маалыматка ээ эмес. Ошондуктан Убактылуу өкмөт тарабынан тийиштүү, өз убагында, так маалыматты берүү боюнча аксап атат.

Бир жумадан бери ушул боюнча коомдо чоң тынчсыздануу, каршы аракеттер болуп атат. Ушул убакытка чейин Убактылуу өкмөттүн жетекчилери, ошол эле Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариевдер айтпады беле, Отунбаеваны биз таштай албайбыз, аягына чейин жоопкерчиликти өз башыбыз менен тартабыз деп. Бирок алар унчукпай отурушат. Бирок бул коллегиалдуу чечим болгондон кийин ошолордун чакыруусу боюнча жанагы топ келатат, бирок булар унчукпай отурушат.

- Ош шаардык кеңеши ЕККУнун полиция күчтөрүнүн киргизүүгө каршы чечим чыгарган экен. Бул президент Роза Отунбаеванын чечимине каршы келбейби?

Эдил Байсалов: Андай жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктарын так билсе. Анан билбей эле айыл, же шаардык кеңештер тышкы иштер чечимдери боюнча чечим кабыл калса анда кыргыз мамлекетинин иши бүттү. Ошондой толук кандуу маалыматка ээ болбостон, эл аралык байланыштарга, же коопсуздук
маселелер боюнча чечим кабыл алышы, бул албетте биздин Конституцияга да, мыйзамга да жатпайт. Кеңеш депутаттары өз ишин муниципалдык деңгээлде алып бара беришсин, мамлекеттүүлүк иши боюнча президенттин өз мамлекеттик укуктары бар.

Мэр Мелис Мырзакматов боюнча айтсак, бул киши кыйын учурдан пайдаланып, өзүн баатырга айландырып, бүгүн да уктук кеңеш депутаттары тарабынан Эл баатырлыгына көрсөтүлүптүр. Эмнеси баатыр? Миңдеген адам жабыркап жатса, өзү жетектеген шаар өзүнчө эле Сталинградга айланып өрттөлүп жатса, эмнеси баатыр? Кайрадан өз жоопкерчилигин билип, өз ыктыяры менен кызматтан кетиш керек эле. Эми уялбастан кайра баатыр кылып атат.
XS
SM
MD
LG