Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Ош: Абал туруктуу эмес, бирок көзөмөлдө


Коогалаң окуялардын себебин иликтөөчү мамлекеттик комиссия мүчөлөрү Оштун калкы менен жолугушууда
Коогалаң окуялардын себебин иликтөөчү мамлекеттик комиссия мүчөлөрү Оштун калкы менен жолугушууда

Ош шаарынын бийлиги ЕККУнун эл аралык полициялык кеңеш тобунун түштүккө киргизилишине каршы жаштар акциясын өткөрүүгө уруксат берген жок. Ошол эле учурда бир катар мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, карапайым жарандар кырдаал дале кооптуу бойдон калып жаткандыгын белгилешүүдө.

4-августта Ош шаарындагы борбордук аянтка жана Кыргыз улуттук драма театрынын алдына боз үйлөр тигилди. Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган «Ак кызмат» жаштар кыймылынын лидери Сонунбек Жунусбаевдин айтымында, алар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун эл аралык полициялык кеңеш тобунун түштүккө киргизилишине каршы мөөнөтсүз акциясын дал ошол боз үйлөрдүн ичинде башташмак.

Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов
Бирок калаадагы комендатура өкүлдөрү боз үйдү кайра чечтирип, нааразылык митингге уруксат беришкен жок. Шаардын коменданты Курсант Асанов акциячы жаштарга күч колдонулбагандыгын, өзгөчө кырдаалдын шарты түшүндүрүлгөндөн кийин алар тарап кетишкендигин билдирди.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектеген июнь коогалаңынын чыгыш себептерин жана кесепеттерин иликтөөчү комиссия бир катар мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, андан тышкары жарандар менен жолугушту.

Бир эле мезгилде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана шаардын коменданты Курсант Асанов кырдаал дале кооптуу бойдон калып жаткандыгын ачыктады:

- Ушул тапта эки тарап тең чочулап турушат. Хизбутчулар, акромийлер, ошондой эле Өзбекстан Ислам Кыймылынын мүчөлөрү, дегиңкиси жалпы эле коңшу өлкө саясатына каршы күчтөр биздин жергебизде катуу даярданып жатышат. Ошону менен биргеликте, мисалы, Ош окуясынан кийин жүз-эки жүздөй жигит жаназасын окутуп коюп, кайра келебиз деген ниетте жумурияттан чыгып кетишкендиги жөнүндө кабарыбыз бар.

Полковник Курсант Асановдун айтышынча, ушундай шартта калаа милициясы мурдагыдай эле коргонуучу каражаттарга абдан муктаж.

Кушбак Тезекбаев
Ош облус губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Кушбак Тезекбаев ушул жылдын 13-майында аймактык бийликти басып алууну уюштурган Мамасадык Бакиров, Айтмамат Кадырбаев эмдигиче жоопко тартылбагандыгы калк арасында нааразылык жаратып жаткандыгын жар салды:

- Менден мурдагы биринчи орун басар Айтмамат Кадырбаев, агездеги губернатор Мамасадык Бакиров азыр дагы көчөдө ээн-эркин тайраңдап жүрүшөт. Булар убагында облустук мамлекеттик акимчиликти басып алышпады беле. Экөөнүн тең үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө бүткөлү калган. Мына, алар эртеге дагы көнгөн адатын карматкалы турушат. Ушул өңдөнгөндөрдү убагында кармап, катуу жазалаганда, башкаларга сабак болмок. Эми минтип ачык эле эртең дагы бийликти басып алабыз деп жатышат.

Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынын тургуну Хумира Салижанова аскер кийимчен бейтааныш адамдар аларды эки күндүн биринде коркутуп-үркүтүп жаткандыгын маалымдады:

- Кечкурун төрт жигит коңшу аялдын үйүнө кирип, коркутуп-үркүтүшкөн. Жердештерим комендатурага чалганда гана качып кетишиптир. Шашылып атышканда чөнтөк телефондору калган экен. Аны комендантка тапшырганбыз. “Телефонду кайтарбасаңар, көргүлүктү көрсөтөбүз!” деп жатышыптыр. Ошентип таң аткыча уктаган жокпуз. Бала-чакабыз, айрыкча күч билектер болочогун ойлоп Орусияга кетип калышты. Биз эми кимдерге сүйөнөбүз?

Бакыт Алымбеков
Ош аймагынын коменданты Бакыт Алымбеков абал туруктуу эместигин ырастады, ошентсе да, шаар-райондор өкмөттүн толук көзөмөлүндө.

- Айрым адамдар бүгүн деле ошондой максат менен жүрүшөт. Албетте, коркунуч бар. Бул туурасында укук коргоо органдары, айрыкча күч түзүмдөрү тынбастан иштеп жатышат. Чынында, бул жеке эле улуттук коопсуздук кызматынын же милициянын иши эмес. Коркунучка каршы жапатырмак күрөшсөк, кыйынчылыкты жеңебиз деген ойдомун, - деген Бакыт Алымбековдун сөзүнө караганда, жарандардын кооптонуусун басаңдатуу максатында ыкчам штаб күнү-түнү иштеп жатат.

Жергиликтүү серепчилердин пикиринче, жер-жерлердеги формалдуу элдешүүлөр үзүрүн берээри күмөн. Ошондуктан, анын ордуна массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин күчөтүп, ар кандай мыйзамсыз жоруктарды убагында жана аеосуз ашкерелөө зарыл.
XS
SM
MD
LG